“Эгер президент Сооронбай Жээнбеков кызыкдар болсо, анда дипмиссиядагы коррупциялык схемаларды түзгөн адамдарды таап чыкса болмок”. Мындай пикирди Кыргыздын Малайзия жана Түштүк Кореядагы мурдагы элчиси Кылычбек Султан “Азаттыкка” берген маегинде билдирди.
Кыргыздын Стамбулдагы башкы консулу Эркин Сопоковго катталган дипномурлуу автоунаа кылмышка шектелип издөөдө жүргөн Айэркен Саймаитиде жүргөнү Түркияда анын киши колдуу өлүмүнөн улам ачыкка чыккан. Андыктан коомчулукта акыркы күндөрү Кыргыздын Тышкы иштер министрлигине карата суроолор көбөйүп кетти. ТИМде мындай маселе бар экенин, ал коррупциялык схемалар болушу мүмкүн экенин Кылычбек Султан элчи кызматында жүргөн кезинде эле коомчулукка айтып чыккан эле. Ал көтөрүп чыккан маселе бүгүн деле актуалдуу экендиги, мурдагы элчинин президентке кайрылуусуна карабай ТИМде абал өзгөрбөгөнү билинип отурат.
– Стамбулда болгон чуулгандуу окуялар мен бир жыл мурун айтып чыккан окуяларга окшоштугу бар. ТИМдин системинде иштеп көргөн, системдеги кемчиликтерди айтып чыгып, анын “үзүрү” кандай болорун башынан өткөргөн адам катары бул окуя мен үчүн күтүүсүз болгон жок. ТИМ адегенде “консул унаа кантип кылмыш катталган жерде болуп калганы боюнча жооп бере албай жатат” дебедиби. Кандайдыр бир деңгээлде ага ынанса да болот. Анткени консул андай унаа бар экенин да билбеген болушу мүмкүн. Мисалы, мен элчи кезимде элчиликте “невидимка” унаа бар экенин 2 жылдан кийин гана билгем. Түркиядагы окуяда да бир кезде түптөлгөн коррупциялык схемалар иштеп жаткан болушу мүмкүн. Эгер Сооронбай Жээнбеков ушул нерсеге кызыкдар болсо, бул иштердин аягына чейин жетип, ошол схемаларды түзгөн адамдарды таап чыгарса болот эле. Жалгыз эле ТИМ эмес, кайсы жерде акча болсо, ал жерде коррупциялык схемалар бар. Бирок андай схемаларды эч ким ачыкка чыгаргысы келбейт. Ошол схемалар менен өздөрүн багып жатышат, шайлоодо добуш сатып алышууда. Албетте, өзү турган бутакты эч ким кырккысы келбейт,- дейт Кылычбек Султан.
Экс-элчи Саймаитинин өлүмү, Эркин Сопоковдун окуясы боюнча чындык ачыкка чыгат дегенге ишеними аз экенин белгилеп, эгер Сопоков кылмыш жасаган болсо мыйзам алдында жооп бериши керектигин кошумчалады.
Кубан Жумамидинов
politika@super.kg