Абакта жаткан саясатчы Садыр Жапаров президент Сооронбай Жээнбековдон ырайым сурады. Маалыматты Жапаровдун жактоочусу Шарабидин Токтосунов билдирип, тийиштүү арыздын сүрөтүн жарыялады. Арызда Садыр Жапаров өзү айыпталган иште күнөөсү жок экенин белгилеп, ата-энесинен, андан соң уулунан ажыраганын, жакындары оор абалда экенин, аларга учурда өзүнүн колдоосу керектигин айтып президенттен ырайым кылып эркиндикке чыгарууну өтүнгөн.
Саясатчынын агасы Сабыр Жапаров “Супер-Инфого” инисинде президенттен ырайым суроодон башка арга калбаганын билдирди:
– Садырды президенттен ырайым суратуу менин демилгем болду. Анткени анын үй-бүлөсүнө азыр абдан оор болууда. Ата-энебиз каза болду, андан кийин уулу Дастандын кайтыш болушу катуу тийди. Баары бир тең, уулунуку бир тең болуп калды. Балдары окууга кетишет, үйдө жубайы жалгыз калат. Садырдын шартын да түшүнүү керек да. Билбейм, ырайым суроодон башка арга деле калбады. Эми кандай болот белгисиз, азырынча жыйынтык жок. Буга чейин арызды улам артка кайтарып жатышкан, биздин арыз президент Сооронбай Жээнбековго жетпей жатабы деп ойлоп жатабыз. Коомчулукка жарыяланды, балким, эми жетер.
Эскерте кетсек, Садыр Жапаров 2017-жылы “барымтага алуу” беренеси боюнча күнөөлүү деп табылып, 11 жарым жылга эркинен ажыратылган. Саясатчы өзүнө козголгон кылмыш ишин “саясий буюртма” деп, тагылган айыпты моюнга албай келе жатат. Коомчулукта да “Жапаров ак жеринен соттолгон” деген пикир басымдуу. Аны сот аркылуу актоо аракетинен 2 жылдан бери жыйынтык чыга элек.
Кубан Жумамидинов
politika@super.kg