ТОКТОГУЛДА 1-КЛАССТЫН ОКУУЧУСУ КАТУУ САБАЛЫП, ООРУКАНАГА ТҮШТҮ

15-ноябрь күнү Жалал-Абад облусунун Токтогул районуна караштуу Торкен айылында 1-класстын окуучусу катуу сабалып, ооруканага түшкөн. Жабырлануучунун ата-энеси баланы мектепте жогорку класстын окуучусу сабаган десе, мектеп директору муну четке кагууда.

“БАЛАМДЫ ТАЯК МЕНЕН САБАПТЫР”

Жабырлануучу Ынтымак Меймановдун атасы Коммунистбек Абазжанов уулу сабалганын алгач билген эмес. Ал окуя тууралуу буларды айтты:

– 15-ноябрь күнү балам мектептен чыгып баратканда 8-класстын окуучусу чакырып алып, спорт залга алып кириптир. Ал жерден баламдын жанындагы болгон акчасын алып, таяк менен колу-бутуна, далысына катуу уруп-сабаптыр. Балам ал күнү аны өзүнөн жогорку класстын окуучусу урганын айткан эмес, мен кийин билдим. Ал күнү мектептен чыгып агамдын үйүнө барып жатып калган. Ал жерде 2 күн болгон, бирок эч кимге айтпаптыр. Уктаарда кийип жатуучу кийимин чечпей эле үстүнөн жемпирин кийип жүрө бергени үчүн байкем да, анын үй-бүлө мүчөлөрү да байкабаптыр. Мен ал күнү жумуштар менен бир жакка кеткен элем. Келгенимде балам өзүмө  айтып берип, чечинтип карасам денесинин баары көк ала. Абалы оор болуп, дароо Бишкектеги Эне жана баланы коргоо борборуна алып жөнөдүк. Ал жерде 10 күндөй жатып, 26-ноябрь күнү үйгө чыгарышты, бирок толук кандуу айыга элек. Дары-дармектерин өзүм алып берип жатам, азыр Бишкекте эжемдин үйүндө жатат. Тергөө иштери башталып, азыр ошону менен алек болуп жүрөм.

“БАЛАГА ПСИХОЛОГИЯЛЫК ЖАРДАМ КЕРЕК”

Эне жана баланы коргоо борборунун нейрохирургия бөлүмүнүн башчысы Бакыт Карачев баланын абалы тууралуу буларга токтолду:

– 19-ноябрь күнү биздин бөлүмгө 2012-жылы туулган Ы.М. аттуу бала келип түшкөн. Абалы орточо оор болчу. Денесинин баары көк ала, теринин асты канталап кеткен абалда жеткирилди. Мээ чайкалуу менен, кол жана буттун тери астындагы жумшак булчуңдардын көп стадиялуу жаракаттанышы деген диагноз коюлду. Керектүү дарылоо көрсөтүлгөндөн кийин 26-ноябрь күнү үйүнө чыгарылды. Балага мындан ары психолог-невропатологдун жардамы керек. Жаракаттар уруп-сабоодон алынган жаракатка окшош, башынан бутуна чейин көк ала. Эгер жыгылып кетсе же башка нерсе болсо андай издер калбайт болчу деп божомолдоодобуз.

“МЕКТЕПТИН КОРООСУНДА БОЛГОН ЭМЕС”

Ал эми бала окуган Т.Ашыралиев атындагы орто мектебинин директору Элнура Мусабаева “окуя мектеп короосунда болгон эмес” деп маалымат берди:

– Бул окуя мектептин короосунда болгон эмес. 1-класстын окуучусу Ынтымак Мейманов мектептен саат 12:25те чыгып кеткен. Ал эми аны урду делген 8-класстын окуучусу Д. аттуу бала саат 13:15ке чейин мектепте болгон. Ал 6-сааттагы сабакта отурган. Классташтары баары эле аны “биз менен чогуу кеткен” деп жатышат. Ынтымакты урду дегенге далил жок болуп жатат. Андан тышкары Ынтымак “мени урду” деп бир мугалимди көрсөтүптүр. Бирок ал мугалим май айынан бери мектепте иштебейт. Баланы психологиялык жактан да тыкыр текшертиш керек деп ойлойм. Мен бул окуя тууралуу 15-ноябрда эмес, 17-ноябрда, жекшемби күнү атасы телефон чалып айтканда билдим. Мектептин ичинде болсо биз билмекпиз да. Азыр бул иш боюнча териштирүү иштери жүрүп жатат, биз өзүбүздө болгон бардык маалыматтарды тергөөгө бердик. Мен азыр окуя мектепте болгон эмес деп толук кандуу айта алам, калганы териштирүү иштери бүткөндө ачыкка чыгат.

“БАЛА МЕКТЕПТЕ САБАЛГАНЫ ЧЫНДЫК”

Жалал-Абад ОИИББинин басма сөз кызматы баланы уруп-сабоо фактысы мектеп короосунда болгонун тастыктап, иш сотко чейинки өндүрүшкө алынганын айтат:

– 2019-жылдын 19-ноябрь күнү Бишкек шаарындагы Октябрь райондук ички иштер бөлүмүнө Токтогул районунун 1973-жылы туулган тургуну К.А. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Ал арызында Токтогул районунун Торкен айылында 2012-жылы туулган Ы.М. аттуу баланы Д. аттуу бала катуу уруп-сабаган деп жазган. Бул боюнча топтолгон материалды жеринен текшерүү үчүн кайрадан Токтогул РИИБине жиберилди. Токтогул РИИБинде кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестирине 65-берененин (уруп-сабоо) негизинде каттоого алынып, текшерүү иштери жүргүзүлдү. Анын натыйжасында чындап эле Торкен айылындагы мектепте сабак бүткөндөн кийин түшкү саат 12:30-13:00 чамасында 8-класстын окуучусу Д. 1-класстын окуучусу Ы.Мны уруп, денесине залал келтиргени аныкталды. Учурда сотко чейинки өндүрүштүн негизинде соттук-медициналык экспертиза дайындалып, тергөө иштери улантылууда.

Баланы сабады деген Д. аттуу окуучунун ата-энеси менен байланышууга мүмкүнчүлүк болгон жок. Эскерте кетсек, бир жума мурун Жалал-Абаддын Аксы районунда окуучу кыздар арасында уруш орун алып, мектеп директору иштен алынган. Ошондой болсо да, тилекке каршы, мектептердеги коркутуп акча жыйноо, жогорку класстын окуучулары кичүү класстын балдарын коркутуусу тыйылбай келет.

Айпери Хожаева
koom@super.kg

 Кыстарылган видео 
Сабалган окуучу тууралуу дарыгер: “Денеси башынан бутуна чейин көгөргөн“
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (8)
knk
2019-12-02 09:27:59
Бул азыркы коомдун оорусу. Бул биздин буга чейинки кайдыгерлигибизден келип чыкты. Дагы ушинтип жүрө берсек башка оорулар чыга баштайт.
+5
AykaMer
2019-12-02 09:47:09
Бала катуу сабалган,коркуп калган,ошол үчүн урган баланы айталбай стресс болуп ар кайсыны айтып жатат. Урматтуу директор эгер сабалган бала психологиялык оорулуу болсо 1- сентябрь күнү сиз каякта элеңиз окууга алып жатканда?! Сиз директорсуз,педагогсуз балдардын бирин өйдө бирин төмөн кылганга болбойт муну билишиңиз керек.Баарына бирдей мамиле жасаңыз,адилеттүүлүк орнотуңуз. мектептен сырткары болгон,анан 8- класс сабакта болгон деп эптеп наркыга жан басып кутулуп кетпей.Өзүңүздүн балаңыз сабалг
+11
Ai_2699
2019-12-03 11:54:31
AykaMer, психически оору деген жокко, жакшылап текшертиш керек деп жатат
0
katerina.li
2019-12-02 21:01:44
Директор ду жумуштан алыш керек,ушундай жооп бергени учун.
+10
Mintip-menu-suybo
2019-12-02 23:51:49
Ошо мени жумуштан алат деп калп айтып жатат да директор
+4
Altyn10076
2019-12-03 02:38:18
Директор окуучулардын үйрөтүп койгон болуш керек сабакта олтурган деп айткыла деп. Антпесе жумуштан алынат.
+6
Jyldyz0704
2019-12-03 12:48:55
Биринчи 1-класстын окуучусун сабаган 8-класстын окуучусун психикалык текшерүүдөн өткөрүү керек.
+4
din_tomas
2019-12-03 14:11:52
Рекетчилик болуп келген жана боло берет, бирок жогорку класстарда гана болот эле... Атааңгөрү биздин убактагы рекетчилик, бизден улуулар бизди кыздарды, кичүү класстагы чүрпөлөрдү коргоого милдеттендирчү, арабыздан кимдир бирөнүн карындаш-эжесин бирө капа кылган болсо, барылап аны соо койбойт элек ортого алып, кышкысын эрте караңғы кирген убакта, братандар айылдан алыс жашаган кичүү класстын окуучуларын жеткирип келүүгө жөнөтүшөт эле))) азыр не балээ болгон(((
+5
№ 891, 28-ноябрь - 4-декабрь, 2019-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан