БИР БҮРКҮМ. КРЕДИТ АЛГАНДАРДЫН САНЫ 35 ПАЙЫЗГА ӨСТҮ...

  • Президент Жээнбеков: «Түндүк-Түштүк унаа жолундагы коопсуздукту камсыздоо иштерине кошумча 56,5 миллион доллар акча каражаты талап кылынат».
  • Кыргызстанда ушул жылдын 9 айында жалпы 92 миң 822 айдоочу күбөлүгү берилген. Бул тууралуу Каттоо кызматынан билдиришти.
  • Үй-бүлөдө үч эм же андан ашык бала төрөлсө, ар бир балага 50 миң сомдон бир жолку "балага сүйүнчү" жөлөк пул берилет.
  • Ушул жылдын 9 айынын жыйынтыгы боюнча, Кыргызстандын экспортунун көлөмү 1 миллиард 356,5 миллион долларды түздү. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынан билдиришти.
  • Аткезчиликке айыпталып Казакстанда 10 жылга соттолгон Жогорку Кеңештин экс-депутаты Дамирбек Асылбек уулу Кыргыз өлкөсүнө экстрадицияланды.
  • 2019-жылдын январь-сентябрь айларында Кыргыз өлкөсүндөгү микрокредиттерди берүүчү уюмдар тарабынан 460 миң адамга насыя берилген. Быйыл микрокредит алгандардын саны 35 пайызга өстү.
  • Мамлекеттик салык кызматы: "2019-жылдын 10 айында салык отчётторун бербеген 14 миң 148 ишкердик субъект аныкталды".
  • 2024-жылга чейин ЮСАИД кургак учукка каршы күрөшүү үчүн Кыргызстанга 35 миллион доллар каражат бөлөт. Бул тууралуу ЮСАИДдин Борбор Азия өлкөлөрү боюнча өкүлү Хавьер Пьедра билдирди.
  • Жогорку Кеңештин депутаты Чыныбай Турсунбеков жарандык активист Мелис Аспековго каршы УКМКга арыз жазды. Анда активист депутатты шантаж кылып 11 миң доллар талап кылганы жазылат.
  • Кыргыз өкмөтү: "Ата мекендик товарлар дүйнөдөгү 87 өлкөгө экспорттолуп жатат".
  • Жумгалда 31 жаштагы жаран унаа уурдоого шектелип кармалды.

Кубан Жумамидинов
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 890, 21-21-ноябрь, 2019-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан