Бишкек ЖЭБин 386 миллион долларга жаңылоодогу коррупциялык жагдайлар боюнча ачылган кылмыш иши сотто каралып, чечим чыгарыла турган күн жакындап калды. Бишкектин Свердлов райондук соту процессти улантууда.
КИМГЕ КАНДАЙ ЖАЗА СУРАЛДЫ?
Мамлекеттик айыптоо “Улуттук энергохолдингдин” мурдагы жетекчиси Айбек Калиевди 17 жылга, мурдагы өкмөт башчылар Сапар Исаковду 15 жылга, Жантөрө Сатыбалдиевди 11 жылга эркинен ажыратууну соттон өтүндү. Үй-мүлкүн конфискациялап, мамлекеттик сыйлык, даража, наамдарынан ажыратуу керектигин да билдирди. Ошондой эле “Электр станциялары” ишканасынын мурунку башчылары Салайдин Авазовду жана Жолдошбек Назаровду, ЖЭБди жаңылоо долбоорунун аткаруучу директору Темирлан Бримкуловду 11 жылга эркинен ажыратуу сунушу айтылды. Айыптоочу тараптын айтымында, буларды да чин жана наамдарынан ажыратып, мамлекетке 5 миллиард 439 миллион 527 миң сом төлөп берүүгө милдеттендирүү керек. Ал эми мурдагы каржы министри Ольга Лаврованы 7 жарым жылга соттоо, аны үй камагында деген макамын өзгөртүп камакка алуу суралды. Дагы бир айыпталуучу – мурдагы энергетика министри Осмонбек Артыкбаевге 5 миллион сом айып салуу суралып, ал мамлекетке 100 миллион сом төлөп бергенин эскертип өтүштү прокурорлор.
ЖАНТӨРӨ САТЫБАЛДИЕВ: “ТАГЫЛГАН АЙЫПТАРДЫН БИРИН ДА МОЮНГА АЛБАЙМ”
Айыпталуучулардын бири, ошол кездеги премьер Жантөрө Сатыбалдиев “судьяга жоопкерчиликти илип коюшту, анын колу менен мыйзамсыз иштерди жүргүзүү максаты ишке ашууда. Тагылган айыптардын бирин да моюнга албайм” деди.
Ал кезде президенттик аппараттын бөлүм башчысы болгон Сапар Исаков “айыпталгандар өлкөгө 111 миллион доллар зыян келтиришкен” деген айыптоо акылга сыйбай турганын билдирди.
– Кытай тарап ЖЭБ үчүн берген насыя акчаны Кыргыз өлкөсүнүн колуна берген эмес. Ал каражат мамлекеттин ичине кирген дагы эмес. Насыя Кытайдын ЭКСИМ банкына которулган. Кыргыз аткаминерлери бул акчаны кантип колуна кармап алмак эле? Мен өзүм үчүн 111 миллион доллардын көлөмү кандай болоруна кызыктым. Мага абакта чогуу отурган адамдар "Форсаж" тасмасын көрдүңүз беле, анда 100 миллион долларды 20 тонналык контейнерде уурдап кетишет" дешти. Ал эми бул жакта 111 миллион тууралуу кеп болуп жатат. Элестетип көргүлө 20 тонналык контейнерди. Айыптоочу тарап, чыгымды эсептеп жатканда анын көлөмүн ойлонуп жазсаңар болмок,- деди ал.
Сапар Исаков анын ТВЕА`нын (ред.: ЖЭБди жаңылоо ишин аткарган кытайлык компания) өкүлдөрү менен жолукканы боюнча бир да факты табылбаганын айтты.
– Эки жыл мурун мынчалык жалган жалаа жабылып коррупцияга айыпталам деп ойлогон эмесмин (ред.: Исаков сөзүнүн ушул жерине келгенде жашып кетти). Мага коюлган күнөөнү толугу менен моюнга албайм. Мени гана эмес, бул жакта чогуу отургандарды да актоону суранам. Такыр болбой баратса, менден башкасын бошотууну суранам. Анткени бүгүнкү бийликтин негизги максаты мен элемин. Анан автоунааны калтырууну суранам, анткени менин 4 кызым бар. Жубайым аларды бала бакчага, мектепке ташыйт, унаасыз аларга кыйын болот,- деди Исаков.
СОҢКУ СӨЗ СОТТОРДО КАЛДЫ
Сотто жарыш сөздөр уланууда. Адвокат Нурбек Токтакунов «тергөөдө жагдай толук иликтенген жок, экспертиза тергөөгө керектүү гана корутунду чыгарып берип жатты, айыпталуучу Исаковдун күнөөсү далилденген жок» дейт.
Бишкек ЖЭБи Кытайдан карызга алынган 386 миллион долларга жаңыланган. Карызды өлкө үстөк пайызы менен дээрлик 500 миллион доллар кылып кайтарууга тийиш.
Автандил Добулбеков
politika@super.kg