УНААЛАРДЫН БААСЫ КЕСКИН КЫМБАТТАЙТ: КЫРГЫЗДЫН СУРАНЫЧЫН ЕАЭБ ЧЕТКЕ КАКТЫ

Евразия экономикалык комиссиясы Кыргыз өлкөсүнө ЕАЭБден тышкары өлкөлөрдөн ташылып келген унааларга бажы жеңилдигинин мөөнөтүн узартуу өтүнүчүн четке какты. 19-ноябрда Москвада Евразия экономикалык комиссиясынын кеңешинин кезектеги жыйыны өтүп, ага Кыргыз өлкөсүнөн вице-премьер-министр Жеңиш Разаков катышты. Анда кыргыз өкмөтүнүн “жеңилдик берүү мөөнөтүн узартып бергиле” деген сунушун ЕЭК кабыл алган жок.

Өкмөттүн маалымат кызматы "Кыргызстанга жеке пайдаланууга ташылып келинчү унаа каражаттарына бажы алымдарын жеңилдетүү мөөнөтүн узартуу демилгесин ЕЭК кеңешинин мүчөлөрү колдогон жок" деп билдирүү таратты.

2020-жылдын 1-январынан тарта Кыргызстанга ЕАЭБге кирбеген өлкөлөрдөн ташылып келинген унааларга бажы төлөмү кымбаттайт. Мисалга алсак, 2009-жылы чыгарылган Toyota Camry унаасынын бажы төлөмү 11 эсе, тактап айтканда, 1250 доллардан 13 600 долларга чейин жогорулайт.

Буга ЕАЭБдин Кыргызга төрт жыл мурун берген жеңилдик мөөнөтүнүн бүтүшү себеп. Жакында Беларусь президенти Александр Лукашенко “эгер пайдасын бардык өлкө бирдей көрбөсө, анда ЕАЭБдин эмне кереги бар?” деген билдирүү жасады. Кыргыз өлкөсү да ЕАЭБдин пайдасын көрбөй жатат. Бирок ага карабай эле ЕАЭБдин талаптарын аткаруу менен убара.

Кубан Жумамидинов
politika@super.kg

 Кыстарылган видео 
Унаа ташуучулар: "ЕАЭБдин жоболорунун күчүнө кирүүсүн 3 жарым жылга узартуу керек"
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 890, 21-21-ноябрь, 2019-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан