Адилет Азимов, ырчы: «ЫРЧЫ 2000 СОМГО ЫРДАБАШЫ КЕРЕК»

Бул жолку коногубуз шайыр мүнөз, тамашакөй, ар бир ишти берилүү менен жасаган адам. Өнөрлүү адам бардык жагынан өнөрлүү болот эмеспи, каарманым мукам үндүн гана ээси болбостон ырдын текстин, обонун да жазат. Ырчы Адилет Азимов адаттагыдай ачык сүйлөп маек берди.

– Салам, Адилет! Жакында концерт бергени камданып калыптырсың. Угармандарыңды эмне менен кубантасың?

– Салам. Буга чейин Кара-Балтада концерт бергем. Бишкекте алгачкы жолу уюштуруп жатам. Борбордо болуп көрбөгөндөй шоу-концерт өткөрүү менин бала чактан берки кыялым. Пландарым ишке ашса, буюрса, кызыктуу концерт болот.

– Жакшы. Жаңы таланттарың ачылып, обон жаза баштаганыңды да айттың...

– Мен дайыма обон жазуу тууралуу ойлончумун. «Бул нерсе менин колумдан келеби, обончулар кантип иштешет болду экен?» деп кызыга берчүмүн. Бир күнү кечинде үйгө барсам, атам мен жаткан бөлмөгө синтезаторун коюп коюптур. Ата-энем маданият кызматкерлери да. Анан аны карап жатып уктай албай койдум. Ойногум келди. Ойноп жатып, эргүү келип, чыгарма жаралып калды. Ошентип Кудайдын буйругу менен «Сага» аттуу ырымдын обону жаралды. Сөзүн продюсерим Зарина Кыдыралиева жазды. Буга чейин да обон жазууга аракет кылып, «Эркеле мага» аттуу ырымдын обонун Рамис Алиев экөөбүз жазганбыз.

– Өркүнүң өсө берсин! «Ырчыларга чындыкты айтып алып урушуп кетем, мени шоу-бизнестегилер жактырышпайт» деп жүрөсүң. Кандай сындарды айтасың?

– Ырдай албайсың, үнүң жок, башка эле иш кылбайсыңбы деп айтып алып жаман көрүнүп калам. Ал ырчылардын аттарын айтып анчалык төмөн түшкүм келбейт. Аларга минтип айтканга укугум жок экенин билем. Эми мен ушундай адаммын, бетке айтам.

– Бетке айтам деп жатып баарын таарынтып алган жоксуңбу? Ырчылар менен мамилең кандай?

– Мамилем түз эместери бар. Бирок көпчүлүгү менен жакшы мамиледемин. Арасында мен сыйлаган таланттуу ырчылар да бар. Мурда «баланча ырдай албайт, баланча жакпайт» деп аттарын да айтып салчумун. Анда жаш болчу экенмин. Азыр айтпай калдым. Анткени алар да аракет кылып жатышат, күйөрмандары бар. Азыр бир нерсе жакпаса унчукпай күлүп койгонду үйрөнүп жатам. Жакпаган нерсе тууралуу оюмду айта бербешим керек экен. Баарына бетке айтуу жакпайт тура. Бирок мага жасалма болгон жакпайт. Ушундай мүнөзүм үчүн мени керсейген бала деп ойлогондор бар. Бирок жакындан таанып, сүйлөшкөндөн кийин «жөнөкөй, «ништяк» бала турбайсыңбы» дешет (күлүп).

– Бирок сен сындап жаткан ырчылар сага караганда популярдуу болушу мүмкүн да...

– Ооба. Ал ырыскыдан экен. Балким, бир күнү мага да ырыскы келеттир. Дагы бир нерсени айта кетейин, кыргыз эли гана эмес, жалпы дүйнө эли 2 же 3 аккорддон түзүлгөн жеңил ырларды бат кабыл алат. Ошондой ырлар бат хит болуп жатат. Менин жүрөгүмдө 3 эле аккорд жашабайт, көп аккорддор бар. Ырларым бир аз оор болгону үчүн баары хит эмес. Мага оор басырыктуу ырлар жагат.

– Жеңил ырларды ырдабайм дегиң келип жатабы?

– Жок. Мен да айла жоктон тойго ылайыктап жеңил-желпи ырларды жаздырам. Анткени биз каражатты тойдон табабыз. Бирок жан дүйнөм аны каалабайт. Жан дүйнөм чыгармачылыкты самайт. Бизде чыгармачылык жок болуп жатат. Жалаң чыгармачылыкка багыт алып иштесек, маданиятыбыз өсмөк. Чет өлкөлүк ырчылар келгенде концертине көп эл чогулуп жатпайбы. Себеби аларды эл тойлордон көрбөйт да. Бизди тойдон көрүп алышат. Тойлорго көп чыкпай, элди сагындырып, чыгармачылыкка багыт алып, чыныгы музыка менен иштөөгө басым жасасак, эл концерттерге келмек.

– "2000 сомго ырдаган ырчылар жалпы ырчылардын кадырын түшүрүп жатат" деп айтканыңды окуп калдым. Эмнеге минтип ойлойсуң?

– Ырчы тойдо 2 миң сомго ырдабашы керек. Муну менен ал ырчы өзүн 2 миң сомго гана баалап жатпайбы. Мен өзүмдү 2 миңге баалабайм. 200 доллардан өйдө, жок дегенде 100 долларга ырдашы керек. 2 миңди алгандан көрө соопчулук үчүн бекер ырдаган жакшы деп ойлойм. Таанымал эле ырчылардын 800, 1500 сомго ырдаганын угуп таң калгам.

– Сени чыгармачылыкта эң бийик кайсы тепкичтен көрө алабыз?

– Буюрса, Орусиянын «Биринчи каналы» уюштурган «Голос» теледолбоорунан, «Юрмала», «Славян базары» сынактарын жеңгенден кийин гана сынактарды жыйыштырам. Эми Кыргызстанда гана эмес, Казакстан, Орусияда популярдуу болууга аракет кылам. Жакында 2-ноябрь Маданият кызматкерлеринин күнүндө мага "Маданияттын мыкты кызматкери" төш белгисин ыйгарышты. Эми алдыда Эл артисти наамын алганга аракет кылам. Ушундай кыялдарым бар.

– Тилегиңе жет! Кыздар тууралуу сүйлөшпөсөк болбос, кандай кыздар жагат?

– Чачы, кашы кара өзүбүздүн кыргыз кыздары жагат. Бирок кыздын сырткы сулуулугуна жүрөгүнүн сулуулугу төп келиши керек. Эң негизгиси, ал кыз менин ата-энемди сыйлашы керек. Кыялымдагы кызга азырынча жолуга элекмин.

– Буга чейин сүйүп көргөнсүң да?

– Эки жолу катуу сүйүүгө кабылгам. 18 жашымда бир кызды сүйдүм. 2 жылдан ашык сүйлөшүп, үйлөнөйүн деген чечимге келгем. Ата-энем менен тааныштырам десем, кыз коркуп кеттиби же андайга даяр эмес болдубу, же мени анчалык катуу сүйгөн жокпу, күтүлбөгөн окуя болду. Гүл көтөрүп алып үйүнө барсам, чыкпай койду. Жиним келип, гүлдү подъездге ыргытып, тебелеп кетип калгам. Андан кол үзгөндөн кийин жаман болуп жүрдүм. Жарым жылдан кийин гана өзүмө келгем. Кийин ойлосом, ал кыз мага окшоп катуу сүйгөн эмес экен. Негедир кыздарды берилип катуу сүйсөң, алар, тескерисинче, сени сүйбөй башташат. Кызды азыраак сүйсөң, ал сени катуу сүйөт экен. 2 жылдан кийин кайрадан көңүлүмө жаккан бир кызды кезиктирдим. Кайра баягы сценарий кайталанды. Кайрадан ошол жолду бастым. Маңдайыма ушундай жазылган окшойт. Азыр жүрөгүм бош. Бирок мамиле кургандан коркуп калгам. Кыздарга ишенбейм.

– «Азыркы мырзалар мурдагыдай чыныгы эркектик сапаттарга ээ эмес» деген сөздөрдү сен да кыздардан көп угуп калсаң керек. Чыныгы мырза кандай болушу керек, сенин оюңча?

– Азыркы жигиттер кыздардын кандай шартта жашаганына, кайсы жерде иштегенине, байлыгына карап мамиле кылып калышкан окшойт. Ушул тууралуу сүйлөшкөн мырзаларды угуп калып жатам. Бул туура эмес. Кызга баштан-аяк эркек кам көрүшү керек. Жадакалса кыздынтырмагына маникюрду да эркек жасатып бериши керек. Эркек жанында жүргөн сүйгөн адамына, анын үстүнө алсыз, назик жандарга кантип атаандашат, түшүнбөйм. Жүк ташуучу болуп иштесе да үйдө акчаны эркек табышы керек.

– Сени ачык-айрым деп сыпатташат. Маектешип жатып мага да ошондой сезилдиң...

– Дардаңдаганымды, эркелигимди болушунча көрсөтүп салдым окшойт. Мен бардык адамдарды өзүмдөй ойлоп, жакын кабыл алып алам. Жакын адамдарыма мындан да катуу эркелейм.

– Эркелете тургандар бар болушсун. Ишиңе ийгилик!

Перизат Музуратбекова
star@super.kg

 Кыстарылган видео 
Адилет Азимов: "Ырчы 2000 сомго ырдабашы керек"
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (36)
aminali
2019-11-25 17:06:40
Соопчлук кыл андан коро . Ошондо баарына бекер ырдап бер денгеним, жакшы оюн бар экен. Озун айттын бул созду. Талант акчага бааланбайт, эл баалайт. Ар бир ырынарды эл суйсо , озу эле баалап алат.
+1
peri9292p
2019-11-25 17:08:38
ушу бала опкода,мен 2000 алыш учун Москвада 14 саат тикеден тике туруп иштейм,башка адамдар 200 сомгода иштейт ошо мн жашайт,алды арканы карап суйло,2сомгода зар болуп калба
+9
asman.81
2019-11-25 20:49:42
Жандуу ырдаганда 2 мин доллар дечу экенсин,дагы фонограмма мн кыйшандап кеткенине 2мин берген кыргыз элине рахматыны айтсанчы !!!
+9
karona12
2019-11-25 20:51:40
Эн башкысы сени эл тааныбаса 200сомго да чакырбайт,эптеп тамадалар менен суйлошуп барасынар да.
+4
KaGaH
2019-11-25 21:57:07
Ким бул алооо
+2
Rusi79
2019-11-25 23:42:27
5 мин айлыка иштеген медсестралар бар.10минутук фонограмманы......Кудайдан корксонор ээ кичине.
+6
shahlet
2019-11-26 00:16:16
Айла жоктон жазылган ырларга 2000 сом да коптук кылат.Озуно окшоп кулуп койдум
+6
Mintip-menu-suybo
2019-11-26 01:25:25
Мага жагат иши кылып... Дарак ырында ушул бала ырдаган ... Уну сонун...
-1
akmanai
2019-11-26 02:43:09
"Айдай жамалынды-иттей кыялын бузат- дегендей жакшынакай талантын керсейген мунозу жууп кетчудой го. Ой жугуртуусун ондоп, мунозун тарбиялаш керек экен. Кереметтуу аппак Ала-Тоо. Суйуу кечи деп ырдайт ээ. Калыс соз менен айтканда таланттуу бала! Созумо кошулбасанар ырларын угуп коргуло.
+4
al79mi
2019-11-26 09:32:37
Мен мисалы сени бекер ырдап берем десен дагы чакырбайт элем. Алла Тааланын журуп турган кунундо ооз кесир суйлобосончу. Сенден мыкты нечендеген ырчылар коколобой эле жер менен басып журушот. Алдыга койгон максаттарын бийик экендиги албетте жакшы, бирок мен эле мен дей берген арты жакшы болбойт, андайлардын далайын коргонбуз. Озун мактагандан олгончо кач дейт. Пока кеч болуп кала электе жерге туш иничек.
+5
Nurbany
2019-11-27 06:21:42
Чынын эле айтты да.Ыралары сонун мага жагат.Тарс-,тарс жургон жигит
-1
Siren.ms
2019-11-27 13:06:36
Мен ойлогом бул жигитти ото зынкыйган жигит болсо керек деп мынча ХХХХ жанагы ой мамочки деген кыздарга окшоп
+3
karabet
2019-11-28 13:55:58
Энрике Иглесиастай болуп суротко тушот го, ХХХХХ )))))
-2
Losw
2019-11-28 18:06:44
ХХХХ бала экен. Эл ошол 2000ди оной тапканы бар, кыйналып тапканы бар. Мынча сомго ырдаса уят дегени, бул баланын тушунугу томондугу. Эл колунан канча келсе, ошончо берет. Ырчылар да ар турдуу, тушунуктуу ырчылар бергенине ыраазы болуп эле чын журоктон ырдап берет. Коопсунор силер, силерге салык салып желинерди чыгарганда жерге тушчудойсунор го?!!
+1
taalay25
2019-11-28 22:34:20
ХХХХ куйрцгуна чапса чан чыкбайт дагы эки минге ырдабаш керек дейт сендей ой жугурткондор алыска барчу эмес эле
0
№ 890, 21-21-ноябрь, 2019-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан