Коррупциянын бетин ачуубу? Кайсы бир саясий топтун кызыкчылыгында президентке импичмент жарыялоо аракетиби? Коомчулук бүгүн «Азаттык», "Клооп" жана ОССRP`нын «Бажыдагы миллиондор: Карактоо жана калкалоо» деген журналисттик иликтөөсү боюнча ушул суроого жооп издеп жатат.
БУЛАК – САЙМАИТИНИН ӨЗҮ
21-ноябрда «Азаттык» «Кыргызстандан чыгарылып кеткен миллиондордун изи» деген журналисттик иликтөөсүнүн уландысын жарыялады. Бул иликтөөдө «Азаттыкка» маалымат берген адам – алгачкы иликтөөдө аты аталган, жакында Түркияда киши колдуу каза тапкан Айэркен Саймаити өзү экени белгилүү болду. Ал убагында
Хабибулла Абдукадыр деген уйгур тектүү кытайлык ишкердин колунда акча ташыгыч, анын Кыргызстан, Өзбекстан, Орусиядагы каржы иштерин тескөөчүсү, күмөндүү акчаларын адалдоочусу болуп турганын айтып берген. Саймаитинин маегинин кыскача маңызын айтканда, ал «Абдукадыр бажыдан жүк өткөрүүдө Кыргыз бажысынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов менен иштешчү» дейт.
Иликтөөдө Хабибулла Абдукадырдын 2017-жылы, Сооронбай Жээнбековдун президенттик кызматка киришүү инаугурациясында өлкө башчынын бир тууган агасы менен бир тууган эжесинин ортосунда отурган сүрөтү да көрсөтүлүп, талкууга түштү.
АТАМБАЕВДИ АЙЛАНЫП ӨТКӨН ИЛИКТӨӨ
Жарандык коом иликтөөнү эмоционалдуу кабыл алды. Иликтөөнүн фигуранттарына карата «камалсын», «жазалансын» деген талаптар айтылып, 25-ноябрда Бишкекте Ак үйдүн алдында 500дөн ашуун адам катышкан #REакция деп аталган акция да болуп өттү. Тынчтык акциясына чогулгандар өлкө жетекчилигинен иликтөөдө ысымы аталган Райымбек Матраимовдун камалышын, реалдуу реформаларды жасоону талап кылып, бийликке футболдогудай сары айып кагазын көрсөтүү менен тарап кетишти.
Аталган иликтөөгө карата пикир айтып жаткандардын экинчи тарабы бул иликтөөнүн максаты – коррупциянын бетин ачууга эмес, көбүрөөк, бир фигураны каралоо, ошону шылтоолоо менен учурдагы президент Сооронбай Жээнбековго импичмент жарыялоо аракетине окшошуп турат дешүүдө. Белгилүү журналист, "5-каналдын" жетекчиси Эрнис Кыязов «Азаттыктын» иликтөөсүн бир тараптуу деп сындап «эмне үчүн иликтөөдө мүмкүн болгон фамилиялардын баары айтылып, ал эми мурдагы президент Алмазбек Атамбаев тууралуу бир ооз сөз жок?» деп суроо салды. Бул суроону Кыязовдон башка жарандык активисттер, эксперттер да узатып, дал ушул Атамбаевди айланып өтүп кеткен жагдай иликтөөнүн максатынан шек санатарын айтышты. Иликтөөдө кылмыштуу бизнес-мафиянын кожоюну делген Хабибулла Абдукадыр менен Атамбаевдин бизнес кызыкчылыктары бар экени буга чейин ЖМКларда айтылып жүргөн, бул жагдай «Азаттыктын» 2 иликтөөсүндө тең сөз болгон жок. «Саймаити Атамбаев менен Абдукадырдын байланышы жөнүндө да айткан болушу мүмкүн, айтпаган күндө да «Азаттык» калыстык үчүн ал тууралуу сурашы керек эле. Иликтөөнүн максаты конкреттүү бирөөлөрдү каралообу?» деген суроолордун айтылып жатышы ушундан улам.
АК ҮЙДҮН ЖООБУ КЫСКА БОЛДУ
Президенттин басма сөз кызматынын жетекчиси Толгонай Стамалиева Сооронбай Жээнбековдун Абдукадыр менен эч кандай жеке кызыкчылыгы жоктугун, Хабибулла Абдукадырдын инаугурация күнү президенттин бир туугандарынын жанында отуруп калышы ал кездеги президент Алмазбек Атамбаевдин аппаратынын чечими болгонун билдирүү менен чектелди. Буга жооп көпкө күттүргөн жок. Учурда Бишкектеги номур биринчи тергөө абагында отурган Фарид Ниязов КСДП аркылуу үн катты. КСДП жарыялаган кайрылууда Ниязов инаугурацияны Атамбаевдин аппараты эмес, атайын түзүлгөн топ уюштурганын, ал эми Хабибулла Абдукадыр президент Жээнбековдун тапшырмасы менен чакырылып, сыйлуу орунга отургузулганын билдирди. Бирок көп өтпөй социалдык тармактарга Фарид Ниязовдун каты деген сүрөт тарады. Анда "менин журналисттерге жолугуп, маалымат берүүгө мүмкүнчүлүгүм жок. Хабибулла Абдукадыр деген адам тууралуу эч кандай маалымат берген эмесмин",- деп жазылып, этегине Фарид Ниязов деп кол коюлган.
БАБАНОВ КЫЙМЫЛГА КЕЛДИ
Окуя боюнча Жогорку Кеңештин Дастан Бекешев, Мирлан Жээнчороев өңдүү айрым гана депутаттары коңгуроо кагып, көпчүлүгү унчукпады. Өмүрбек Бабановдун ишенимдүү адамы, депутат Мирлан Жээнчороев башкы прокурор Өткүрбек Жамшитовго кайрылып, иликтөөдө айтылгандарды текшерип, укуктук баа берүүнү өтүндү. Бул жагдай Бабанов экс-чиновник Райымбек Матраимовго тиш кайраган бир окуяны эске салат. 2017-жылы Кара-Суу шаардык кеңешине шайлоодо Бабановдун «Республика» партиясы утулуп калган. Ошондо Бабанов «шайлоо ишине кийлигишти» деп Райымбек Матраимовду күнөөлөп чыккан. Азыркы кырдаал Бабановго оңунан чыгып турганы түшүнүктүү. Бабановдун кыймылга келишинин мындан да олуттуу себеби – ал президенттик шайлоодо добуштар боюнча экинчи орунду алган адам. Демек, Сооронбай Жээнбеков отурган шаты кыймылдай баштаган абалды ал колдонбой өткөрүп ийбеси анык.
МАТРАИМОВ: «МАГА БАЙЛАНЫШКАН СУРООЛОРГО ЖООП БЕРҮҮГӨ ДАЯРМЫН»
Көп өтпөй Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов өлкөдөгү саясий кырдаал боюнча билдирүү таратты.
– Урматтуу замандаштар, өзүңүздөр көрүп тургандай, акыркы эки жылдан бери кайсы бир саясий топтор мени каралоо максатында түрдүү божомолдорду, ар кандай жалган маалыматтарды таратып келди. Мунун баарына качандыр бир чекит коюлат деп ойлоп жүргөм. Бирок акыркы жети ай ичинде бул каралоо акциясы башка деңгээлге чыкты. Айрым журналисттер ошол саясий топтордун куралына айланып, кечээ мени өлкөдөгү бардык экономикалык проблемалардын себеби катары сыпатташса, бүгүн ойго келбес, кечирилгис кылмыштарды мага шылтап, жалган жалаа жабууга өтүштү.
Мени кызмат ордума кайра коюу боюнча сот чечими чыккан соң өз каалоом менен Бажы кызматына кайра барбоону чечкем жана тынч жашоо максатында бизнес менен алектенейин деп чет өлкөгө кеткен элем. Ошентип сыртта жүргөн учурда мени каралоо акциясына бейөкмөт, коомдук уюмдарды да кошууга үлгүрүшүптүр. Ошол саясий топтор эми жаштарды жана өз өлкөсү үчүн күйгөн жарандарды азгыруу аркылуу аларды саясатта курал катары колдонуп жатышат.
А мен тууралуу «Азаттык» айтып жаткан маалыматтардын баары жалган жана иш-аракеттери туура эмес. Мен өзүмдүн ал иштерге тиешелүү эмес экенимди кайсы жерде болбосун далилдей алам.
Жалган жалаа, калп маалыматтарды таратуу аркылуу мени курулай жаман көрсөтүү аракетинен улам коомчулукта азыр мага байланыштуу ар кыл пикирлер, уу-дуу кептер тарап кетти. Ушундан улам мен өз өлкөмө кайтып келүүнү чечтим. Мага байланышкан кандай суроо болсо, ошонун ичинде укук коргоо органдарында, мен жооп берүүгө даярмын,- дейт Матраимов.
«ТЕКЕБАЕВДИН ОКУЯСЫНА ОКШОШ КЫРДААЛ»
Эл өкүлү Исхак Масалиев экс-депутат Текебаевдин окуясына окшош кырдаал түзүлдү дейт. «Камалсын» деген туура эмес. «Текшерсин, жоопко тартсын» деш керек. Убагында Текебаев Маевскийдин көрсөтмөсү менен камалганда азыр кыйкырып жаткандар «бир адамдын көрсөтмөсү менен камаган болбойт» деп чыгышкан. Бүгүн да бир адамдын айтымы менен бирөөнү күнөөлүү кылып жатабыз»,- деди Масалиев.
Депутаттар Дастан Бекешев менен Алмамбет Шыкмаматов президенттен чуулгандуу иликтөөгө реакция кылууну, УКМК, Мамлекеттик бажы кызматы өңдүү органдардын жетекчилерин кызматтан алууну өтүндү.
«БАЖЫДА КОНТРАБАНДА ЖОК»
Мамлекеттик бажы кызматынын жообу баарынан кызык болду. Мекеме окуяга карата «бажыда контрабанда жок, болгон да эмес» деген жооп узатты. Ал эми Коопсуздук кеңеши кийинки жыйынында президент Сооронбай Жээнбековдун катышуусунда бажыдагы коррупция маселесин кароону убадалады.
Интернет желесине Хабибулла Абдукадырдын Алмазбек Атамбаев менен кучакташа түшкөн сүрөтү да жарыяланып, бул инаугурациядагы сүрөткө жооп болду. Президент Жээнбеков өзүнүн аппараты, Атамбаев өзүнүн партиясы аркылуу Абдукадырды өздөрүнөн алыс түртүүгө аракет кылууда. Коомчулук болсо Хабибулла Абдукадырдын Жээнбековго да, Атамбаевге да тиешеси бар экенин түшүнүп турат.
Автандил Добулбеков
politika@super.kg