ФЕЙСБУКТАГЫ ПОСТТОР ҮЧҮН КАМАККА АЛЫНГАН БЛОГЕРДИ БОШОТУУНУ ТАЛАП КЫЛЫШУУДА

Жарандык коом УКМК камакка алган Фейсбуктагы “БеспределKG” баракчасынын администратору Автандил Жоробековду бошотууну талап кылууда. Коопсуздук комитети аны “аймактар аралык кастыкты козутту, бийликтин аброюна шек келтирди” деп айыптоодо. “Администратор бир нече жолу аймактар аралык жаңжалды козутууга үндөгөн жалган жана чагымчыл мүнөздөгү маалымат тараткан. Интернет колдонуучулар арасында бири-бирин жек көрүү түрүндө аймактар аралык касташууну жараткан” дешти УКМКдан.

Көпчүлүк бул окуяны “сөз эркиндигине басым жасоо”, "жарандардын Конституциялык укугуна – өз оюн, пикирин эркин билдирүү укугуна кысым көрсөтүү" деп кабыл алды. Мурдагы акыйкатчы Бактыбек Аманбаев “өлкөдө ар бир жаран бийликтин жүргүзгөн саясаты тууралуу өз оюн эркин айтууга укуктуу. Жоробековдун камакка алынышы сөз эркиндигине доо кетирет”,- деп билдирди. Парламент депутаты Эльвира Сурабалдиева болсо “факты далилдене электе бирөөнү камап салуу туура эмес” деп билдирди. Айрым эксперттер «жазган билдирүүсү же ал постуна башкалардын жазган комментарийлери үчүн бирөөнү камап салуу аша чапкандык, ага эскертүү берүү жетиштүү болмок» деп жатышат. Албетте, сөз эркиндиги менен кошо жоопкерчилик да болууга тийиш. Бирок бирөөлөрдүн комментарийлери үчүн бирөөнү дароо 2 айга камакка алуу коомчулукта бийликке карата терс пикирлерди гана күчөтөт.

Блогер Жоробеков сот чечими менен 2020-жылдын 24-январына чейин камакка алынган. Аны бошотуу чакырыктарына тийиштүү органдар үн ката элек. Айта кетсек, аталган баракчада учурдагы бийлик кескин сындалып келген.

Автандил Добулбеков
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 892, 5-11 декабрь, 2019-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан