«Жылдын супер футболчусу»

Жыйынтык

Башка сурамжылоолор


Архив
844   845   846   847   848   849   850   851   852   853   854   855   856   857   858   859   860   861   862   863   864   865   866   867   868   869   870   871   872   873   874   875   876   877   878   879   880   881   882   883   884   885   886   887   888   889   890   891  
792   793   794   795   796   797   798   799   800   801   802   803   804   805   806   807   808   809   810   811   812   813   814   815   816   817   818   819   820   821   822   823   824   825   826   827   828   829   830   831   832   833   834   835   836   837   838   839   840   841   842   843  
740   741   742   743   744   745   746   747   748   749   750   751   752   753   754   755   756   757   758   759   760   761   762   763   764   765   766   767   768   769   770   771   772   773   774   775   776   777   778   779   780   781   782   783   784   785   786   787   788   789   790   791  
687   688   689   690   691   692   693   694   695   696   697   698   699   700   701   702   703   704   705   706   707   708   709   710   711   712   713   714   715   716   717   718   719   720   721   722   723   724   725   726   727   728   729   730   731   732   733   734   735   736   737   738   739  
635   636   637   638   639   640   641   642   643   644   645   646   647   648   649   650   651   652   653   654   655   656   657   658   659   660   661   662   663   664   665   666   667   668   669   670   671   672   673   674   675   676   677   678   679   680   681   682   683   684   685   686  
583   584   585   586   587   588   589   590   591   592   593   594   595   596   597   598   599   600   601   602   603   604   605   606   607   608   609   610   611   612   613   614   615   616   617   618   619   620   621   622   623   624   625   626   627   628   629   630   631   632   633   634  
531   532   533   534   535   536   537   538   539   540   541   542   543   544   545   546   547   548   549   550   551   552   553   554   555   556   557   558   559   560   561   562   563   564   565   566   567   568   569   570   571   572   573   574   575   576   577   578   579   580   581   582  
479   480   481   482   483   484   485   486   487   488   489   490   491   492   493   494   495   496   497   498   499   500   501   502   503   504   505   506   507   508   509   510   511   512   513   514   515   516   517   518   519   520   521   522   523   524   525   526   527   528   529   530  
427   428   429   430   431   432   433   434   435   436   437   438   439   440   441   442   443   444   445   446   447   448   449   450   451   452   453   454   455   456   457   458   459   460   461   462   463   464   465   466   467   468   469   470   471   472   473   474   475   476   477   478  
374   375   376   377   378   379   380   381   382   383   384   385   386   387   388   389   390   391   392   393   394   395   396   397   398   399   400   401   402   403   404   405   406   407   408   409   410   411   412   413   414   415   416   417   418   419   420   421   422   423   424   425   426  
322   323   324   325   326   327   328   329   330   331   332   333   334   335   336   337   338   339   340   341   342   343   344   345   346   347   348   349   350   351   352   353   354   355   356   357   358   359   360   361   362   363   364   365   366   367   368   369   370   371   372   373  
264   265   266   267   268   269   270   271   272   273   274   275   276   277   278   279   280   281   282   283   284   285   286   287   288   289   290   291   292   293   294   295   296   297   298   299   300   301   302   303   304   305   306   307   308   309   310   311   312   313   314   315   316   317   318   319   320   321  
217   218   219   220   221   222   223   224   225   226   227   228   229   230   231   232   233   234   235   236   237   238   239   240   241   242   243   244   245   246   247   248   249   250   251   252   253   254   255   256   257   258   259   260   261   262   263  
176   180   181   182   183   184   185   186   187   188   189   190   191   192   193   194   195   196   197   198   199   200   201   202   203   204   205   206   207   208   209   210   211   212   213   214   215   216  
Популярдуу макалалар

ЖЫНЫСТЫК ЖАКТАН АЛСЫЗ ЖАШТАР КӨБӨЙДҮ

№891 28-ноябрь - 4-декабрь, 2019-ж.


Акыркы жылдары эркектердин жаш узактыгы аялдардыкына караганда 7-10 жылга азайып кеткени маалым. Ал эле эмес урологиялык оорулар менен ооругандардын, жыныстык жактан алсыздардын саны да өсүп барат. Бул жаатта медицина илимдеринин доктору, Урология илим изилдөө борборунун директору Акылбек Усупбаев ой бөлүшөт.

“БАШКЫ СЕБЕПКЕРИ – СТРЕСС, ТАМЕКИ ЧЕГҮҮ”

- Өлкөдө жыныстык жактан алсыз эркектердин саны көбөйдү. Мунун себеби эмнеде? Көпчүлүк эркектер ооруса же төшөктө бел кубаты начарласа убагында текшерилип, дарыланууга мүмкүнчүлүк ала албай жатышат. Буга ички жана тышкы миграция, акчанын тартыштыгы, аймактарда урологдордун жетишсиздиги себеп. Булардан тышкары стресс, семирүү, аз кыймылдуулук, ичкилик ичүү, тамеки чегүү, туура эмес тамактануу, жыныстык катнашка эрте аралашуу да бар. Атеросклероз, жогорку кан басым, кант диабети, жыныстык жактан жугуучу оорулар (сифилис, гонорея, хламидиоз жана башка) жана табарсык, жумурткалыктын оорулары да жыныстык жактан шалдыкка жеткирүүдө. Дарыланууга мүмкүнчүлүгү бар эркек деле убагында урологго же сексопатологго баруудан тартынат же кийин барам деп жүрө берип оорусун өтүштүрөт. Биздин урологиялык борбор “Эркектер жумалыгын” өткөргөндө 20дан 80 жашка чейинки 20 000 эркек текшерүүдөн өттү. Алардын 70 пайызында урологиялык түрдүү оорулар (простатит, пиелонефрит, бөйрөктүн таш оорусу жана башка) бар болуп чыкты. 20 пайызы простатиттин залалсыз шишик оорусу (аденома), 10 пайызы тукумсуздук жана төшөктөгү алсыздыктан жапа чегери белгилүү болду.

Жыныстык жактан алсыз жана шал болууга 35-40 жаштан тарта кездешип жатышат. Семирүү жана аз кыймылдуулукта жыныстык гормондор аз иштелип чыгып калат. Тамеки чеккенде кан тамырлар ичкерет да, кан айлануу, анын ичинде жыныстык мүчөлөрдөгү кан айлануу бузулат. Ичкиликти көп ичкенде алкоголь нерв системинин иштөөсүнө терс таасирин берип, жыныстык функцияны бузуп, алсыздыкты, кийин шалдыкты жаратат. Жыныстык жактан алсыздыктын келип чыгуу себебине жараша дарылоо ыкмалары колдонулат.

Мисалы, дары-дармектер жана хирургиялык жол менен дарылоо, массаж, дарылоочу физкультура, психотерапия. Кичи жамбашты жана жука чурайды массаждоодо кан жана зат айлануу жакшырып, кан тамырлар кеңейсе, дарылоочу физкультурада интимдик зонада керектүү булчуңдар чыңдалат. Хирургиялык операцияга фаллопластика операциясын жасоо кирет.

“СЕМИРҮҮ, ОТУРУП ИШТӨӨ РАККА ЖЕТКИРЕТ”

- Урук чыктагыч безинин (простата) рак оорусуна семирүүнүн таасири бар. Эмнеге дегенде Д витамининин жетишсиздиги, семирүү, отуруп иштөө (жамбашта кан аз айланып, клеткаларга кычкылтек нормадагыдай барбай, алардын түзүлүшү өзгөрүшү мүмкүн) да түрткү болот. Мындан тышкары эт, малдын майы, куурулган, ышталган тамактарды, фастфуддарды көп жегендик да алып келет.

Эркектердин тукумсуз болуп калуусуна кант диабети, простатит, инфекциялык оорулар менен кошо гипогонадизм оорусу да жеткирет. Гипогонадизм эмне болгон дарт? Гипогонадизм – эркектин организминдеги тестостерон гормонунун иштелип чыкпай калышы же азайып кетиши. Аталган гормон урук безинде иштелип чыгат жана эркекке эркектик касиеттерди берет. Тестостерондун жетишсиздиги же иштелип чыкпашы урук безинин жаракатка кабылышынан, инфекциядан, варикоцеле (жумуртка баштыкчасындагы вена кан тамырынын кеңейип кетиши) жана крипторхизм оорусунан, эн безинин тубаса жок болушу же өспөй калуусунан болот. Крипторхизм – туулганда эле 2 жумуртканын же бирөөсүнүн жумуртка баштыкчасында болбой, ич көңдөйдө же жука чурай каналында калып калышы. Ушундан улам жумурткаларга доо кетип, кийин тестостерон гормону аз бөлүнүп чыгат же чыкпай калат.

Чоңдордогу тестостерондун жетишсиздигинин белгилери: эрекция начарлайт, булчуңдар кичирейет, майлар ичте жана капталда топтолот, сөөк борпоң тартат, түктөр аз өсүп, үн ичкерет. Кимде гипогонадизм оорусу бар болсо текшерилип, дарылануусу керек. Жумурткалар тубаса жок болсо анда айла жок. Кийин тукумсуз болуп калбашы үчүн эркек баланы туулганда эле урологго же хирургга текшертүү кажет.

“ЦИСТИТ ЭРКЕКТЕРДИН 15-20 ПАЙЫЗЫНДА КЕЗДЕШЕТ”

- Цистит десе эле аялдарга таандык оору деп түшүнүү туура эмес. Цистит эркектердин 15-20 пайызында кездешет. Курч кармаганда дарыланбаса өнөкөт түргө өтүп кетет. Себепкерлери: урук чыктагыч бездин (простатит) сезгениши, жыныстык жактан жугуучу инфекциялар, уретранын ичкерип кетиши, бөйрөктүн пиелонефрит жана таш оорусу, суукка урунуу. Аялдардыкына караганда олуттуу жана оор өтүүчү оору. Дарыланбаса пиелонефрит, бөйрөктүн абсцесси, сепсис, простатит, аденомага жеткирет.

Эркекпи, аялбы заарасынын түсүнөн урологиялык кандай ооруга чалдыкканын биле алат. Башкача айтканда зааранын түсү – ден соолуктун күзгүсү. Зааранын түсү сары. Бирок тамак-ашка кошулган кызылча, сабиз, аспирин жана заара кубалоочу дарылардан улам заара кызгылтым же кызгылт-сары болуп калат. Эгер зааранын өңү күрөң болуп калса, анда гломерулонефрит оорусу бар. Гломерулонефрит – бөйрөктүн нефрондорунун (түйдөкчөлөр) сезгенип, кандын курамын чыпкалоо жөндөмдүүлүгүнүн төмөндөшү.

Простатитте заара киргилт тартат, сүзүп жүргөн “жипчелер” байкалат. Заара түтүкчөсү жаракатка кабылганда, аденомада, бөйрөктүн жана табарсыктын таш оорусунда заара кан аралаш чыгат.

“ЭРКЕК ОТУРУП ЗААРА УШАТКАН ООРУ”

- Заара чыгаруучу түтүкчөнүн оозунун жыныстык мүчөнүн башында эмес, башка жагында, мисалы, ортосунда, аягында, чатка жакын жайгашып калуусу – гипоспадия деп аталат. Мындай дарт менен туулган балдар туруп заара ушатканда чачырай бергендиктен кыздарга окшоп отуруп заара ушатып калат. Бул дарт тубаса болот. Акыркы кездерде мындай оору менен туулган ымыркайлардын саны көбөйүп баратат. Дарттын жаралуу себептерине тукум куучулук, гендин мутацияланышы, бала ичте экенинде энесинин ичкилик же өз алдынча дары ичкени, тамеки чегүүсү, жыныстык жактан жугуучу оорулар менен оорушу кирет.

Гипоспадияда жыныстык мүчө кичинекей, кыйшык болот жана жумуртка баштыкчасында жайгашып калат. Ошондуктан жаңы туулганда жыныстык мүчө клитор катары кабыл алынып, баланын жынысы кыз деп жазылып калат.

Бир жолу биздин урологиялык борборго жашы 4 жана 6 жаштардагы 2 баланы алып келишкен. Алардын күбөлүгүндө кыз деп жазылып, экөө кыздардай болуп заара ушатып жүргөн. Бирок чоңоё башташканда эркек балдардын оюндарын ойноп, күрөшө башташкан. Текшергенде эркек экендиктери билинди. 2 этаптуу операция жасап, толук кандуу эркек кылып чыгарган соң күбөлүгүн алмаштырып, эркек деп жаздырышкан.

Кийинки кездерде бөйрөктүн эхинококкоз оорусу да кездешип жатат. 1 жылда 10 чакты адам кайрылат, көбү эркектер. Эхинококкоз мите курт оорусу жана көбүнчө иттен жугат. Операция жолу менен дарылап айыктырууга туура келет. Эгер ичинде мите курттар бар ыйлакчалар бөйрөккө жайылып кеткен болсо, бөйрөктү алып салууга туура келет. Андыктан ооруну жугузуудан сак болуу керек. Окурмандарга айтарым, ооруну башталганда сен тоготпой койсоң, кийин ал сени гана эмес, врачты да тоготпой коёт. Андыктан оорубаганга аракет кылып, ооруганда дароо текшерилип дарылануу кажет. Сергек жашоо образын карманып, жаман адаттардан арылуу зарыл.

Канымжан Усупбекова
densooluk@super.kg



"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  2 
Комментарийлер(4)
02.12.2019. 14:42 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
26
Катталган:
02-07-2015
Соӊку аракети:
08-12-2019 00:41
Жынысы:
Белгисиз
+5
Дене тарбия көнүгүүлөрүн үй шартында эле жасап турууга бир аз жалкоолук тоскоол болот көбүнчө
02.12.2019. 23:22 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
21
Катталган:
31-08-2017
Соӊку аракети:
08-12-2019 13:54
Жынысы:
Белгисиз
+3
mirlanpiter,кошулам мен дагы көнүгүү жасап баштап жалкоолук мойун жар бербей унутуп дагы койосуң))))))))))
03.12.2019. 13:10 
Тайпасы:
Конок
Комментарийлердин саны:
Катталган:
14-11-2019
Соӊку аракети:
08-12-2019 14:10
Жынысы:
Белгисиз
+3
Азыр жаштарга өмүр берсин эми, жалкоолукту токтотуш керек
03.12.2019. 20:02 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
51
Катталган:
29-10-2013
Соӊку аракети:
07-12-2019 22:37
Жынысы:
Белгисиз
0
Азыркы учурда экология жана тамак-аш да чоң роль ойнойт. Ошондуктан организимди маал-маалы менен тазалап, тиешелүү витаминдер менен толуктап турса эле баары жакшы болот. Мисалы, мурун ата бабалар таза абада кымызды ичип, жылкынын этин жеп эле 80-90 жашта да ата боло алышкан. Мисалы, ХХХХ компаниясындагы бир эле эженин практикасында "тукумсуз" деп үмүт үзгөн 6 эркек балалуу болуптур. Тукумсуз болбойт, болгону "суюктугунун" %ы төмөндөр организмин керектүү элементтерге толуктаса
Модератор admin_portal түзөттү 2019-12-06 15:28:01
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 7 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 7) бул макаланы окуду:

Макалалардын саны:
23288;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2019 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Жибек Жолу проспектиси 381
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: