Коомдук ишмер Эмилбек Каптагаев өкмөткө караштуу Улуттук стратегиялык изилдөөлөр институтунун жетекчиси болуп дайындалды. Тийиштүү буйрукка премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду. Буга чейин аталган кызматты Кубанычбек Шадыбеков ээлеп турган.
Каптагаевдин кызматка дайындалышына жарандык активисттер «бийликти мактоонун үзүрү» деген сын айтышты. Социалдык желелерде «булардан башка кадр жокпу? Жаштарга качан орун берилет?» деген суроолор берилип жатат.
Эмилбек Каптагаев Алмазбек Атамбаевдин бийлигин акыркы жылдары кескин сындап, ал эми азыркы бийликтин аракеттерин колдоп, дээрлик сын айтпай келди. Ал 2010-жылдан кийин Убактылуу өкмөттө, 2013-2016-жылдары Ысык-Көл облусунун жетекчиси болуп иштеген.
Кубан Жумамидинов
politika@super.kg