ЧУУ ЖАРАТКАН КАБАР
Узап бараткан апта УКМКнын аты аталган чуулгандуу маалымат, анын тегерегиндеги талкуулар менен эсте калды.
Маалымат айдыңында «УКМКда тергөө маалында пара алуу кылмышында далил буюм катары алынган 200 миң доллар жоголуп кеткен» деген маалымат тарап, мекемеге карата сындар айтылып жатты. ЖМКларга чыккан маалыматка таянсак, 200 миң доллар пара алып жатканда кармалды делинген башкы прокуратуранын ошол кездеги кызматкери Уланбек Чалбаевдин атасы Акматбек Чалбаев «сөз болуп жаткан акча УКМКдан жоголуп кетиптир» деп билдирген. Ал акчаны УКМК тергөөчүсү казинодо ойноп уттуруп жиберген деген да маалымат чыкты.
20-ноябрда УКМК аталган маалыматтын чындыкка дал келбей турганын, 19-ноябрда Бишкектин Биринчи Май райондук соту тергөө иштерине топтолгон материалдарды жана далил катары алынган 200 миң долларды мамлекеттин эсебине өткөрүү боюнча токтом чыгарганын жарыялады. «200 миң доллар жоголду» деген маалымат УКМК жетекчилигин жана улуттук коопсуздук органдарынын иш-аракетин каралоо, коомчулукка жаман көрсөтүү аракети деп баалады коопсуздук комитети.
ЭМНЕ БОЛГОН 200 МИҢ ДОЛЛАР?
2018-жылы апрелде Башкы прокуратуранын Прокурорлордун соттордогу ыйгарым укуктарын камсыздоо башкармалыгынын жетекчиси Улан Чалбаев 200 миң доллар пара менен кармалганын УКМК маалымдаган. Ал бул параны экс-депутат Карганбек Самаковдун кылмыш ишин оң жагына чечүү убадасы менен алганы айтылган. Ушул жылдын 19-ноябрында Бишкектин Биринчи Май райондук соту Улан Чалбаевди күнөөлүү деп таап, 5 жылга эркинен ажыратканы белгилүү болду.
УКМКга КАРАТА НААРАЗЫЧЫЛЫК
"УКМКда далил буюм болгон 200 миң доллар жоголуп кетти" деген маалымат тараган соң жарандык активисттер коопсуздук кызматынын жетекчилигинин жоопкерчилигин кароо талабын кайрадан көтөрүп чыгышты. Рита Карасартова, Динара Ошурахунова, Бурул Макенбаева баштаган укук коргоочулар коомчулукка кайрылуу жасап, УКМК менен Башкы прокуратуранын жетекчилери кызматтан кетсин деп кол топтоо акциясын башташты. Кайрылууда кесиптештери менен аңчылыкка чыгып киши колдуу каза тапкан Баткен облусунун прокурорунун өлүмү боюнча сот иши мыйзам бузуулар менен жүрүп жатканы, ошондой эле кылмышка шектүү Айэркен Саймаити деген кытайлык жаран Түркияда өлтүрүлгөнү, анда кыргыз паспорту болгону, ЖАМК тергөөчүсү жарандардан пара талап кылганы белгиленип, мындай фактылар мамлекеттик түзүмдөр талкаланып, криминалдашып бүткөнүнөн кабар берет деп айтылат.
«Коопсуздук органдары мамлекет жана ар бир жаран үчүн коркунуч болуп калганын моюнга алыш керек. Ал эми Башкы прокуратура мыйзамдуулукту камсыздоонун үстүнөн көзөмөл жүргүзүүгө жөндөмсүз болууда. Органдарды азыркыдай абалда реформалоо пайдасыз жана эффективдүү болбойт. Жарандар жана прогрессивдүү күчтөр башкы маселе – коопсуздуктун абалын талкуулоо үчүн саясий көз караштарын убактылуу жыйыштырып, тезинен биригүүлөрү керек. Жогорку Кеңеш УКМКдагы кылмыш ишинин далил буюмунун жоголушун иликтөөнү көзөмөлүнө алышы керек. УКМК менен Башкы прокуратуранын жетекчилиги отставкага кетиши керек»,- деп айтылат кайрылууда.
Жогоруда айтылгандай, УКМК 200 миң доллар жоголду деген маалыматты четке какты. Анткен менен учурда улуттук коопсуздук органдарын реформалоо боюнча коомчулукта суроо жараткан маселелер абдан көп.
Кубан Жумамидинов
politika@super.kg