Архив
897   898  
844   845   846   847   848   849   850   851   852   853   854   855   856   857   858   859   860   861   862   863   864   865   866   867   868   869   870   871   872   873   874   875   876   877   878   879   880   881   882   883   884   885   886   887   888   889   890   891   892   893   894   895   896  
792   793   794   795   796   797   798   799   800   801   802   803   804   805   806   807   808   809   810   811   812   813   814   815   816   817   818   819   820   821   822   823   824   825   826   827   828   829   830   831   832   833   834   835   836   837   838   839   840   841   842   843  
740   741   742   743   744   745   746   747   748   749   750   751   752   753   754   755   756   757   758   759   760   761   762   763   764   765   766   767   768   769   770   771   772   773   774   775   776   777   778   779   780   781   782   783   784   785   786   787   788   789   790   791  
687   688   689   690   691   692   693   694   695   696   697   698   699   700   701   702   703   704   705   706   707   708   709   710   711   712   713   714   715   716   717   718   719   720   721   722   723   724   725   726   727   728   729   730   731   732   733   734   735   736   737   738   739  
635   636   637   638   639   640   641   642   643   644   645   646   647   648   649   650   651   652   653   654   655   656   657   658   659   660   661   662   663   664   665   666   667   668   669   670   671   672   673   674   675   676   677   678   679   680   681   682   683   684   685   686  
583   584   585   586   587   588   589   590   591   592   593   594   595   596   597   598   599   600   601   602   603   604   605   606   607   608   609   610   611   612   613   614   615   616   617   618   619   620   621   622   623   624   625   626   627   628   629   630   631   632   633   634  
531   532   533   534   535   536   537   538   539   540   541   542   543   544   545   546   547   548   549   550   551   552   553   554   555   556   557   558   559   560   561   562   563   564   565   566   567   568   569   570   571   572   573   574   575   576   577   578   579   580   581   582  
479   480   481   482   483   484   485   486   487   488   489   490   491   492   493   494   495   496   497   498   499   500   501   502   503   504   505   506   507   508   509   510   511   512   513   514   515   516   517   518   519   520   521   522   523   524   525   526   527   528   529   530  
427   428   429   430   431   432   433   434   435   436   437   438   439   440   441   442   443   444   445   446   447   448   449   450   451   452   453   454   455   456   457   458   459   460   461   462   463   464   465   466   467   468   469   470   471   472   473   474   475   476   477   478  
374   375   376   377   378   379   380   381   382   383   384   385   386   387   388   389   390   391   392   393   394   395   396   397   398   399   400   401   402   403   404   405   406   407   408   409   410   411   412   413   414   415   416   417   418   419   420   421   422   423   424   425   426  
322   323   324   325   326   327   328   329   330   331   332   333   334   335   336   337   338   339   340   341   342   343   344   345   346   347   348   349   350   351   352   353   354   355   356   357   358   359   360   361   362   363   364   365   366   367   368   369   370   371   372   373  
264   265   266   267   268   269   270   271   272   273   274   275   276   277   278   279   280   281   282   283   284   285   286   287   288   289   290   291   292   293   294   295   296   297   298   299   300   301   302   303   304   305   306   307   308   309   310   311   312   313   314   315   316   317   318   319   320   321  
217   218   219   220   221   222   223   224   225   226   227   228   229   230   231   232   233   234   235   236   237   238   239   240   241   242   243   244   245   246   247   248   249   250   251   252   253   254   255   256   257   258   259   260   261   262   263  
176   180   181   182   183   184   185   186   187   188   189   190   191   192   193   194   195   196   197   198   199   200   201   202   203   204   205   206   207   208   209   210   211   212   213   214   215   216  
Популярдуу макалалар

ТАЛАСТА 26 ЖАШТАГЫ КЕЛИНДИ ӨЛТҮРҮП, САРАЙГА ТАШТАП КЕТИШКЕН

№890 21-21-ноябрь, 2019-жыл


14-ноябрь күнү Талас районунун Долоно айыл өкмөтүнө караштуу Орто-Арык айылында 26 жаштагы келиндин жансыз денеси табылды. Кылмышка шектелип аталган айылдын 3 тургуну кармалган. Жакындары келиндин артында 2 баласы калганын айтып ыйлашса, шектүүлөрдү тааныгандар “алар мындайга бара турган жигиттер эмес болчу” дешет.

“КЕЛИНДИН СӨӨГҮ ТОО ЭТЕГИНДЕГИ САРАЙДАН ТАБЫЛДЫ”

Талас ОИИББинин маалымат кызматы кылмышка шектелип 3 жаран кармалганын билдирди.

– 14-ноябрь күнү Талас РИИБине Талас районуна караштуу Орто-Арык айылындагы Кудук аттуу тоонун этегиндеги сарайдан адамдын жансыз денеси табылгандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн. Окуя болгон жерге ыкчам тергөө тобу барып, маркум 1993-жылы туулган В.А. аттуу келин экенин аныктаган. Алдын ала кароодо келиндин денесинде кыйноо белгилери болгон. Ал Көк-Кашат айылынын тургуну экени маалым болду. Аталган факты кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, “адам өлтүрүү” беренеси менен кылмыш иши козголду.

Талас РИИБинин кызматкерлеринин ыкчам иш алып баруусунда кылмышка шектүү деп Талас районунун 3 жараны кармалды. Алар 1994-жылы туулган А.Б.у., Э.Т. жана 1999-жылы туулган С.К. Алар Орто-Арык айылынын тургундары экени аныкталып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Келин кандай жагдайда каза болгонун тактоо максатында соттук-медициналык экспертизалар дайындалды. Азыркы учурда сотко чейинки өндүрүш иштери жүрүп жатат.

“АЛ АЙЫЛГА ЭМНЕГЕ БАРГАНЫ БЕЛГИСИЗ”

Маркумдун жакындарынын бири аны акыркы жолу 10 күн мурун көргөнүн, Орто-Арык айылына эмне үчүн барганын билбей турганын айтты. Келиндин жакыны атын атабоону суранып, буларды айтып берди:

– В.А. жоош, эч кимге зыяны жок кыз болчу. Артында 2 кызы калды, бири 7, экинчиси 6 жашта.

Өзү Талас шаарында турчу. Кыздары менен жумушка жакын деп таякесинин үйүндө жашачу. 1 жарым жылдан бери сулуулук салонун ачып, ошону иштетип келе жаткан. Жолдошу экөөнүн пикири келишпей 2 жылдан бери чогуу жашашчу эмес. Көп сүйлөбөгөн, түнт кыз болчу. Ал Талас шаарында, биз айылда турган үчүн көп деле көрүшчү эмеспиз. Акыркы жолу 10 күн мурда көргөм. Жакыныраак жеңелеринин бири “аны 2 күн мурун көргөм” деп кыздарын көргөн сайын ыйлап жатат. Азыр кыздары таята-таенесинин колунда калды. Өзү 4 бир туугандын экинчиси болчу.

Сөөк табылган күндүн эртеси биз барганга чейин экспертиза дайындайбыз деп өлүкканага алып кетишиптир. 16-ноябрь күнү жерге бердик. Азыр биз да ошол экспертизанын жыйынтыгын күтүп жатабыз.

“ШЕКТЕЛИП КАРМАЛГАНДАР ҮЛГҮЛҮҮ ЭЛЕ БҮЛӨЛӨРДӨН”

Шектүүлөрдүн жакындары биздин суроолорубузга жооп берүүдөн баш тартышты. Орто-Арык айылы Долоно айыл өкмөтүнө караштуу болгондуктан, аталган айыл өкмөтүнүн башчысы менен байланыштык. Ал шектелип кармалгандар үлгүлүү эле үй-бүлөлөрдөн деп билдирди.

– Окуя кандайча болгону тууралуу толук маалыматыбыз жок. Негизи балдар жакшы эле, үлгүлүү үй-бүлөнүн балдары. Кылмышка шектелип кармалган жигиттердин бири эчак үйлөнгөн, эки балалуу. Келинчеги, балдары жана ата-энеси менен айылда эле турушчу. Берки экөө айылда ата-эне, агаларына жардам берип тиричилик менен алек болуп жүрүшчү.

Аларды кимдир бирөөнү өлтүрөт же ушундай окуя болуп кетет деп эч ким ойлобойт. Көчө таптап жүргөн балдар болсо таң калмак эмеспиз, бирок булар үй-бүлө багып, ар кимиси өз оокатын кылып, ата-энелерине жардамдашып эле жүрүшкөн. Жүрүм-турумдары деле жакшы, үлгүлүү, тарбиялуу эле балдар болчу. Эмне айтарымды деле билбейм, 1999-жылкы бала айылда байкесинин үйүн салганга жардам берип жүргөн. Келин өзү айылдаш бир жигит менен келген экен деп жатышат. Балким, алар жоро-жолдош болушу да мүмкүн. Укук коргоо органдары ишти иликтеп бүтмөйүнчө алдын ала эч нерсе дей албайт экенбиз. Тергөөнүн жыйынтыгын күтүп жатабыз.

Бизге шектүүлөрдүн биринин агасы укук коргоо органдарында иштейт деген маалымат жеткен. Бул маалыматтын аныктыгын билүү максатында шектүүлөрдүн биринин укук коргоо органында иштейт делген агасы менен байланыштык. Ал окуя боюнча экспертизанын жыйынтыгы чыкмайынча комментарий бербей турганын айтып, "мени укук коргоо кызматында иштейт деген маалымат жалган" деп билдирди. Ал эми Талас ОИИББинин маалымат кызматы бул суроого жооп берген жок, маалыматты тастыктаган да, четке каккан да жок.

Айпери Хожаева
koom@super.kg



Таласта келиндин жансыз денеси тоодогу сарайдан табылды

Автор: Гүлшат Ысамамат кызы
Оператор: Батырбек Зарлыков

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(10)
25.11.2019. 09:02 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
282
Катталган:
18-09-2018
Соӊку аракети:
21-01-2020 00:11
Жынысы:
Белгисиз
+12
Баары эле улгулуу болуп чыга келишет. Байкуш келиндин убалы кимге?? Бироосу алдап апаргандыр да ошо жака,машинеге салып алып. Алам,суйом,куйом деп
25.11.2019. 09:10 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
282
Катталган:
18-09-2018
Соӊку аракети:
21-01-2020 00:11
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кудай сактасын мындай окуядан . Ээ,кагылайын Кудай озун сактай кор,Кудук деген жерде бала чагым отту эле.
26.11.2019. 19:26 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
209
Катталган:
04-10-2011
Соӊку аракети:
21-01-2020 03:00
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек
+2
katerina.li, ошондуктан ыйман керек баарыбызга, анан ар нерселерди айта бербей
25.11.2019. 10:40 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
3
Катталган:
02-06-2019
Соӊку аракети:
21-01-2020 07:02
Жынысы:
Белгисиз
+6
Жакындары озунор да териштирип чыккыла да анда. Милицияларга деле ишениш жок азыр, куноосуз бироону эптеп мойнуна алдырып турмого тыгып коюшат.
janym_balam түзөттү 2019-11-25 10:41:39
25.11.2019. 11:59 
Тайпасы:
Конок
Комментарийлердин саны:
Катталган:
25-10-2019
Соӊку аракети:
21-01-2020 00:13
Жынысы:
Белгисиз
+4
Келинди сураштырбайсынарбы алдын кандай жүргөн эмне болуп ал жака барып калды?
25.11.2019. 12:19 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
282
Катталган:
18-09-2018
Соӊку аракети:
21-01-2020 00:11
Жынысы:
Белгисиз
+1
Aiperi-17,ошо айылдан жакшы эле алыс жер ,ээн коктуда. Эмнеге барып калды болдукен байкуш неме
25.11.2019. 15:49 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
60
Катталган:
19-11-2015
Соӊку аракети:
21-01-2020 00:36
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
кыргызстан
+1
katerina.li,сен таластан болосунбу
25.11.2019. 15:52 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
282
Катталган:
18-09-2018
Соӊку аракети:
21-01-2020 00:11
Жынысы:
Белгисиз
0
mikana,ооба. Таластыкмын тубум
26.11.2019. 11:40 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
8
Катталган:
11-03-2014
Соӊку аракети:
20-01-2020 20:32
Жынысы:
Белгисиз
+12
Aiperi-17,сураштырганда эмне, мурун жаман жолдо жүрсө өлтүрсө боло берет бекен. Жаман жолдо жүрсө э өзү ушундай жаман жолдо жүргөн кыз экен эле өлгөнү жакшы болуптур дейбизби тооба. Жаман жолдо жүрөбү жакшы жолдобу бир адам 2 баланын энеси өлүп атат. Биз үчүн жаман жолдо болсо балдары учүн ыйык эне
27.11.2019. 09:51 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
2
Катталган:
28-02-2015
Соӊку аракети:
20-01-2020 14:39
Жынысы:
Белгисиз
+4
Баарынар эле эмнеге ал коктуга барып калган дейсинар да, олтургондон кийин алысырак ошол коктуга таштап кетиши да мумкун эл корбосун деп, кандай болсо да артында калган балдарына жалко.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул макаланы окуду:

Макалалардын саны:
23503;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Жибек Жолу проспектиси 381
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: