ВАЛЕНТИНА ШЕВЧЕНКОНУН КИЙИНКИ АТААНДАШЫ БЕЛГИЛҮҮ БОЛДУ

UFC уюмунун жеңил салмактагы чемпиону, Кыргыз мушкер айымы Валентина Шевченконун кезектеги беттеши качан жана атаандашы ким болору аталган уюмдун сайтында расмий жарыяланды.

Шевченко чемпиондук наамын 2020-жылдын 8-февралында UFC 246 турниринде коргойт. Буга чейин Шевченко эки жолу чемпиондук курун ийгиликтүү коргой алган. Ал беттештерде "Сары кыз" Жессика Ай жана Лиз Кармушту жеңип алган.

Бул жолку атаандашы 30 жаштагы америкалык Кэтлин Чукагян болот. Ал карьерасында 15 жолу беттеш өткөрүп, анын 13үндө жеңишке жетсе, экөөндө утулуп калган.


Кубан Жумамидинов
sport@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 891, 28-ноябрь - 4-декабрь, 2019-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан