14-ноябрь күнү Талас районунун Долоно айыл өкмөтүнө караштуу Орто-Арык айылында 26 жаштагы келиндин жансыз денеси табылды. Кылмышка шектелип аталган айылдын 3 тургуну кармалган. Жакындары келиндин артында 2 баласы калганын айтып ыйлашса, шектүүлөрдү тааныгандар “алар мындайга бара турган жигиттер эмес болчу” дешет.
“КЕЛИНДИН СӨӨГҮ ТОО ЭТЕГИНДЕГИ САРАЙДАН ТАБЫЛДЫ”
Талас ОИИББинин маалымат кызматы кылмышка шектелип 3 жаран кармалганын билдирди.
– 14-ноябрь күнү Талас РИИБине Талас районуна караштуу Орто-Арык айылындагы Кудук аттуу тоонун этегиндеги сарайдан адамдын жансыз денеси табылгандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн. Окуя болгон жерге ыкчам тергөө тобу барып, маркум 1993-жылы туулган В.А. аттуу келин экенин аныктаган. Алдын ала кароодо келиндин денесинде кыйноо белгилери болгон. Ал Көк-Кашат айылынын тургуну экени маалым болду. Аталган факты кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, “адам өлтүрүү” беренеси менен кылмыш иши козголду.
Талас РИИБинин кызматкерлеринин ыкчам иш алып баруусунда кылмышка шектүү деп Талас районунун 3 жараны кармалды. Алар 1994-жылы туулган А.Б.у., Э.Т. жана 1999-жылы туулган С.К. Алар Орто-Арык айылынын тургундары экени аныкталып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Келин кандай жагдайда каза болгонун тактоо максатында соттук-медициналык экспертизалар дайындалды. Азыркы учурда сотко чейинки өндүрүш иштери жүрүп жатат.
“АЛ АЙЫЛГА ЭМНЕГЕ БАРГАНЫ БЕЛГИСИЗ”
Маркумдун жакындарынын бири аны акыркы жолу 10 күн мурун көргөнүн, Орто-Арык айылына эмне үчүн барганын билбей турганын айтты. Келиндин жакыны атын атабоону суранып, буларды айтып берди:
– В.А. жоош, эч кимге зыяны жок кыз болчу. Артында 2 кызы калды, бири 7, экинчиси 6 жашта.
Өзү Талас шаарында турчу. Кыздары менен жумушка жакын деп таякесинин үйүндө жашачу. 1 жарым жылдан бери сулуулук салонун ачып, ошону иштетип келе жаткан. Жолдошу экөөнүн пикири келишпей 2 жылдан бери чогуу жашашчу эмес. Көп сүйлөбөгөн, түнт кыз болчу. Ал Талас шаарында, биз айылда турган үчүн көп деле көрүшчү эмеспиз. Акыркы жолу 10 күн мурда көргөм. Жакыныраак жеңелеринин бири “аны 2 күн мурун көргөм” деп кыздарын көргөн сайын ыйлап жатат. Азыр кыздары таята-таенесинин колунда калды. Өзү 4 бир туугандын экинчиси болчу.
Сөөк табылган күндүн эртеси биз барганга чейин экспертиза дайындайбыз деп өлүкканага алып кетишиптир. 16-ноябрь күнү жерге бердик. Азыр биз да ошол экспертизанын жыйынтыгын күтүп жатабыз.
“ШЕКТЕЛИП КАРМАЛГАНДАР ҮЛГҮЛҮҮ ЭЛЕ БҮЛӨЛӨРДӨН”
Шектүүлөрдүн жакындары биздин суроолорубузга жооп берүүдөн баш тартышты. Орто-Арык айылы Долоно айыл өкмөтүнө караштуу болгондуктан, аталган айыл өкмөтүнүн башчысы менен байланыштык. Ал шектелип кармалгандар үлгүлүү эле үй-бүлөлөрдөн деп билдирди.
– Окуя кандайча болгону тууралуу толук маалыматыбыз жок. Негизи балдар жакшы эле, үлгүлүү үй-бүлөнүн балдары. Кылмышка шектелип кармалган жигиттердин бири эчак үйлөнгөн, эки балалуу. Келинчеги, балдары жана ата-энеси менен айылда эле турушчу. Берки экөө айылда ата-эне, агаларына жардам берип тиричилик менен алек болуп жүрүшчү.
Аларды кимдир бирөөнү өлтүрөт же ушундай окуя болуп кетет деп эч ким ойлобойт. Көчө таптап жүргөн балдар болсо таң калмак эмеспиз, бирок булар үй-бүлө багып, ар кимиси өз оокатын кылып, ата-энелерине жардамдашып эле жүрүшкөн. Жүрүм-турумдары деле жакшы, үлгүлүү, тарбиялуу эле балдар болчу. Эмне айтарымды деле билбейм, 1999-жылкы бала айылда байкесинин үйүн салганга жардам берип жүргөн. Келин өзү айылдаш бир жигит менен келген экен деп жатышат. Балким, алар жоро-жолдош болушу да мүмкүн. Укук коргоо органдары ишти иликтеп бүтмөйүнчө алдын ала эч нерсе дей албайт экенбиз. Тергөөнүн жыйынтыгын күтүп жатабыз.
Бизге шектүүлөрдүн биринин агасы укук коргоо органдарында иштейт деген маалымат жеткен. Бул маалыматтын аныктыгын билүү максатында шектүүлөрдүн биринин укук коргоо органында иштейт делген агасы менен байланыштык. Ал окуя боюнча экспертизанын жыйынтыгы чыкмайынча комментарий бербей турганын айтып, "мени укук коргоо кызматында иштейт деген маалымат жалган" деп билдирди. Ал эми Талас ОИИББинин маалымат кызматы бул суроого жооп берген жок, маалыматты тастыктаган да, четке каккан да жок.
Айпери Хожаева
koom@super.kg