КОЙ (21.03-20.04)
Аптада убакытты туура бөлүштүрүп, баарына жетишүү керек. Аласа-береселерди такташасыз. Мүмкүн, сизден бирөөлөр карызын доолап келет. Кызыктуу жолугушуу, майда буюмдарды сатып алуу, жумушта жакшы өзгөрүүлөр күтүлөт. Соода жаатындагылар товардын санын, түрүн көбөйтүүнүн үстүнөн ойлонушат. Апта акыры чыгармачылык эргүү алып келет.
БУКАЧАР (21.04-20.05)
Аптада тынчтык эмне экендигин унутасыз. Күнүмдүк иштер менен кошо мурунку бүтпөгөн ишти да бүтүрүү керек болот. Жакыныңыздан жардам берүүсүн сураныңыз. Күттүрбөй конок келүүсү мүмкүн. Салтанаттуу иш-чарага чакырык алууңуз ыктымал. Туугандар менен чогуу кайсы бир иш үчүн акча чогултасыздар. Жолдо жүргөндө балдарга сак болуңуз.
ЭГИЗДЕР (21.05-21.06)
Аптада жумушуңузда жагымсыз жаңылык болушу күтүлүүдө. Бул абалды көп талкуулоонун кереги жок. Эски досуңуз кайсы бир маселени кабыргасынан коёт. Аны чечүүнү кийинкиге жылдырыңыз. Үйдүн жайлуулугун ойлоп, буюм сатып алууңуз мүмкүн. Түгөйүңүз кызыктуу сунуш айтып, аны чогуу талкуулайсыздар.
БӨЙӨН (22.06-22.07)
Пайдалуу таанышууларга кез келесиз. Алардын арасында ишке орношууга же бизнесиңизге жардам кылчу адам болот. Үйдөгүлөр менен акча жаатында талашып-тартышасыз. Анткени телефон же башка буюм алам деген бирөө чыгат. Стресстин алдын алып, досторго кысым көрсөтүүдөн, түгөйүңүздү кызгануудан алыс болуңуз. Чакан белек алышыңыз мүмкүн.
АРСТАН (23.07-23.08)
Аптада алыс жолго чыкпай, сырт келбетти өзгөртүүгө киришпей туруңуз. Ылайыктуу убакыт эмес. Сүйлөшүүлөрдө, иште бир нерсени өз кызыкчылыкка өндүрүү үчүн харизманы колдонуу кажет. Ички дүйнөңүздү байыта турган адам менен аңгемелешесиз. Бирөөлөр материалдык колдоо көрсөтөт. Үй жылытууда мештин же электр жылыткычынын абалына көз салыңыз.
БИЙКЕЧ (24.08-23.09)
Аптада сизди сюрприз кубандырат. Аны жан шеригиңиз же жакын досуңуз уюштурат. Көптөн бери кабар алышпаган досуңуз конокко келүүсү мүмкүн. Самаган буюмуңузду арзандатылган баа менен сатып алууга мүмкүнчүлүк чыгат. Интеллектуалдык активдүүлүк жогорку деңгээлде болгондуктан жаңы маалыматтарды өздөштүрүүгө киришиңиз.
ТАРАЗА (24.09-23.10)
Иште жетекчиликтин же бирге иштешкен адамдын кежирлиги жиниңизге тиет. Ушак жана интригага аралашпаңыз. Үйдө түшүнүүчүлүк орун алат жана киреше кирет. Балдар үчүн Жаңы жылга карата пландарды түзөсүздөр. Мал сатуу же сатып алуу зарылчылыгы чыгат. Апта аягында сасык тумоолоп же өнөкөт ооруңуз козголуп дарылана баштооңуз мүмкүн.
ЧАЯН (24.10-22.11)
Аптада майда сөз жана чырлар көп болот. Өз укугуңузду талашып кежирленбей, шартка жараша болгонуңуз оң. Капыстан чыккан маселе боюнча туугандар менен акылдашасыз. Чакырган жерге баруу үчүн гардероб жаңыртууңуз ыктымал. Бойдоктор сөз айткан адамынан “ооба” деген жооп алышат. Бул, албетте, романтикалык белек даярдоого түртөт.
ЖААЧЫ (23.11-21.12)
Жагымсыз окуяга күбө болосуз. Бирөөлөрдүн таламын талашып, окуяга аралашасыз. Коомдо болуп жаткан окуялар да бүйүрүңүздү кызытып, өз пикириңизди айтып чыгасыз. Киреше алып келчү планыңызга кирише баштооңуз ыктымал. Үйдөгүлөрдүн бири жакшы жаңылыгы менен кубантат. Апта акырында алыстан келген туугандар менен көрүшөсүз.
ТЕКЕЧЕР (22.12-20.01)
Үйдөгү буюмдардын ордун алмаштырып жайгаштыруу, тиричилик маселелерин чечүү менен алектенесиз. Мүмкүн, бирөөлөрдөн карыз сурайсыз. Элге жайылып кетпеши үчүн жеке сырларыңызды эч кимге ишенип айтпаңыз. Жолугушууда кызыл тилдүүлүккө салсаңыз олжо өндүрүп ала аласыз. Автоунааны же электр шайманын оңдотууга аргасыз болосуз.
СУУ КУЯР (21.01-19.02)
Планды ишке ашыруу үчүн керектүү адамдарга жолугуу, белгилүү суммадагы акчаны жумшоо керектелет. Жакын адамыңыз көңүл коштугу менен таң калтырат. Үй-бүлө мүчөлөрүнүн бири кошумча акча иштеп табуу жаатында сунушун айтат. Жолдо жүрүүдө шашпаңыз, болбосо кийимиңизди жыртып же буюмуңузду унаада унутуп кетишиңиз мүмкүн.
БАЛЫК (20.02-20.03)
Апта жумуштагы текшерүүлөр, отчёттор, кыска сапарга чыгуулар менен коштолот. Балдарга жана ата-энеңиздин жашоосуна көңүл буруп, керектүүлөрүн алып бериңиз. Сүйүктүүңүз менен мамилеңиз жакшы жакка өнүгөт. Социалдык тармактарга өтө курч жана одоно пикирлерди жазуудан кармануу керек. Достор менен чогуу бир нерсени талкуулайсыздар.