БИР БҮРКҮМ: ЧИНОВНИК 50 МИҢ СОМ ПАРА МЕНЕН КАРМАЛДЫ...

  • Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруу долбооруна Орусия 200 миллион рубль бөлдү.
  • Өзгөчө кырдаалдар министрлиги: "10 айда өлкөдө 3270 өрт кырсыгы катталды".
  • Жыл башынан бери өлкөгө мыйзамсыз күйүүчү май ташып келүү боюнча 152 факты катталганы айтылды.
  • 23-ноябрда 50 миң сом пара алып жатып Баңгизатын мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын башкармалыгынын башчысы Н.Б. кармалды.
  • УКМК кызматкерлери тарабынан 20 миң сом пара алып жатканда Бишкектин Ленин райондук салык кызматынын кызматкери А.М. кармалды.
  • УКМК оң рулдуу автоунааларды алып кирип, мыйзамсыз каттоого алган схеманы аныктап, шектүү катары «Унаа» ишканасынын бир кызматкери тергөө абагына киргизилди.
  • Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы товар жүгүртүү көлөмү ушул тапта 430 миллион долларды түзөрү айтылды.
  • Жогорку Кеңеш Конституциялык палатанын судьялары Эркинбек Мамыровду, Мээргүл Борбукееваны жана Мукамбет Касымалиевди кызматынан бошотуу сунушун жактырды.
  • УКМК: Аймактар аралык касташууну козутууга шектелип Фейсбуктагы "БеспределKG" баракчасынын администратору Автандил Жоробеков кармалды.
  • Жалал-Абад облусунун Майлуу-Суу шаарында аскердик кызмат өтөп жаткан 22 жаштагы жоокер өз өмүрүн кыйды.
  • Нааразычылыктардан улам Айэркен Саймаити боюнча маалыматтарды иликтөө үчүн түзүлгөн депутаттык комиссиянын курамынан депутаттар Искендер Матраимов менен Алтынбек Сулайманов чыкты.
  • Кыргыз өлкөсүндө бир үй-бүлөлүк дарыгерге 3600 адам туура келет.
  • ЖЭБ окуясы. Прокурор Сапар Исаковду 15 жылга эркинен ажыратууну соттон өтүндү.

Автандил Добулбеков
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 891, 28-ноябрь - 4-декабрь, 2019-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан