БИР БҮРКҮМ. 2 ЖООКЕР АРМИЯДАН КАЧЫП КЕТТИ...

  • Кыргызгидромет: “Шамалдан улам Бишкектин абасы 34 эсе тазарды”.
  • Соцфонд: “Учурда пенсионерлердин 46 пайызы пенсияны почта аркылуу алат”.
  • Оштогу №36806 аскердик бөлүктөн 2 жоокер качып кеткен боюнча табыла элек.
  • Учурда Кыргыз өлкөсүндө 187 миңдей ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү жаран бар.
  • Жогорку Кеңештин депутаттары Алтынбек Сулайманов менен Дүйшөн Төрөкулов жана Бажы кызматынын башчысынын мурунку орун басары Райымбек Матраимов УКМКга суракка чакырылды. Себеп – журналисттик иликтөө.
  • Белгилүү укук коргоочу Рита Карасартова Башталгыч кесиптик билим берүү агенттигинин директору болуп дайындалды.
  • Бишкек Жаңы жылга даярданууда. Борбордук аянтка өлкөнүн башкы балатысы орнотулду.
  • Депутаттар калпакты мазактаган жарандарга 1000 сом айып пул салууну демилгелеп чыгышты.
  • Мектеп окуучулары кышкы каникулда 30-декабрдан 10-январга чейин эс алышат.
  • Аксыда ишкерди опузалап ири суммада акча талап кылган деп 4 жигит кармалды.
  • Парламент депутаты Канат Исаевдин агасы Талант Исаевге ачылган кылмыш иши токтотулганын УКМК маалымдады.
  • Арзыбек Кожошев Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын төрагасы болуп дайындалды
  • ИИМ: 2019-жылдын 10 айында 8 миңден ашык адам кылмыш жоопкерчилигине тартылды.
  • Ош шаарында кафелердин биринде массалык мушташ чыгып, 21 жаштагы жигит жаракат алды.

Автандил Добулбеков
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 892, 5-11 декабрь, 2019-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан