Бишкектеги Гапар Айтиев атындагы көркөм сүрөт музейи кайрадан ызы-чуунун чордонуна айланды.
Бул ирет талкууга жоголгон баалуу картиналар эмес, Кыргыздагы аялдардын укугун коргоо темасына арналган көргөзмө, анда аялдардын жылаңач чечингени, аялдардын ич кийимдеринин экспонат катары илингени түштү. Кийимдерге аял эмнелерге укуктуу экени жазылган.
Бул кийимдер жана көргөзмө үчүн даярдалган 2 айымдын көрүүчүлөрдүн алдында энеден туума жылаңач турганы коомчулукта катуу нааразычылык жаратты. “Бул Кыргыз элин, кыргыз баалуулуктарын шылдыңдоо” деген мааниде ачуу сындар, талаптар айтылып, музейдин директору Мира Жангарачеваны арызын жазып, кызматтан кетүүгө аргасыз кылды. Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов «окуяга жол бергеним үчүн» деп элден кечирим сурады. Бул коомчулуктагы талкуулардын бир тарабы.
Экинчи тарап сынчыларды «көйгөйдүн тамырын көрбөй жатат» деп айыптап чыкты. Көргөзмөнү жактагандар “жылаңачтанган аялга нааразы коом, эмне үчүн кордолуп жаткан кыздарды коргоп кыйкырып чыкпайт? Эмне үчүн өз үйүнөн зордук-зомбулукка кабылып, сабалып каза тапкан аялдардын маселесин көтөрүп чыгышпайт? Жүздөгөн аялдар үй-бүлөлүк зомбулукка кабылууда. Жүздөгөн кыздар педофилдердин, ала качуунун курмандыгы болууда. Эмне үчүн аларды коргойлу деп чыгышпайт?” деп суроо салышууда.
Автандил Добулбеков
politika@super.kg