ПЕРИШТЕНИН КӨЗ ЖАШЫ (Мигранттын балдары, кичинесинен бири-бирин жоготуп алган наристелер тууралуу баян)

(Башы өткөн сандарда)

Көчөдө өтүп бара жаткан бирин-бири тааныбаган адамдар кандай кайдыгер көз карашта болсо, Эрнис менен Асман да ошондой өтүп кетишти. Издеп жүргөнүн байкабаган ата, атасы жанынан өтүп кеткенин сезбеген кыз. Кол сунсаң жете турган жерде өтүп кетишти. Эрнис балдар бакчасына күзөтчү болуп орношкон. Бирок кызынын документтерин эч тапкан жок. Болгону ошол жылы ошол айда үч кыз багып алууга берилгенин тактады. Бирин казак улутундагы адам багып алган экен, экөөнү кыргыздар. Эмнегедир казактарга кетти окшойт деп ойлонуп туруп алды. Айлап изин сүрдү, бирок таба албады. Айласы кеткенде жергиликтүү гезиттерге, телеге кайрылып көрөйүн деп чечти.

ххх

Сүрөттө кичине кыз менен 10 жаштагы бала. Бири-бирине ыктап турат. Сулаймандын көкүрөгү мыкчылып кетти. Дагы жакшы, кокустан бул макала көзүнө илинип калды.

– Жоготкула бул макаланы,- деди ал башкы редакторго.

– Кандайча?

– Чыгарбайсыңар. Бул сүрөттөгү кыз тууралуу бир да жерде сөз болбошу керек. Эч бир жерге чыгарбагыдай кыл. Бул сенин колуңдан келет.

– Макул.

Сулаймандын деми кысыла түштү. Тынчы кетип калды. Асманды эч качан бирөөнүн кызы деп ойлогон эмес. Бир көргөндөн баштап аталык мээрими менен жүрөгүнүн түпкүрүндө кабыл алган. Төрт жашында ооруп каза болгон кызынын ордуна келди деп кабыл алчу. Ал үчүн мындан башка чындык жок эле. Бирок чындыктын үстүнө канчалык жамаачы жамаса да, ал чындык калкып чыгып каларын түшүнгүсү келбей койду. “Асман менин кызым! Дүйнө бир жагына жылса жылып кетер, бирок бул нерсе ушул боюнча калат” деди оюнда. Бирок баары бир коркуу турду жүрөгүндө.

ххх

Айдар жумушунда эле. Ал тейлеп жаткан адамдар чет өлкөлүк эки адам жана эки кыргыз болчу. Байкаса, тигилердин айтып бергенин түз которо албай котормочу кыйналып жаткандай. “Менин ишим эмне?” деп турганы менен, тигинин кыйналып жатканын көрүп чыдабай кетти. Жанына барып англис тилин жакшы билерин айтты. Кокусунан эле келип калганбы, тигил байкуш макул боло башын ийкеди. Илгиртпей которуп жатты. Эл аралык мамилелер факультетинде окугандыктан бир нече тилди жакшы билчү. Таятасы тажабай ташып жүрүп окуткан эмгеги кайткан эле. Айдардын жөндөмдүүлүгүнө баары ыраазы болгондой отурушту.

– Мына, жигит, акың,- деди көз айнекчен адам.

– Рахмат, жөн эле коюңуз. Мен жардам гана бердим.

– Жок, албайм.

Тигил адам таң кала тиктеп туруп, чыгып кетти.

– Бул адам ким, билесиңби?

– Жок.

– ТИМде иштейт.

Айдар ошол жерден көзгө илинди. Аны министрликке чакыртып алышты. Алгач майда барат иштерди кылып жүрүп, кийин улам тепкичтен жогорулай баштады.

ххх

– Мен кайда гана барбадым. Эч кимисинен майнап чыккан жок,- деди Эрнис башын чайкай.

– Ата, эс ал. Баары жакшы болот. Өзүңдү аябай кыйнап койдуң,- деди уулу. Бою узун, аппак чач адамды бала кезинен эле аябай жакшы көрчү. Анын айласыздыгын, анын жан оорусун жакшы түшүнчү. Эми кызым деп бир жылдан бери чуркаган далалатынан эч нерсе чыкпаганын көрүп аяп кетти.

– Мен...

– Ата, сен күнөөлүү эмессиң. Тагдырыбыз ошондой болду. Бир күнү табабыз.

– Айдар, сен мени апаң үчүн да күнөөлөбөйсүңбү?

– Эмнеге күнөөлөшүм керек? Баласын таштап коюп кабарсыз кетти. Бир жолу аркасына кылчайган жок. Сага таарынса да мени таштаганга акысы жок болчу. Эгерде бул жерде кимдир бирөөнүн күнөөсү болсо ал...

– Антип айтпа, сен эч нерсени билбейсиң.

– Ата, мен баарын билем. Кектеп отуруп ала турган адам эмесмин. Бирок карыган ата-энесин, баласын таштап бир кайрылбай кеткен адам үчүн сен өзүңдү күнөөлүү сезбе.

– Макул, бул нерселерди эстебейли,- деди Эрнис. Мен айылдагы үйдү сатайын деп жатам.

– Эмнеге?

– Оюмда бир бизнес турат. Ошону баштайын деп жатам. Ушинтип батирлеп жүрө бербей үй алалы. Сен үйлөнүшүң керек. Мен чоң ата болушум керек.

