ГҮЛЖИГИТ САТЫБЕКОВ МЕНЕН КАНЫКЕЙДЕН ДУЭТ

Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Гүлжигит Сатыбеков ырчы Каныкей менен дуэт жаздырды. Бул тууралуу ырчы мырза буларды билдирди:

– Буга чейин ырчы карындашым Каныкей "Сагынам" деген ырыңызды жакшы көрөм деп айтып калчу. Күйөрмандарым да “Каныкей менен дуэт жаздырыңызчы” деп сунуштап калышчу. Бир күнү дуэт жаздыруу сунушумду айтып Каныкейге чалдым. Экөөбүз кеңешип, "Сагынам" деген ырымды жаңылап дуэт ырдадык. Учурда бул ырга клип тарттырып жатабыз. Буюрса, ыр менен дуэтти чогуу чыгарабыз. Күйөрмандар аталган ырды эми жаңы форматта уга алышат.

Ал эми ырчы Каныкей дуэт ырдоо сунушун сүйүнүп кабыл алганын айтты:

– Мен Америкада жүргөндө ушул ыр менен “ооруп” калгам. Аябай жакшы көргөн ырым. Гүлжигит байкени көргөн жерден “Сагынам” деген ыры аябай жагарын айтчумун. Негизи бул ырчынын чыгармачылыгына күйөрмандык кылам. Өзү ыр жазат, обон чыгарат, аткаруучу. Өзү байланышып чогуу ырдайлы деп сунуштаганда сүйүндүм. Учурда ырды жаздырып жатабыз. Клип тарткандан кийин элге чыгаралы деп турабыз.

star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (4)
Azat.1996
2019-11-25 13:58:42
2 ырчынын 2 башка голосу бар, экөө бириксе кандай ыр болоор экенине кызыгып жатам.
+9
interpol
2019-11-25 15:37:06
Клип чыкканга чейин ырын чыгара бербейсинерби угуп туралы
+3
AiperiO
2019-11-25 23:56:57
Сонун чыгарма, Таланттуу ырчылар. Дуетинер"шакарап" болот болуш керек. Кутобуз!
+3
karona12
2019-11-26 22:40:55
Абдан кызыгып атам,эртереек чыкса экен.
+1
№ 890, 21-21-ноябрь, 2019-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан