Экс-президент Роза Отунбаева “айылдыктар, маданиятыңарды көтөргүлө” деп сындап, көпчүлүктү нааразы кылды. Бул сөздү Отунбаева 3-декабрда Бишкекте өткөн коомдук иш-чаралардын биринде айтты.
Музейдеги чуулгандуу көргөзмө тууралуу: “Бул нормалдуу, олуттуу, терең мааниси бар көргөзмө болду. Урбанизация процесси жүрүүдө. Айылдан шаарга абдан көп көчүп келип, шаардын жарымы айыл болду. Биз силердин деңгээлиңерге түшүп артка кете албайбыз. Мен музейде сөзсүз эле жылаңачтанган аял болушу керек дегенди, андагы айрым экспонаттарды жактабайм. Биз айылдыктар, шаардыктар, мырктар жана башка деп бөлүнүп, чачырайбыз. Болбойт мындай. Айылдыктар, кичине ойлонгула. Маданиятыңарды бир аз көтөргүлө. Болбойт мындай, заманбап искусство деген бар”,- деди Отунбаева.
Отунбаева коомчулук биринчи кезекте кордолуп жаткан кыздарга, аялдарга көңүл бурууга тийиш экенин айтып, “музейдин аты-жытын билбегендер акыл үйрөтпөсүн” деди.
Бул арада “элди айылдыктар жана шаардыктар деп бөлүү Отунбаеванын статусуна туура келбейт, аны “экс-президент” макамынан ажыратуу керек” деген талаптар айтыла баштады.
Автандил Добулбеков
politika@super.kg