Жашоону сүйүп, анын ар бир мүнөтүнө ыраазы болуп, ар бир күндөн ырахат алып жашаган адамдар, баамымда, азчылыкты түзөт. Ырчы Бактыгүл Бадыева ушундай, жашоого жылмая караган адамдардын катарын толуктайт. Ишине, жашоосундагы ар бир адамга берилип мамиле жасаган бул адамдан окурмандар үчүн кызыктуу жана бакытка толгон маек.
– Кандайсыз, Бактыгүл айым? Эки жыл мурун "чыгармачылыкка кайтып келем" деп коюп, кайра эле күйөрмандарыңызды күттүрүп койдуңуз...
– Жакшымын, рахмат. «Ойлогон ойду кыстаган турмуш жеңет» дешет го. Ооба, чыгармачылыгымды улантайын деп ыр жаздырып баштагам. Эки жыл мурда жолдошума арнап «Бакытым» деген ыр жаздырдым. Гүлнур Сатылганова эже менен дуэт ырдайбыз деп пландап, ал ырдын аранжировкасын жаздырып койгонбуз. Аранжировкасы мага жакпай калып, аны оңдош керек деп жүрүп ушул убакытка келдик. Ал ортодо кош бойлуу болуп, 3-кызымды төрөдүм, ишкерлигим менен алек болдум. Ар нерсенин убакыт-сааты болот экен. Сааты чыкпаса, башың менен жер казсаң да, ойлогонуң ишке ашпай калат. Жең түрө чыгармачылыкка кирише албай жатсам дагы, ырчылыктан такыр алыстап кеттим деп айта албайм. Жакында «Кыздарым менин бактым» аттуу ырымды эл назарына коёбуз.
– Жакшы. Ошондо чыгармачылыкка киришүү планыңызда бар экен да?
– Минтем, тигинтем деп айтпай эле коёюнчу. Жашоо өзү көрсөтөт. Бирок жан дүйнөм чыгармачылыкты самайт. Бул сезимди чыгармачыл адамдар гана түшүнсө керек.
– Ишкерлик менен ырчылыкты чогуу алып кетүү мүмкүн эмес бекен?
– Мүмкүн. Ырчылыкты чогуу алып кетем десем, анда концерт берип, тойлордо да ырдашым керек болот. Кыздарым кичинекей болгондуктан жолдошум кечинде үйдө болушумду каалайт. Өзүм да кыздарымдын жанында болушум керек деп ойлойм. Анткени азыр алардын апасынын мээримине көбүрөөк муктаж учуру.
– Айрым ата-энелерден "балдарыңдын баарын бирдей сүйүү мүмкүн эмес" дегенин угуп калам. Сиз айтыңызчы, бул мүмкүнбү?
– Балага болгон сүйүүнүн деңгээли баарына бирдей болот. Бирок ар бирин ар башкача сүйөсүң. Анткени алардын кыялдары, кылыктары ар кандай. Мен 3 кызыма сезимимди, убактымды бирдей бөлөм. Ар бирине «сени сүйөм» деп айтам. Ар бир бала «биз апама да, атама да бирдей керекпиз, бизди бирдей сүйүшөт» деп сезиши керек.
– Үй-бүлөдө гармония болушу үчүн ким көбүрөөк жооптуу деп ойлойсуз?
– Психологияга кызыгып, эркек-аял мамилелери тууралуу көп китептерди окудум. Бардык китептерде аялдар көбүрөөк жооптуу деп жазылат. Мен да ошондой ойлойм. Ооба, аял бала төрөйт, аларды карайт, үй жумуштарын жасайт. Ошол эле учурда иштейт. Мунун баарын өзү каалап жасап жана жетишиши керек. Кандай болсо да аял баары бир өзүн эркектен өйдөмүн деп эсептебеши керек. Мен үчүн үйдүн кожоюну, үйүбүздүн президенти жолдошум. Анын сөзүн эки кылбайм. Үй таза, тамак даамдуу болсо, жубайы менен балдары кечинде күлүп-жайнап тосуп алса, ошондо күйөө үйүнө шашып баргысы келет. Мына, ушундай жылуулукту аял түзүшү керек. Мен ушуга аракет кылам. Таң аткандан күлүп-жайнап жолдошум менен кыздарымды өөп ойготуп, жакшы атмосфера түзүүгө аракет кылам.– Жолдошуңуз кызганчаакпы?
– Кызганчаак. Бирок кызганууга себеп жок. Анткени менин оюмда, көз алдымда жолдошум гана бар. Башка эркекти кароо оюма да келбейт. Мен түгөйүмө жакшы аял болуп берүүнү гана ойлоном. Өзүмдү үй-бүлөмө арнап койгом.
–Сиздин көз карашыңызда чыныгы мырза кандай болушу керек? Сыпаттап бериңизчи.
– Эркек болуу чоң жоопкерчилик. Шым кийип, сакал өстүрүп алуу менен эле эркек болуп калбайт. Аялзатын аяган, сыйлаган, сөзүнө турган, үй-бүлөсүн коргой алган, балдарын, аялын, ата-энесин бактылуу кыла алган эркекти чыныгы эркек деп ойлойм. Ал эми аялзатын кордогон, кемсинткен, кол көтөргөндөрдү эркек деп эсептебейм. Акыркы кезде аял менен эркектин ролу алмашып кетти. Алсыз эркектердин жанында аялдар күчтүү болууга мажбур болуп жатышат. Бул көрүнүш өкүндүрөт.
– Тилекке каршы. Бир нече жылдан бери ишкерлик менен алектенип келе жатасыз. Ийгиликтин сырын издеген жаштарга эмне кеңеш берер элеңиз?
– Ийгиликке жетүүнүн эң негизги эрежеси – эмгек. Максатты туура коюп, бир иштин майын чыгара жасаш керек. Анан өзүңө жаккан ишти аркаласаң, жакшы жыйынтыкка жетесиң. Дагы бир кеңеш, барга көппөй, жокко чөкпөш керек. Адамдарды иргеп мамиле кылуу туура эмес. Баарыбыз бирдей экенибизди, баарыбыз жылаңач келип, жылаңач кетерибизди унутпашыбыз зарыл. Түз жүрүп, өз жолуңда аракет кыла берсең, Кудай берет. Кудайдын берери чексиз.
– Сизге атак-даңк келген учур болгон. Азыр артка кылчайганда «жылдыз оорусуна» кабылган экенмин» деген ой келбейби?
– Жок. Мени кичинемден апам «барга көппө, жокко чөкпө» деп тарбиялаган. Атам барда барчылыкты көрдүм. Эсимде, бала бакчага мага күндө жаңы кийим кийгизип алып барышчу. Ошол эле кезде жокчулукту да көрдүм. Адамдын дээринен болсо керек, «жылдыз оорусу» мага жеткен жок. Болгону бетке айткан мүнөзүм үчүн айрымдар бой көтөрөт деп ойлоп калышы мүмкүн.
– Бийлик, байлык, атактуулук баары бир адамды өзгөртөт да.
– Айрымдарды өзгөртөт. Бирок мени эмес. Эң негизгиси адам жөнөкөй, адамгерчиликтүү болушу керек деп эсептейм. Кудай берип сынайт. Бергенде өзүңдү кармашың керек.
– Жашоодо өзүмдү таптым деп ойлойсузбу?
– Жасаган жумушум жагат. Бирок 100 пайыз өзүмдү таптым деп айта албайм. Дагы да ачыла элек "сандыктарым" бар болушу керек. Дагы көп нерсе үйрөнүп, көп иш жасагым келет.
– Толуп кеткениңиздин себебин сурасам болобу?
– Ар адамдын организми ар кандай экен. Төрөгөндөн кийин толуп кеттим. 5 жылда кесарево жолу менен 3 бала төрөш оңой эмес да. Бирок бул катастрофа эмес. Негизгиси ден соолук берсин. Мага жолдошумдун пикири маанилүү. Ал «мен сени кандай болсоң, ошондой сүйөм. Арыктабай эле кой. Мага ден соолугуң менен керексиң. Мен сенин жан дүйнөңдү сүйөм» дейт. Күйөөмө ыраазымын. Бирок өзүм үчүн арыктаганга аракет кылып жатам.
– Шоу-бизнеске кайтсак, азыркы шоу-бизнеске кандай баа бересиз?
– Ар бир ырчынын өзүнүн угарманы бар. Мен аракет кылгандардын баарын сыйлайм. Азыр бизде шоу-бизнес акырындан өнүгүп жатат. Ал мени сүйүндүрөт.
– Маегиңизге рахмат. Ишиңизге ийгилик!
Перизат Музуратбекова
star@super.kg