БЫЧАК МИЗИНДЕГИ ЖАШОО (Тынч жашоосу күтүүсүз бузулуп, Казакстанда оор күндөрдү баштан кечирген жигиттин жашоосу тууралуу сериал)

Урматтуу окурман, Субан Жуманалиев "Супер-Инфо" гезитинде мурда жарыяланган "Бөтөн жердин буудайы", "Ооганстандан белек" чыгармаларынын автору. Бул жолу сиздерге автордун курч сюжеттүү дагы бир чыгармасын сунуштайбыз.

(Башы)

– Эх Самат, эми эмне кылабыз, эми эмне болот?- деп таякем дагы баштады.

– Буюрганын көрөбүз да, таяке. Эми кайгырып, үшкүрүнө бергенде бир нерсе чечилеби, жаныбызды албастыр акча үчүн.

– Жайсаңды билбейсиңби, акча дегенде жанын берген акмак да. Адамды аёо дегенди билбейт булар. Биз эмес, өздөрүнүн казактарын эмне кылышты? Кордайлыктарды ошол бойдон көргөн жокмун, ушунча нерсесин таштап кетип калышпайт эле. Аларды жок кылышкандай бизди да жок кылышат булар. Эми эмне кылабыз, Самат? Өлтүрүп, талаага алып барып көмүп салышса колубуздан эмне келет? Ээ, Кудайым, ай, өзүң жардам бер, өзүң сактап кал бул жырткычтардан. Балдарымдын көргөн күнү эмне болот?- деп дагы бир нерселерди сүйлөнө берди.

Таякемдин үч сааттан бери кейип, наалый бергенинен тажап башымды жуурканга катып жатып алдым. Болушунча болду да, эми минтип наалыганда бир нерсе өзгөрүп кетмек беле? Кудай деле «аракет кылсаң берем» дейт экен го, жатып алып эле наалый берсең алдыңа алып келип бербесе керек. Таякем сүйлөнө берди, угулбай калабы деп жуурканды чүмкөнүп, үстүнөн калың күрмөмдү башыма жаап алдым. Бир аз сүйлөндү да, укпай жатканымды түшүндү окшойт, эшикке чыгып кетти. Жарым сааттай өттү окшойт, кирди да ары-бери оонап жатып дымы чыкпай калды. Эшиктен киргенде эле арактын жыты «бурр» дей түшкөн. Күйүтүнө чыдабай ичип алды да, мейли эми.

Уктаган адам болуп жата бердим, оюма ар нерсе келет. Биртке акча үчүн көп деле мыкаачылыкка барышпаса керек, кеткен акчасын эки эсе кылып чыгарып алышты го акыры. Эгер чындап эле талаага алып барып өлтүрөбүз дешсе, көп болсо төрт бала барар, оңой эле өлүп бербейм буларга. Бөлмөдөн бир отвёртка көргөм, ошону алып алам. Унчукпай эле өлүп бермек белем? Өзүм эмне болсом да мейли, апам менен карындашымдын көргөн күнү эмне болот?

Атам барда эч нерсени билбей, эч нерседен капарым жок жашаган турбаймынбы. Адамдардын кыйналып жашаганын көрсөм да жашоо мынчалык кыйын экенин түшүнбөгөн экенмин. Атамды сагынып кеттим.

Атам узун бойлуу, толмочураак, кең далылуу адам эле. Союз тарап, элдин жашоосу кыйындай баштаганда атам да ишсиз калды. Азыр ойлосом, ошол маалда эч нерседен коркпой тобокел ишке барган экен. Эл ун эмес, буудай таппай, жүгөрү унунан нан жеп калганда өзү жалгыз банктан кредит алып, Кытайдан тегирмен алып келип, эки досун шерик кылып Жалал-Абаддын четине завод ачышат. Казактардан буудай алып келип ун кылып чыгарышып Өзбекстан, Тажикстанга чейин сатышып, айтор, иши жүрүшүп кетет. Кийин бир досуна эшик-терезе чыгара турган цех, экинчи досуна кыш чыгара турган ишкана ачып берип, алардын өз менчиги кылып каттатып берген.

Иштери жүрүшүп кеткенден тартып өздөрү жашаган айылдагы колунда жок он беш үй-бүлөгө ар үч ай сайын ун, май, айрыкча Жаңы жылда сөзсүз бирден кой, эч болбосо он килограммдан эт, жаш балдарына белек даярдап таратып берчү. Эч ким көрбөй эле койсун дегенби, мени ээрчитип алчу, экөөбүз түндө алып барып берчүбүз. Балдардын сүйүнгөнүн көрүп атам да көпкө чейин көңүлү ачык жүрчү.

Азыр ойлосом, атам менден эч нерсе аябаптыр, бирок эрке өстүргөн жок. Үчүнчү классымда бокс ийримине алып барып, мугалимге катуу дайындаган, мектепти бүткүчө бокс менен машыгып жүрдүм. Ар кандай мелдештерге катышып, 9-классымда Бишкекке барып экинчи орунду алып келгем. Мектепти бүткөндө Юридикалык факультетке тапшырып өз күчүм менен өтүп, окууну кызыл диплом менен аяктадым. Ал жакта жиу-житсу менен машыгып, көп нерсе үйрөнүп чыктым.

Окууну бүткөндө жумушка орношоюн десем атам «бир жыл үйдө жүрө тур, үйлөн, анан деле иштей бересиң» деп койду. Ошентип айылда жүрүп калдым.

Эмне болгонун кийин үйгө банктын өкүлдөрү келгенде уктук. Атам банкка аябай көп акча карыз болуп калган экен. Көз жумардан бир ай мурун банктан өтө көп суммада кредит алып, аны долларга алмаштырып Өзбекстанга өткөрүптүр. Ал жактан долларды өзбектердин сумуна алмаштырып, кайра Кыргызстанга алып келип сомго алмаштырса аябай эле көп пайда түшмөк экен. Өзбекстанда долларды алган адамдын аты Хамид, жакшы тааныйм, атамдын жакын досу болчу. Үйүбүзгө канча жолу үй-бүлөсү менен келип конок болуп кеткен. Ошол Хамид Өзбекстандын милициясына кармалып калып, акчаны алдырып коюптур, өзү да көп жылга камалып кетиптир.

Атам эч кимге айтпай ун заводун, эки чакан цехин сатыптыр. Баягы эки досуна жардам сурап барса, ар шылтоону бир айтып жүз буруп кетишиптир. Карызды төлөй албашына көзү жеткенде айласы түгөнүп өз өмүрүнө кол салган экен. Ушул каргаша биздин бейкапар жашоону бузуп, түшкө кирбеген окуялар башталды...

(Уландысы кийинки санда)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (5)
nuraiym_kenzhebaeva
2019-11-25 10:44:50
Жакшыыы. Кызыктуу окшойт деп койдум.
+3
akmanai
2019-11-26 02:51:31
Кызыктуу экен. Олумдун уч тусунон кийин супердин сериалдарын окубай калган элем. Мунусу жакшы экен.
+2
Baktyluumun98
2019-11-26 10:19:21
Супер, "олумдун уч тусу" деген сериалды чыгарсанар жакшы болмок.
+2
Shef87
2019-11-26 23:59:58
Өлүмдүн үч түсү дегенди чыгаргыла токтогон жерден биз окуй элекпиз
+1
Eliza83
2019-11-27 08:27:34
Ушул автордун чыгармалары аябай жагат. Озум детективди жакшы коргон жаным кутуп журуп окуйм. Китебин кутуп калабыз.Ийгилик.
+2
№ 890, 21-21-ноябрь, 2019-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан