Былтыр, 2018-жылдын жыйынтыгында “Ата” тасмасы “Жылдын супер тасмасы” наамына татыган. Быйылкы жылы “Такебай” тасмасы эл сүймөнчүлүгүнө ээ болуп жаткан учуру. Бакыт Осмонкановдун тамашоучудан сценарий жазганга, андан актёрлукка, кийин режиссёрлукка кантип өткөнүн, жубайы менен талаш-тартышы эмнеден чыгарын билгиңиз келсе, деги эле бул жигит сизди кызыктырса маекти окуңуз.
– Бакыт, кандай жаңылыктар менен келдиң?
– “Напарниктер-2” тасмабыз хит болуп жатат. Жакында эле “Жер тоголок” теледолбоору Кыргызстандын АКШдагы элчилигинин колдоосу менен ал жактан көрсөтүлдү. Дагы эмне жаңылыктарым бар эле?..
– Жакында унааңды тротуар менен айдап сынга кабылдың.
– Ии, аны унутуп калган турбаймбы. Элден калбай мен деле чыр-чатак менен таанылып калдым (күлүп). Кичине эле нерседен укмуш сөз болуп кетти, өзүм да таң калдым. Баары эле социалдык тармактагы баракчаларына чыгарып жатып калышты. Албетте, бул жоругум туура эмес, кечирим сурап, тиешелүү айып пулду төлөдүм.
– Режиссёр катары сандыгыңда канча тасма болду?
– 5 тасма тарттым. Биринчи тасмам – “Напарниктер”. Андан кийинки тарткан “План Б” тасмасы ошол жылы прокаттан эң көп киреше тапкан кино болду. Кийин “Ата” тасмасын тартып силердин сыйлыгыңарды алдым. Анан “Такебай”, “Напарниктер-2” тасмаларын элдин назарына сундум. Андан тышкары “Сүйүктүүмдүн каарманы”, “Бир тууганчик”, “Апамды издеп” тасмасынын биринчи жана экинчи бөлүгүнүн сценарийлерин жаздым.
– Тобокелчилик кылбай туруп кино тартуу мүмкүн эмес дешет...
– Эл ишенбеши мүмкүн, бирок мен кинону акча табыш үчүн эмес, чыгармачылык үчүн тартам. Тасмам аркылуу оюмду түшүндүрүп бере алсам болду. Элге жагып, боору эзилгиче күлүп кетишсе экен деген ой болот. Анын артынан акча келеби же келбейби, ал экинчи маселе. Мисалы, “Ата” тасмасын тарттым, бул элге аябай жакты. Бирок финансы жактан кирешелүү болгон жок, ошентсе да түйшүгүнө эч бир өкүнгөн жокмун. Бирок бул тасмадан кийин мен сыйлаган, кино дүйнөсүндө орду бар агалардын жакшы пикирлерин уктум. Режиссёр үчүн киносуна жакшы пикир уккандан жакшы нерсе барбы? Түрдүү жанрда тартып көргөнгө аракет кылып жатам, бул да чоң тобокелчилик. “Ата” тасмасы драма болгону үчүн элге жакшы алынбай калды деп ойлойм. Эл кинотеатрга эс алганы барат да. Жашоо өзү эле оор болуп жатса, эл кайгылуу нерсени көргүсү келбейт. “Жеңил-желпи эле тасма тарта бересиңер” дегендерге жооп кылып тарткан тасмам болчу. Чындап келгенде комедия – эң оор жанр. Элди күлдүргөнгө караганда ыйлаткан оңой эмеспи.
– Актёрлуктан режиссёрлукка, сценарий жазганга өтүп кеттиң. Сага кайсынысы жакын?
– Мен алгач сценарий жазып баштадым. Өзүңөр билгендей, юмор жазып, автор болуп келдим. Ошондуктан өзүмдү сценарист катары эсептейм, андан соң режиссёр, акыркы кезекте гана актёр болушум мүмкүн. Жакшы актёр эмесмин, бирок сценарист катары биринчи болбосом дагы өлкөдөгү 10 мыктынын катарына кирем деп ойлойм. Мен үчүн эң эле оор актёрлук. Ошондуктан менден кеңеш сурагандарга “окугула, балдар” деп көп айтам. Ал эми Жеңишти (ред.: Майрамбек уулу) таланттуу актёр деп айта алам. Эл “ал бир гана жиндиче жүргөн балдарды ойнойт” деп ойлошу мүмкүн. Бирок ага олуттуу роль берсең да мыкты ойнойт.
– Үч дипломдун ээси экенсиң, үчөө тең сандыкта катылган боюнча калдыбы?
– Башында эле мен чыгармачылыкка жакын кесипти тандайын дегем. Режиссёрлук, журналистика же психология жаатында окугум келген. Бирок мен ЖОЖго тапшыра турган жылдары бул кесипке талап жок болчу. Кино тартуу деген такыр жок эле. Ал эми психолог деген кесипти кыргыздар деги эле кабыл алчу эмес. Анан эмне кылам, акча таба турган экономист, юрист, дипломат кесиптерин тандадым. Бирок ушундай болгону туура болгон экен. Эгерде мен башынан режиссёрлукка окуй турган болсом, ал окуу жайы мага кандайдыр бир көнүмүш шаблонду илип салмак болуш керек. “Бакыт, мына ушундай кино тартыш керек” деген идеяга сугарылып калмакмын. “Андрей Тарковскийдин (ред.: орусиялык кинорежиссёр) же Төлөмүш Океевдин кинолорундай тартуу керек” дешмек. Бул аларды сыйлабагандык эмес. Андайлар дүйнөгө бир жолу эле жаралат. Эч ким Тарковский же Океев боло албайт. Сен өзүң гана боло аласың. Албетте, окуш керек. Менин деле чет өлкөдөн режиссёрлукту окуп келем деген кыялым бар. – Жубайыңдын юмору күчтүү экенин айтып келесиң. Ал өзүн өстүрүп, эл алдына чыгам десе макул болот белең?
– Сүйүнүп макул болмокмун. Бирок ал андай нерсеге кызыкпайт. Шоу чөйрөдө жүргөн жигиттердин келинчектери күйөөсүнүн аркасынан өз позицияларын бекемдеп, Инстаграмдан бизнес жасап, жок дегенде сулуулук салонун ачып жатышпайбы. Меники ага такыр кызыкпайт. Ал кызыккан нерселер такыр башка. Мисалы, ал азыр мугалим. Мурун банкта иштечү. Биздин чөйрөдөгү ызы-чууга такыр кызыкпайт. Мен деле азыр элден алыс болуп баратам. Интервью деле көп бергим келбейт. Социалдык тармактарга тынбай сүрөт киргизген "оорум" жок же хайпым жок. Кечелерге көп барбайм, барсам деле эки саат отуруп кетип калам. Мага кино тартуу эле жетиштүү. Ушул иш менен башка бир дүйнөгө кирип кеткендей жүрө берем.
– Аялынын ийгиликке жеткенинен көп эркек чочулайт дешет. Андай да “ооруң” жокпу?
– Жок, президент болсо деле макулмун. Аял дагы, эркек дагы өзү каалаган, сүйгөн нерсесин кылышы керек. Мен эч кандай тыюу салбайм. Сага бала төрөп берип, үй-бүлөңдү карап жатса, ага “аны кылба, муну кылба” дегенге эч кимдин акысы жок. Адамдар каалаганын кылышы керек. Болбойт деген нерселер бар, акылдуу адам аларды жакшы билет. Дегеним, эл “Бакыт аялына каалаган нерсесин кылдыртып, такыр эле эркиндик берип салыптыр” деп ойлоп калбасын.
– Демек, силерде такыр казан-аяк кагышпайт экен да...
– Ошо такыр казан-аяк кагышпаган үй-бүлө, менин оюмча, мандемдүү. Аял-эркек бугун чыгарып турушу керек. Биз эч качан урушпайбыз, табактар учуп сынбайт. Бирок, албетте, талаш-тартыштар болот. Башынан эле мен талашып-тартышканды жакшы көрөм. Ошол энергиямды туура нукка багыттайын деп мурун ток-шоулорго, талкууларга катышчумун. Талашып-тартышуу боюнча чемпион болгом. Бир маселени аягына чейин анализдеп, жиликтеп, “эмнеге андай, эмнеге мындай?” дей берип жеңип чыгышым керек. Азыр аялыма эле бугумду чыгарып жүрөм (күлүп).
– Өзүңдү сын көз караш менен карай алган да талант болсо керек?
– Ооба, менин көп эле жаман сапатым бар. Мисалы, Кудайдан жөө качкан өзүмчүлмүн. Кээ бирөө “жаман сапатың барбы” десе “жок” дейт го. Кантип эле бир жаман сапаты болбосун деп таң кала берем. “Бир тууганчикте” мен өзүмдү эле ойногом. Катыш-патыш, тиги-бу, уят, кошумча-алымча дегендерди такыр эле түшүнбөйм. Кабыл алгым да келбейт. Бирок үй-бүлө болуп жашагандан кийин кабыл алууга туура келет. Бул маселелерди апам менен келинчегим чечет. Андан сырткары көк бетмин, ажыкысмын, талашып-тартышканды жакшы көрөм. Тамакты төгүп-чачып жейм, тыкан эмесмин жана башка жаман сапаттарым бар. Ошол каталарым менен өзүмдү жакшы көрөм.
– Кино тартууну каалап, бирок баатырлык кыла албай жүргөндөргө кандай кеңеш бермексиң?
– Издениш керек. 90 пайыз эмгек, 10 пайыз лотереядан утуп алгандай ийгилик керек. Мисалы, мен 10 жыл бир тыйын албай КВНде ойноп жүрдүм. Эки барак алкыш баракчасын берип коюшчу. Эми ал макулатура да. Ошого жыргачубуз. Бирок мага бул чоң тажрыйба болду. Уйкусуз сценарий жазган учурлардын акыбети кайтты. Көптөгөн кишилер менен таанышып, чет өлкөлөрдү кыдырдык. 10 жыл акча албаганым менен, багажымды баа жеткис тажрыйбага топтоп алыптырмын.
– Рахмат! Бул жылы да сен тарткан тасма “Жылдын супер тасмасы” наамына ат салышып жатат. Ийгилик!
Нуржамал Жийдебаева
star@super.kg