Кыргыз, казак кино сүйүүчүлөрүнүн арасында Тауекел Мусилим деген ысым жакшы белгилүү. Бул күнгө чейин ал келишимдүү өң-келбети, таланты менен көз күйдүргөн бойдоктордун катарында эле. Бирок үстүбүздөгү аптанын башында актёр социалдык тармактагы жеке баракчасы аркылуу үйлөнгөндүгү тууралуу жар салды. “Аллага шүгүр, Махабатым жүрөгүмдө. Апабыздын алдынан өтүп, улуулардын батасын алдык. Той, буюрса, келерки жылы болот. Куттуктоолор менен жакшы тилектерге чоң рахмат” деп жазды ал.
Тауекелдин колуктусу Махабат Туктубаева 24 жашта. Ал былтыр Караганда мамлекеттик медициналык университетин аяктаган. “Мисс Караганда-2017” сулуулар сынагынан “Биринчи вице-мисс” наамын жеңип алгандан бери модель катары да эмгектенип келгени айтылууда.