“Сулуу кыз”, “Саманчынын жолу”, “Жүрөгүм” аттуу ырларын элдин жүрөгүнө жеткире аткарган ырчы Ильгиз Абдалиев үйлөндү. Ырчы жеке турмушундагы жагымдуу жаңылыгы менен бөлүшүп төмөнкүлөргө токтолду:
– Жубайымдын аты Назима, жакында 19 жашка толот. Учурда студент. Экөөбүз таанышкан күнү эле аны жубайым катары көрө алдым. Экинчи ирет жолукканыбызда үйлөнүү сунушун киргизип, дароо эле “өз оюңду тартынбай айт” дедим. Бир чети жаштыгынан чочулап тургам. Бирок Назима “макул” деген жообун бергенде аябай кубандым. 3 айга чукул кыз-жигит болуп сүйлөшүп жүрдүк.
Баарынан да Назиманын ата-энесине үйлөнүү тууралуу чечимибизди айтуу кыйын болду. Экөөбүздүн жаш айырмабыз 11 жыл. Ошентсе да жубайым жаштыгына карабай, анча-мынча өзүнөн улуу келиндерге караганда бир топ эле тың экен. Учурда ата-энеме кызмат кылып “чайкадай” эле шуулдап чуркап жүрөт. Айылдан эч кандай ысырапкорчулуксуз, чакан той берип, элдин батасын алдык. Буюрса, Бишкекке барганда жалаң досторубузду чогултуп чакан той берели деп жатабыз.
star@super.kg