Экөө күлүп калды. Күлкү алардын жашоосунда аз боло турган. Ошол үчүн да алардын бактылуу көз ирмемдери эстеринен чыкпай тургандай сакталып калчу.

ххх

Күндөр айга алмашып, жылдар жылып бара жатты. Арадан дагы беш жыл өттү. Айгерим улам саатын карап коюп, Айдарды күтүп жатты. Алыстан көрүнгөндө кубанып кетти.

– Сени күттүрдүмбү?

– Ооба.

– Кечир.

Жигиттин жылмайганына туруштук берүү кыйын. Үшүп кетсе да ичинде бир жылуулук аралап кетти. Бул кыздын ушунчалык жакшы көрүп караганына жигиттин ичи эзилип кетет.

– Жүрү машинага...- деди ал.

– Оо, жаңы алдыңбы?

– Алдым.

– Жаңы машина деги алдың, жаңы үй алдың. Үйгө келинчек качан кирет?- жини келген кыз.

– Шашпай.

– Качанкыга чейин шашпай?

– Айта албайм.

– Анда коё бер да мени. Күчүктөй болуп артыңдан ээрчип жүрөм Бишкекке келгенден бери. Апамдар "кара далы болдуң" деп жатышат.

– Айгерим!

– Эмне Айгерим?! Жакпасам коё бер да, мен да өз жашоомду ойлоноюн.

– Сен менден башка жашоону ойлоно аласыңбы?- деди жигит тамашалай.

– Ойлоном эле. Дүйнө жүзүндө жалгыз эркек болуп сен калсаң да.

– Анда ойлоно бер,- деди жигит жүзү сустая. Айгеримдин оозу ачылып калды. Мындай болот деп эч күткөн эмес. Бир саамга сүйлөй албай туттуга түштү. Көзүнөн жаш агып кетти.

– Эй, сен эмне ыйлап жатасыңбы?

– Ыйлаган жокмун.

– Көзүңдөгү жашың эмне?

– Бир нерсе кирип кетти.

Айдар машинасын токтотуп бир саамга ойлонуп калды.

– Мен муну сага башында эле айтсам болмок. Чындап сага туура эмес кылдым. Менби...

– Эмне, гейсиңби?- деди кыз көздөрүн бакырайтып.

– Эмне-е? Жинди го...

– Башка эмне болушу мүмкүн?

– Беш жыл бою мага жабышпадың деле. Сүйөм деп да айткан жоксуң. Бирок мен билчүмүн мени сүйөрүңдү. Мени карагандай эч кимди карабайт деп ойлочумун.

– Сени кантип карайт экем?

– Башкача...

Жигит башын чайкады. Эмне деп түшүндүрөт бул кызга? Аны ушунчалык жакшы көрүп туруп, артка чегиндирген эмне экенин айта алса. Гей... Оюн кара мунун. Жинденип ыйлай албай же күлө албай отуруп калды.

– Сенин жашооңдо менден башка эч бир аялзаты жок экенин билем. Буга көңүлүм ток. Бирок эмнеге аялдыкка алгың келбейт?

– Эх, кыздар, кайда баратасыңар? Ошондо сен азыр мага сунуш киргизип жатасыңбы?

– Мен түшүнгүм келип жатат. Биздин мамилебиз эмне? Сүйөсүңбү же жөн эле күчүктөй кылып артыңдан ээрчитип жүрөсүңбү?

– Сүйөм.

Айгеримдин оозу андан бетер ачылды. Айдар бул сөздү оңою менен айтпасын билчү. Көздөрүн бакырайта тиктеп отуруп калды.

– Жашоодо сүйүү менен баары чечилип калбайт. Айгерим, эгер аял ала турган болсом, сенден башкасын көрбөй элемин. Сени биринчи класска барганыңдан бери сүйөм. Катуу сүйөм. Бирок азыр үйлөнө албайм. Андыктан мен сенин бактыңды байлагым келбейт. Чын эле убактың өтүп баратат. Сен менден жакшысына татыктуусуң. Мен азыр үйлөнө албайм. Анткени... Себеби... Менин бир карындашым бар. Мен аны издеп жүрөм. Аны таба аларымды деле билбейм. Бирок көкүрөгүмдө бул жара турганы турган. Ал жара айыкмайынча мен сени бактылуу кыла албайм. Биз балдар үйүнө өткөрүлгөнбүз. Ошол жерден айрылыштык. Мен 10 жашта, ал 4 жарым жашта эле. Жок! Эч таба албадым. Бирок тапмайынча өз жашоом менен жашай албасымды билем.

Жигит биринчи жолу Аруукеси тууралуу бирөө менен бөлүштү. Бөлүшө алды...

(Уландысы кийинки санда)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (5)
ilgis1991
2019-11-25 10:35:26
Аа Жакшы
+2
nuraiym_kenzhebaeva
2019-11-25 10:36:29
Алда шордуу айээ. Оорукчан болуп бүтөт окшойбуз... ай бечаралар
+2
Shokoladka94
2019-11-25 10:39:57
Жакшы бурулуштар болуп келе жатат го, аягы бактылуу болот деп умуттоном
+3
Gulnazi
2019-11-26 11:02:04
Жолуктурбай байкуштарды 23 ко чыгарып салдыго Айдарды
0
ASA79
2019-12-03 18:31:33
Башын кайдан окусам болот
0
№ 890, 21-21-ноябрь, 2019-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан