Маданияттын мыкты кызматкери, “Музаман” тобунун шайыр жигиттеринин бири Алымкул Мамырбаев бүгүн жубайы Асанбек кызы Динара менен биздин редакциябызга баш бакты. Бул жаш үй-бүлө менен болгон жагымдуу маекти окурмандарга сунуштайбыз.
– Силерди редакциябыздан көрүп жатканыма кубанычтамын. Куш келипсиңер! Алымкул, сени ырчы катары жакшы тааныйбыз. Келинчегиңди окурмандарыбызга тааныштырып өтсөң.
– Рахмат. Келинчегимдин аты Динара. Кесиби актриса. Өзү Нарындын кызы. Кудай буюрса, быйыл экөөбүздүн бирге түтүн булатып келатканыбызга 5 жылдын жүзү болду. Бир кызыбыз бар. Кызыбыз Айбийке 4 жарым жашта.
– Жакшы. Анда кепти жубайлардын жаңы таанышкан күнүнөн баштайлы.
А.: – Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Искусство институтунун вокал бөлүмүн бүтүргөм. Ошол жерде окуп жүрүп 5 жыл жатаканада жашадым. Анан жыл сайын биринчи курска жаңы студенттер келгенде сыртынан карап, байкаштырабыз да. 5-курста окуп жүргөндө Динара менен таанышкам. Биринчи курстагылар үчүн бешинчи курстун студенти аябай эле улуу көрүнөт окшойт. Алгач Динара бир аз менден чочулап, жолугушуудан качып жүрдү.
Д.: – Ананчы, өзүң кипкичинекей кыз болсоң, бешинчи курстар эмес, экинчи курстун студенттерин деле ал кезде улуу сезчүбүз. Анын үстүнө Алымкул көлөмдүү болчу. “Бул бала менен жүрсөм эл эмне дейт?” деп чочулайт элем. Ошол себептен качып жүрдүм.
А.: – Динара ошончо көп студенттин арасынан көзүмө илинип калды. Анын ачык-айрым мүнөзүн, жасалмасыз жүрүм-турумун жактырып калдым. Бир айча жакшылап аракет кылдым. Күнүгө эртең менен, кечинде лексиконумда болгон “даамдуу” сөздөрдүн баарын колдонуп СМС жазам. Бул болсо ар кандай шылтоолорду айтып качат. Анан жаңы жылдык каникул башталды. Менин да жигиттик намысым ойгонуп кетти окшойт, айылга кетип калдым. Жанагы СМСтерди таптакыр токтотуп койдум. Арадан бир ай убакыт өттү го дейм, ээ?
Д.: – Бир ай деле эмес, бир жума го дейм.
А.: – Анан бир жумада эле чыдамың кетип калды беле (күлүп)? Анан бир күнү сыртта отун жарып жүрсөм эле “Кайда жүрөсүз, эмне көрүнбөй кеттиңиз?” деп өзү жазып калыптыр. Анан эле менде үмүт пайда болду.
Д.: – Ошондой болду беле?
А.: – Андан кийинки жашоо сонун болуп кеткен го, мурдагылардын баарын унутуп калыпсың (күлүп).– Ошентип жүрүп бир күнү үйлөнүү сунушун киргизип калдың.
А.: – Ооба, сентябрь айынын башы болчу, телефон аркылуу апам менен сүйлөшүп отургам. Апам “балам, окууңду бүтүп иштеп жүрөсүң, эми артист болуп кетип көпкө жүрүп калба, үйлөнүп ал” деп калды. Ошол эле жерден “келиниңизди сиздин туулган күнүңүзгө алып барайын” деп тамашалап калдым. “Жок, жыйырмасында алып келсең, жыйырма үчү туулган күнүмдө келинимдин чайын ичип отуруп калайын” деди. Өзү “үйлөн” деген сөздү биринчи эле жолу айтышкан ошондо. Бул сүйлөшүүлөрдү тез эле ишке ашырдык.– Азыр жаштар арасында колуктунун колун суроо дагы чоң маселе эмеспи...
А.: – Биз Динара экөөбүз 2 жылга жакын сүйлөштүк. Бирок дал ошол үйлөнөрдүн алдында эки ай таарынышып жүрдүк. Ошол кезде Динара “Дидар” деген бий тобунда бийлеп жүрчү. Таарынышып жүргөнүбүзгө карабай жетекчиси менден “Динарага уруксат бер, Көлгө барып келели” деп сурап жатпайбы. Ага уруксат берип койдум да, өзүм артынан бардым.
Д.: – Ошондо сен "Көлдөн колун сурагам" деп айтайын деп жатасыңбы?
А.: – Жок, ошол жактан кайра жарашканбыз дегени жатам.
Д.: – Ошентсең. Ал жакта “Мага турмушка чыгасыңбы?” деген сунуш болгон эмес да. Жөн гана сүйлөшүп отуруп эле “үйлөнөм” деп калды. Таң калдым, экөөбүз 2 ай таарынышып жүрсөк, анан келип алып эле үйлөнөм деп жатса. “Калп эле айта бербечи” десем “апаңа чалып айтсаң” деп калды.
А.: – Анан айтсам эле чала калдың (күлүп)?
Д.: – Андайды нес абал деп коёт. Андай абалда адам айткандын баарын кыла берет (күлүп).
– Жубайлар адатта мүнөзү жактан да бири-бирин толуктап турат эмеспи. Бул жаатта силерде кандай?
Д.: – Экөөбүз тең ак көңүлбүз. Урушуп кетсек эң узагы жарым саатка таарынышабыз. Бат эле унутуп калып сүйлөшүп кетебиз.
А.: – Анан кайра чарт-чурт болуп кеткениңди эстеп андан ары улантайын десең болбой калат.
– Эмнеден улам андай чарт-чурт болуп кетишиңер мүмкүн?
А.: – Эми болбогон эле майда-чүйдө нерселерден чыгат көбүнчө.
Д.: – Колуңду жууп кел дегендейби? Ошого катуу нерв болосуң го.
А.: – Ии, жумуштан чарчап, үйгө ачка келип жаңы эле тамактанганы отурсаң “тур, колуңду жууп кел” дейт да. “Ой, колум таптаза” десең болбойт. Анан ошого деле уруша кетебиз.
– Үй-бүлөдө эркеги же аялы мотор болот эмеспи. Силердин үй-бүлөнүн кыймылдаткыч күчү ким?
А.: – Эркек мотор болушу керек го. Андан кийинки ролдо гана аялзаты боло алат. Эгер эркек башчы боло албаса, анда үй-бүлө бузулат.
– Динара, учурда эмне менен алексиң?
Д.: – Учурда үйдөмүн. Театрга барып өз кесибим менен иштейин десем Алымкул болбой жатат. Кызганса да жакшы эмеспи, айлыгы аз деп иштетпейт (күлүп). “Ал жактагы айлык жол кире менен түштөнүүгө жетпейт” дейт.
А.: – Себеби мен ал жактын түйшүгүн дос балдарымдан улам жакшы билем. Түйшүгүнө чыдап, казанында кайнап, интригаларын көтөрүү үчүн чыдамкайлык менен эрк керек дешет. Эми ким билет, ичте жаткан талантты канча капка салып катсаң да ал бир күнү чыгат эмеспи. Мен Искусство институтунда вокалдан сабак берем. Ошол жакта 58 жаштагы студентим бар. Сабактарга калтырбай келип, тапшырмаларды так аткарып жүрөт. “Эмнеден улам ушул жашка келгенде гана ырчылыкты колго алдыңыз?” десем “убагында жолдошум каршы болуп ырдатпай койгон” дейт. Эми ички көксөөсүн кандырыш үчүн ырдап баштаган экен. Динарага актрисалык кесибин улантууга таптакыр каршы болгон жерим жок. Анча-мынча кинолорго тартылып коймою бар.
– Жакшы. Кайсы тасмага тартылгансың?
Д.: – “Салам, Ош!” деген тасмада образ жараткам. Бирок мага театр сахнасында ойногон жагат.
– Эми кичинекей шириниңер Айбийке жөнүндө да айта кетсеңер.
А.: – Биз экөөбүз артистпиз, кызыбыз бизден өткөн артист. Бардык жактан шыктуу. Өзгөчө бийге кызыгат. Бутунун учуна туруп алып балерина болом деп жүрөт.
– Тарбия жаатында кандай кеп куруп бере аласыңар?
Д.: – Атасы болушчаактын кызы ыйлаак болуп эле келатабыз. Мени атасы кызына эч катуу сүйлөтпөйт.
А.: – Азырынча катуу тартипке салып тарбиялашка эрте го деп ойлойм. Бирок бир ирет кызыбыз 4 ай айылда чоң апа, чоң атасынын колунда жүрүп тартиптүү болуп келген. Ошондон кийин Айбийкени көрүп “баланы ушинтип катуу тарбиялаш керек экен” деп калганбыз.
– Анда болочок балерина аман-эсен чоңоё берсин. Маегиңерге рахмат!
Чолпон Сүйүнбаева
star@super.kg