АКЖОЛТОЙДУН АТЫН КИМДЕР ПАЙДАЛАНЫП ЖАТЫШАТ?

Белгилүү төкмө акын Майра Керим кызынын уулу, төкмө акын, ырчы, актёр Акжолтой Канатбек уулунун элге расмий түрдө жарыяланбай калган "Бегимай" аттуу ырына клип тартылат. Бул тууралуу бизге Курал Чокоев билдирди.

– Акжолтой менен жаңы иштешип баштаганбыз. Ага продюсерлик кылып, "Бегимай" деген ырды жаздырып берген элем. Жакында ал ырга клип тарттырып чыгарабыз деген планыбыз бар болчу. Тилекке каршы, максаттарыбыз ишке ашпай, Акжолтой кырсыктан каза болду. Учурда анын атынан "хайп" жараткысы келгендер пайда болуп, бүтө элек форматтагы ырын YouTube каналына чыгарып жатышат. Мындан ары аларга чара көрүлөт. Ал эми "Бегимайга" Акжолтойдун элесине арнап жакында клип тарттырабыз. Андан башка да жаздыра турган эки ырыбыз бар эле. Буюрса, эки ырын да таштап койбой, өзүм ырдап чыгам",- дейт Курал Чокоев.

star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (4)
katerina.li
2019-11-25 11:31:19
Каза болуп кеткен ырчынын соогу муздай электе жабылып чыгыштыго пиар болушуп. Уят,ырчылар силерге,адамдык касиет деген калды беле??
+2
Saliman
2019-11-25 15:11:10
Курал кичине уялсан боло .Озунду пиарлагын келсе башка нерсе менен пиарла.[moderated]ка деле озун тараткандырсын.ким билет Бир озун Бир Аллах билет
+1
karona12
2019-11-25 20:57:35
Курал сенден башка эч ким колдонбой эле турат.
+2
Tilekovamm
2019-11-28 04:04:30
Ииий Эмнеси болсо да жаш кетти
+1
№ 890, 21-21-ноябрь, 2019-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан