Өз көзүбүз менен эч качан көрбөсөк да, жакын тааныштарыбыздай болуп калган атактуу ырчы, актёр, режиссёрлордун жеке турмушу бизди кызыктырбай койбойт. Алардын жашоосундагы ар бир окуяны, айткан сөздөрүн, басып-турганын дайыма байкап турабыз. Өзгөчө кызыкчылык жараткан нерсе – бул жылдыздардын үйлөнүү тойлору. Кымбат «Лимузиндер» жана баалуу үлпөт көйнөктөр, бриллианттуу шакектер жана таңкалтырган үйлөнүү сунуштары, миллиондогон доллар жана папарацци менен коштолгон атактуу үйлөнүү тойлордун эң кызыктуулары менен сиздерди тааныштырабыз.
ТОМ КРУЗ жана КЭТИ ХОЛМС
Белгилүү актёр Том Круз менен андан кем калбаган таланттуу актриса Кэти Холмстун ортосунда жылуу сезимдер бар экени билингенде күйөрмандардын сүйүнүчүндө чек жок эле. Жылдыздар 2 жыл сүйлөшүп жүрүшкөн соң акыры баш кошууну чечишкен. 2005-жылы Париждеги эс алуу убагында Том Кэтиге Эйфель мунарасынын чокусунда туруп үйлөнүү сунушун киргизди. Кэти албетте, макул болду. Бирок, анын кош бойлуу экени билинип, жаштар үйлөнүү тоюн бир жыл алдыга жылдырууга мажбур болушту. 2006-жылдын апрель айында алар татынакай Сури аттуу кыздуу болушту. Ушундан соң кош жылдыз тоюн Италиядагы Браччано шаарында жайгашкан XV кылымда салынган “Кастелло Одескальчи” деп аталган эски сарайда өткөрүүнү чечишти. Ал сарайдын ижарасына 1,5 миллион евро төлөнгөн. “CNN” каналы билдиргендей, бир күн мурун Браччанодо Том менен Кэтинин сүрөттөрү тартылган сувенирлер, торттор сатыкка чыккан. 18-ноябрь күнү чоң сарайда жубайлардын достору жана жакын туугандары биригип 150 мейман болду, аларды 100 кишиден турган кызмат тобу тейледи. Кэти менен 7 айлык Суринин үлпөт кийимдерин белгилүү америкалык модельер Жоржио Армани тигип берди. Тойго конок катары чакырылгандардын арасында атактуу Голливуд артисттери Жон Траволта, Уилл Смит, Женнифер Лопес, Виктория жана Дэвид Бекхем, режиссёрлор Мартин Скорсезе менен Стивен Спилберг болду. Капыстан жааган катуу жамгырга карабай бактылуу жубайларды бир көрүп калуу үмүтү менен көптөгөн адамдар, журналисттер сарайды тегеректеп турушту. 44 жашар Том буга чейин эки жолу үйлөнгөн. 27 жаштагы Кэтинин бул биринчи жолку турмуш куруусу. Тойго сарпталган каражаттын жалпы көлөмү болжол менен 2,5 миллион еврого барабар болду.
НИКОЛЬ КИДМАН жана КЕЙТ УРБАН
39 жаштагы таланттуу актриса жана ырчы Николь Кидман жогоруда сөз болгон актёр Том Круздун мурунку аялы. Экөө бирге 10 жыл бою өмүр сүрүшүп, 2001-жылы ажырашуу документине кол коюшкан эле. Эми Николь чын сүйүүсү кантри-ырчы Кейт Урбан менен баш кошуп, кубанычы койнуна батпай турган кези. Эки жылдыз тең австралиялык болушкандыктан, үйлөнүү тоюн да өз мекенинде өткөрүүнү туура көрүштү. Үйлөнүү аземи өткөн жылы 25-июлда Австралиянын борбору болгон Сиднейдеги бийик жардын чокусуна курулган католик чиркөөсүндө болуп өттү. “Баленсиаго” фирмасы Николь үчүн баалуу кристалл таштар сайылган ак көйнөк тигип берген. Анын баасы орто эсеп менен 150 миң долларды түзөт. Актрисанын колунда болсо ак розалардан гүлдесте бар эле. Католиктердин бардык мыйзамдарын аткарып, жубайлар шакек алмашып, бири-бирине түбөлүк сүйүү жөнүндө кепилдик сөздөрүн айтышты. Алтарь алдына Никольду атасы Энтони Кидман жетелеп барды. Той Тынч океанынын жээгинде жайгашкан жеке территорияда жашыруун түрдө уланды. Жылдыздарды шаардын жашоочулары көчөлөргө тизилип туруп алып, кол булгалап тосуп алышты. Тойго катышкан 230 адамдын ичинде Хью Жекман, Рассел Кроу, Наоми Уоттс сыяктуу белгилүү актёрлор болду. Той учурунда элдин эсине кала турган окуя болгон. Күнөөкөрлөрдүн айтуусунда, Кейт Урбан жубайына арнап жазган серенада ырын аткарып жатканда сезимтал Никольдун көзүнөн жаш тамып турганы өтө романтикалуу жана унутулгус учур болгон. Айта кетчү нерсе, Никольдун Изабелла жана Коннор аттуу бакма балдары бар. Кейт: “Мен аларга татыктуу ата болоорума ишенем” деп билдирди.
НИКОЛАС КЕЙДЖ жана ЭЛЛИС КИМ
Голливуддун эң атактуу актёрлорунун бири болгон Николас Кейдж өмүрүндө 5 жолу үйлөнгөн, анын үчөө расмий түрдө катталган. Актёр биринчи аялы актриса Патрисия Аркетт менен 1987-жылы таанышып, бир сааттан кийин ага үйлөнүү сунушун киргизген. Актриса дүйнөдө болбогон кара орхидея гүлүн таап келгенде гана макулдугун берээрин айткан. Кейдж боёлгон орхидеяны издеп тапса да, Патрисия аны теңине алган эмес. Бирок, 8 жыл өткөн соң атак-даңкка, байлыкка жетишкен Кейдж максатын орундатып, Патрисияга үйлөнгөн. 9 ай бирге турмуш курган эки жылдыз бири-биринен тажашканын сезишип, ажырашууну туура көрүшкөн. Көп өтпөй Николас өзүнө төп келген, чыр-чатак менен аралашып жүргөндү сүйгөн Лиза Мария Пресли менен таанышкан. Лиза Мария атактуу Майкл Жексондун мурунку аялы, легендарлуу Элвис Преслинин кызы болгон. Экөөнүн 20 адам катышкан жашыруун тойдо баш кошкондору шоу-бизнестеги чоң жаңылык болгон. Ал эми 109 күндөн кийин ажырашып кетиши андан өткөн таңкалаарлык окуя болду. Эки жолу ийгиликсиз үйлөнгөн Ник үчүнчү жубайын карапайым калктын арасынан издемей болот. Ошентип, актёр 14-февраль Сүйүшкөндөр күнүндө Лос-Анжелестеги кафелердин биринде сүйүүсүн жолуктурган. Ал 20 жаштагы корей улутундагы жөнөкөй официант болуп иштеген кыз Эллис Ким эле. Бир айлык кездешүүлөрдөн кийин актёр официант кызга изумруд жана бриллиант менен жасалгаланган шакек белек кылды да, алар 2004-жылдын июль айында Калифорнияда баш кошушту. Кымбат баалуу “Кристалл” шампаны суудай аккан үйлөнүү тоюна актёр чөнтөгүнөн 2 миллион доллар коротту. Николас аялына штаттагы эң кымбат ресторандардын бирин белек кылганы менен буга чейинки Голливуддун эң сараң адамы атын өчүрүп, эң жоомарт актёрго айланды. Андан сырткары, актёр дээрлик 3 миллион долларга жеке арал сатып алды. 2005-жылы бактылуу жуп балалуу болушту. Уулунун аты Кал-Эл. Бул кызыктуу ат Николас жактырган комикстердин башкы каарманы болгону журналисттер менен күйөрмандарды абдан таңкалтырды.
MАДОННА жана ГАЙ РИЧЧИ
Жылдыздардын жылдызы америкалык ырчы Мадонна менен атактуу режиссёр, актёр Гай Ричинин баш кошкондоруна 7 жылдын жүзү болсо да, алардын үйлөнүү тою күйөрмандардын эсинде көпкө чейин калат. Мадонна өзүнөн туура 10 жашка кичүү болгон Гай менен белгилүү ырчы Стинг жана анын жубайы Труди Стайлер уюштурган жаңы жылдык кечеде таанышкан. Бир нече убакыт бирге жашашкан соң Рокки аттуу уулдуу болушат да, 4 айдан кийин расмий түрдө баш кошууну чечишет. Алардын тою Гай Ричинин бабаларынын жери болуп эсептелген Шотландиядагы Дорно шаарында өткөн. Массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү жана жөн эле кызыкдар болгондор той өтүп жаткан “Скибо” деген сарайдан 12 чакырымдан жакындай алышкан эмес. Жадакалса эң шок журналисстер тойго ким келип, ким кеткенин билүүгө эч мүмкүнчүлүк табышкан жок. Анын себебин “Мадонна мурунку күйөөсү Шонн Пеннге турмушка чыгып жатканда аларга папарацци менен вертолёттун катуу үндөрү абдан тоскоол болгон” деп аныкташат кабарчылар. Бирок, Дорно шаарынын тургундары Мадонна менен Гайдын тоюн шампан ичип, торт жеп өздөрү майрамдап коюшкан. Кийин белгилүү болгондой, тойго чакырылган меймандардын тизмесинде модельер Донателла Версаче, актёрлор Жорж Клуни, Бред Питт, музыканттар Жон Бон Жови, Брайан Адамс жана албетте, уулу Роккинин өкүл атасы Стинг бар экен. Атактуу композитор, ырчы Элтон Жон бул тойдо Мадоннанын суранычы боюнча Гайга арналып жазылган “Гай үчүн ыр” аттуу жаңы композициясын аткарып берген. Ал эми келген коноктор сейрек кездешкен кит түрүндөгү ири балыктын икрасын бөтөлкөсү 200 доллар турган шампан менен бастырып коюп отурушкан. Мадоннанын көйнөгү, чач жасалгасы жана башына кийген алмаз таштар менен жасалгаланган таажысы биригип 2,7 миллион доллар болгон. Ал эми Гай костюм-шымына акча үнөмдөдүбү же ата-бабаларынын салтын уланттыбы, тойдо кадимки шотланд юбкасын кийип чыккан.
ПИНК жана КЕРИ ХАРТ
Алиссия Мур, элге көбүрөөк Пинк деген ат менен таанымал болгон рок-поп ырчы кыз журналисттерге берген интервьюларында эч качан турмушка чыкпасын айтып келген. Бирок, 2006-жылы ал сөзүнөн жаңылып, белгилүү мотокроссчу, дүйнөнүн чемпиону Кери Харт менен баш кошту. Экөө мындан 6 жыл мурун мотожарышуу учурунда кезигишет. Кол алышып таанышкандан 5 мүнөттөн кийин Кери 40 метрлик бийиктиктен кулап түшүп, 15 сөөгүн сындырып алган. “Баарысы аны өлдү деп ойлошкон, а мен эч качан каскадёрго күйөөгө тийбейм деп өзүмө убада берген элем. Кери 3 айдан кийин сакайып, менин жашоомо кайтып келгенде аны сүйөөрүмдү түшүнгөм” дейт Пинк. 2005-жылы эки жылдыздын ортосунда абдан кызык жана жагымдуу окуя болду. Кери дагы бир жарышта ат салганы жаткан эле. Пинк көрүүчүлөрдүн арасында отурган. Жарыш башталаарда ал “Мага үйлөнөсүңбү?” деп жазылган чоң плакатты көтөрүп, Кериге көрсөткөн. Плакаттын арткы бетинде болсо “Мен тамашалаган жокмун” деген жазуу бар эле. Жарышта биринчи болуп келген Керинин сүйгөн кызына макулдук берүүдөн башка чечими жок эле. Кубанган чемпион келечек жубайына чоң бриллианты менен шакек белек кылган. Бир жылдан кийин эки жаш баш кошушту. Булар башка жылдыздардан айырмаланып, үйлөнүү тоюн көл жээгинде өткөрүшкөн. 100дөн ашык адам чакырылган бул той жөнөкөй эле кечеге окшогон. Жубайлар тунук сүйүүнүн кепили катары билектерине “чын сүйүү” деген жазууларды чектирип алышкан.
Даярдаган Бегайым Мусакеева