ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ 25-НОЯБРДАН 1-ДЕКАБРГА ЧЕЙИН



КОЙ (21.03-20.04)

Апта ичинде жагымдуу болуп чыга келип, элден комплименттерди угасыз. Ал эми жумушка келсек, тапшырылган иштерди ыкчам бүтүрүү үчүн далбастайсыз. Үйдө үй-бүлө мүчөлөрүнүн бири же тууганыңыз кыялын көрсөтүп жиниңизге тиет. Чырдашкандан пайда жок, андыктан анын айтканы менен болууга туура келет. Сүйүктүүңүзгө сюрприз жасап, кубанычын арттырыңыз.

БУКАЧАР (21.04-20.05)

Кайсы маселе боюнча чыр чыкпасын нейтралдуу тарапта болгон оң. Сиздин кыжырыңызга тийишсе да абайлап сүйлөңүз. Жакындарыңыздын ишине, окуусуна кызыгып, алардын маселесин угуңуз. Документтерге кол коюудан мурун тактап түшүнүп алуу керек. Болбосо бөөдө күйүп каласыз. Бир жакка акча которосуз же акча аласыз.


ЭГИЗДЕР (21.05-21.06)

Жаңы таанышкан адамыңыз жаңычылдыкты колдогон, көп маалыматты билген адам болуп чыгат. Бойдоктор өздөрүнө татыксыз адамга жан дүйнөсүн ачпай эле койгону оң. Кымбат буюмду үйдөгүлөр менен кеңешпей туруп алсаңыз, чыр чыгат. Жаштарды интернеттен акча табуу маселеси кызыктырып, жаңы маалыматтарды алып, план түзүшөт.


БӨЙӨН (22.06-22.07)

Каражатты керектүү гана иштерге ойлонуп жумшаңыз. Акчаңызды карызга эч кимге ишенип бербеңиз. Кайтарып алууңуз кийин кыйын болуп калат. Бир нерседен улам маанайыңыз түшсө ишти жыйыштырып, досторуңузга барыңыз, жеңилдеңиз жана энергия алыңыз. Сизге жакшылык каалаган адам өз жардамын сунушташы мүмкүн.


АРСТАН (23.07-23.08)

Күтүүсүз жерден саякаттоо же бир жакка барып келүү боюнча сунуш түшөт. Пайдалуу болгондуктан макул болгон оң. Маселелерди чечүүдө өз күчүңүзгө ишениңиз. Гардероб жаңыртам деп кийилбей калчу кийим алууга жетпеңиз. Бирөөлөр сиз тууралуу ушак айтып келет, анын баарына ишенүүнүн, нерв коротуунун, териштирүүнүн кажети жок.


БИЙКЕЧ (24.08-23.09)

Жашооңузга өзгөртүү киргизүү тууралуу олуттуу ойлонуңуз. Ишиңиз жакпаса же айлыгы аз болсо, мүмкүн, алмаштырасыз. Билимди өркүндөтүү боюнча курстарда окуунун да ылайыгы келип турат. Апта ортосунда чөйрөңүздөгү адамдардын бирине байланыштуу жагымсыз окуяга аралашасыз. Апта аягында алыстагы туугандарга жолугуп келүү үчүн жолго чыгасыз.


ТАРАЗА (24.09-23.10)

Балдар көзөмөлдөн чыгып, бир топ түйшүккө салат. Иште жардамдашам дегендер убадасына турбайт. Андыктан кеч калып иштөөгө туура келет. Чөйрөдөгүлөрдүн бири өзүнүн күнөөсүн сизге шылтагысы келет, жол бербөө керек. Сулуу, жагымдуу көрүнүш үчүн рационду өзгөртүңүз, жарашыктуу кийим алыңыз. Апта акырында үйүңүзгө конок келүүсү мүмкүн.


ЧАЯН (24.10-22.11)

Кызматтагылар сөзүн иши менен далилдей албаса, айлыгы кыскарат же сөз угат. Күтүүсүз жерден бөлүп төлөө менен кутулууга мүмкүн болгон мүлк же автоунаа сунушталат. Ойлонуп көрүңүз. Сиздин жакшы жагыңызды эмес, жаман жагыңызды айтып чыкчу адам жолуңузда пайда болот. Абайлоо керек. Апта акырында жакшы адамдар менен баарлашасыз.


ЖААЧЫ (23.11-21.12)

Маанилүү иштерди пландап, аларды аткарууга киришиңиз. Жылдыздар ийгиликке жол ачып берет. Укпайт деп бирөөлөр тууралуу туура эмес сөздөрдү айтпаңыз. Болбосо айткандарыңыз дарегине бат эле жетип, териштирүүгө кабыласыз. Оору жугузуп албоо үчүн эл көп топтолгон жерге барбоо кажет. Жардамга муктаж тууганыңызга колдоо көрсөтөсүз.


ТЕКЕЧЕР (22.12-20.01)

Сизге кымбат болгон адамды бир иштер боюнча күнөөлөгөн адамдар чыгат. Анын укугун коргоп, беркилерге каршылык көрсөтүүгө камдана бериңиз. Керектүү товарды издеп бир топ жерге барууга, убакыт коротууга туура келет. Бир тууганыңыз акча же азык-түлүк жактан жардам берет. Өзүңүздү кароону унутпаңыз, массаж алуу же эс алуу сунушталат.

СУУ КУЯР (21.01-19.02)

Үйдөгү жана жумуштагылар менен урушпай, нейтралитетти карманыңыз. Эгер күнөө сизден кетип калса кечирим суроо оң. Кирешенин түшүшү күтүлүүдө. Эски досуңузга жолугушуңуз мүмкүн. Бейтааныш коноктор келет, кымбат буюмдарыңызга сак болуңуз. Жашоо абалын жакшыртуу боюнча үйдөгүлөр менен кеңешесиздер.


БАЛЫК (20.02-20.03)

Сизден үйдөгүлөр көп нерсени талап кылат жана үмүт этет. Андыктан чарчасаңыз да иштөөгө, керектүүлөрдү издеп ары-бери чуркоого туура келет. Күтпөгөн жерден жакшы жаңылык угасыз. Акция боюнча керектүү буюм сатып алуу мүмкүнчүлүгү чыгат. Жумуштан кечикпеңиз. Жетекчилик болбогон жерден кыйкым табууга даяр.

 Кыстарылган видео 
Жылдыз төлгө. 25-ноябрдан 1-декабрга чейин
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 890, 21-21-ноябрь, 2019-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан