Кыргыз мушкери Азат Усеналиев бокс боюнча Беларуста өткөн эл аралык мелдеште жеңүүчү аталды. Советтер Союзунун Баатыры Виктор Ильич Ливенцевдин урматына өткөрүлгөн мелдешке Кыргыз өлкөсүнөн 6 мушкер катышкан.
Усеналиев 52 килограммга чейинки салмак ченинде күч сынашып, чейрек финалда үй ээсинин спортчусун жеңген. Жарым финалда да беларустук спортчуну жеңип, финалга аттанган. Алтын медаль үчүн болгон беттеште Улуу Британиянын мушкери менен кез келип күчтүүлүгүн көрсөтө алды.
57 килограмм салмакта Сейитбек Мунарбек уулу финалда жеңилип, мелдештин күмүш медалын тагынды.
Динара Акимова
sport@super.kg