27-ноябрда Бишкек шаарындагы Свердлов райондук сотунда Бишкек ЖЭБин жаңылоого байланыштуу козголгон кылмыш иши боюнча соттук отурум уланды. Отурумдун башында бул ишке судьялык кылып жаткан Инара Гилятзединова мурдагы энергетика министри, коррупция беренеси менен айыпталып жаткан Осмонбек Артыкбаев өз каалоосу менен мамлекетке 100 миллион сом төлөгөнүн айтты.
Бул маалыматты Башкы прокуратура да тастыктап, Осмонбек Артыкбаевдин туугандары мамлекетке 100 миллион сом төлөшкөнүн билдирди. Мекеменин басма сөз кызматы билдиргендей, төлөнгөн каражат коррупциялык зыяндын ордун толтуруш үчүн ачылган бирдиктүү депозиттик эсепке которулат. Ошондой эле бул каражат “Электр станциялары” ачык акционердик коому Кытайдын “Эксимбанкынан” ЖЭБди модернизациялоо үчүн алган кредитти жабуу үчүн жумшалары айтылды.
Кубан Жумамидинов
politika@super.kg