Орусиялык “Голос” телешоусуна Кыргыз өлкөсүнөн барган ырчы Нуржигит Субанкулов долбоордун 3-туруна өттү. 2-турда ал Владимир Коновалов деген ырчы жигит менен биргеликте “Моральный кодекс” тобунун “Первый снег” чыгармасын аткарган болчу. Кийинки турга кызуу камынып, учурда Москвада жүргөн ырчыга байланыштык:
– Экинчи турдун жыйынтыгында Валерий Сюткин менин үнүмдүн тембрин баалап, мени алып калды. Кийинки турда бизди "Нокаут" сынагы күтүүдө. Учурда кызуу даярданып жатам. Азырынча 3-турдун так күнү бизге айтыла элек. Бул телешоуго барууну көптөн бери эле ойлонуп жүргөм. Сааты быйыл чыгып, арыз таштап койгом. Бир жарым айдан кийин чакыруу келип, жыйынтыгында минтип элимдин колдоосуна арзып турам.
Таланты менен мекендин намысын коргоп жүргөн ырчыга ийгилик каалайбыз!