Жигиттер, азыр сулуулугу, таланты менен бир топ мырзалардын түн уйкусун алган белгилүү кыздар тууралуу сөз кылабыз. Бул кыздарга жагыш үчүн кандай аракет кылышыңыз керек экенин айтып сизге бекер шпаргалка даярдап беребиз. Аны туура колдоносуз деп ишенели.
АЙЫМА АЙЫЛЧИЕВА АКЫЛДУУ, ТАМАШАКӨЙ МЫРЗАЛАРДЫ БААЛАЙТ
Туулган жылы, күнү – 1998-жыл, 26-март
Туулган жери – Бишкек шаары
Бою – 160 сантиметр
Салмагы – 45 килограмм
Үй-бүлөдө – жалгыз кыз
Мүнөзү – тырышчаак, адилеттүү
Материалдык байлыгы – өзүн-өзү камсыздайт.
Учурда – студент, ырчы
Ырчы Айыма Айылчиева жоопкерчиликтүү, акылдуу, тамашакөй, бардык ишке берилип мамиле кылган, өзүнүн күчүнө ишенген, жасалмалуулугу жок мырзаларды жактырат. Жогорудагы талаптарга туура келсеңиз, Айымадан боюңуз узун болсо, өзүңүздү карап жүрсөңүз, жашоо образыңыз активдүү болсо, анда ырчыга ушул эле жетиштүү. Өзүңүз да, ага кылган мамилеңиз да жөнөкөй болсо, Айымага сөзсүз жагам деп ойлой бериңиз. Ырчы кыз сизден укмуштуудай артыкчылыктарды, чектен ашкан аракеттерди талап кылбайт. Айыманы сүйүү, камкор мамиле кылуу, кандай болсо ошондой кабыл алуу, баалоо, албетте, колуңуздан келеттир. Айыма социалдык тармактар аркылуу таанышпайт. Оригиналдуу таанышуу жолун деле күтпөйт. Бул жагын өзүңүздүн фантазияңызга тапшыралы. Ырчы кыздын көңүлүн бурдуруу үчүн бул маалымат керегиңизге жарап калар. Ал киного барганды аябай жактырат. Бирок тажатып, ашыкча аракет кылып артынан чуркай берүү менен бул кызды иренжитип алышыңыз мүмкүн. Айыманы ал окуган окуу жайдан, ар кандай иш-чаралардан кезиктирүү мүмкүн.
АЙЗАДА ЖАМГЫРЧИЕВА ЧЕЧКИНДҮҮ РОМАНТИКТЕРДИ ТАНДАЙТ
Туулган жылы, күнү – 1995-жыл, 23-август
Туулган жери – Талас облусу, Бакай-Ата району
Бою – 161 сантиметр
Салмагы – 51 килограмм
Үй-бүлөдө – 3 бир туугандын кичүүсү
Мүнөзү – шайыр, оюн бетке айтат, көп сүйлөбөйт
Материалдык байлыгы – 1 бөлмөлүү үйү, Toyota Camry үлгүсүндөгү унаасы бар. Байлыгы тууралуу Айзада “өзүм эле миллион турам. Мени алган киши бактылуу” дейт.
Учурда – алпаруучу, ырчы
Айзаданын жүрөгүн “бүгүн кечки саат баланчага киного билет алып койдум, концерт-панцертиңди билбейм, келип кал” дей алган чечкиндүү мырзалар багындыра алат. Алпаруучунун көңүлүнө карап, пландарын бузуп албайын деп кооптонгондордон болсоңуз, ары барып өз ишиңизди кыла берсеңиз болот. Алпаруучуга сырттан көз салып, “бул кыз башыма чай кайнатат го” деген күмөн ойдо жүрсөңүз, сизге анын дагы бир сырын ачалы. Бул таланттуу кыз мамиледе алсыз болгусу келет. Сиз берген багыт, акыл менен жашаганга даяр. Болгону сиз Айзададан акылдуу, билимдүү болушуңуз керек. Бул сизге жаңылык болушу мүмкүн. Иш-чараларда, телеберүүлөрдө шакылдап сүйлөгөн Айзада жашоодо көп сүйлөбөйт, ага уккан көбүрөөк жагат. Эркиңиз күчтүү, өзүңүзгө ишенген жан болсоңуз, анда чырайлуу кыздын жүрөгүн багынтууга аракетти баштай бериңиз. Артынан калбай чуркаган романтиктер, сиздерде мүмкүнчүлүк жогору. Айзаданы чайканалардан, кофейнялардан, спорт залдан таба аласыз.
АЙГЕРИМ ЭШИМ ӨЗҮН НИХАН СЕЗГИСИ КЕЛЕТ. КЕМАЛЬ, КАЙДАСЫҢ?
Туулган жылы, күнү – 20-июнь, 1996-жыл
Туулган жери – Чүй облусу, Ысык-Ата району
Бою – 162 сантиметр
Салмагы – 53 килограмм
Үй-бүлөдө – 3 бир туугандын ортончусу
Мүнөзү – ачык, шайыр, сезимтал
Материалдык байлыгы – Сулуулук студиясы бар
Учурда – ырчы, телеалпаруучу
Айгерим Эшим узун бойлуу, келбеттүү, ак жуумал мырзаларды тандайт. Буга кошумча ырчынын табитиндеги мырзалар тыкан, таза жүрүп, өзүнө жарашыктуу кийиниши керек. Ырчы кыз элестеткен ак боз ат минген ханзааданы сүрөттөп берүү үчүн “Түбөлүктүү сүйүү” сериалындагы баш каарман Кемаль жардамга келет. Ооба, Айгеримге өзүн алып жүрүүсү, мүнөзү, кийингени, келбети жагынан Кемалга окшош жигиттер жагат. “Кемалга окшош жигитке жолуксам, өзүмдү Нихан сезмекмин” дейт ырчы. Келбетиңиз боюнча сынактан өткөндөн кийин бул кызга чын дилиңизден мамиле жасоо жетиштүү. Айгерим жасалмалуулукту жаман көргөндөрдүн катарында.
Мүнөзү оор басырыктуу, бир сүйлөгөн, сөзүнө турган, чечкиндүү мырзалар, силер Айгеримге жагасыңар. Сыртынан көрүп, “бул кыз эркек мүнөз, корс, “стерва” турбайбы” деп ойлогон болсоңуз, жаңылышасыз. Андай көрүнгөнү менен, ырчы сезимтал, назик кыз. Катуу сөздү көтөрө албай ыйлап калат. Ии, баса, турмушка чыккандан кийин Айгерим иштеп акча табуу тууралуу ойлонгусу келбейт. Үй-бүлөдө акчаны эркек киши табышы керек деп эсептейт. Бирок андан ырчылыкты таштоону эч качан талап кылбаңыз. Андай сөздү укса ырчы эч нерсеге карабай сизди таштап кетиши мүмкүн. Айгерим көп убактысын өзүнүн сулуулук студиясында өткөрөт. Ошондой эле аны тойлордон кезиктирсеңиз болот.
Перизат Музуратбекова
star@super.kg