БЕГИМАЙ КАРЫБЕКОВА "ЕMPОRIО АRMАNI” БРЕНДИНИН МОДЕЛИ БОЛДУ

Кыргызстан сулуусу-2017" сынагынын жеңүүчүсү, "Аалам сулуусу-2018" сынагынын катышуучусу Бегимай Карыбекова белгилүү италиялык компания “Emporio Armani” брендине моделдикке тандалды. Бул тууралуу ал социалдык тармактагы баракчасына жарыялады.

"Моделинг тармагында жасаган эмгегим жемишин берип жатат. "Emporio Armani" компаниясынын модели болдум. Кудайга шүгүр",- деп жазды Бегимай.

15 жашынан тарта моделдик тармакта эмгектенип келе жаткан кыргыз модели буга чейин бир катар эл аралык моделдик агенттиктер менен келишим түзүп, иштеп келген.

Италиялык модельер Жоржо Армани Сержо Галлеоти менен биргеликте 1975-жылы "Giorgio Armani s.p.a.с" компаниясын ачышкан. Компания акырындап кеңейип отуруп, XX кылымдын аягында мода индустриясындагы эң ири компанияга айланган. Алар чыгарган аялдар менен эркектердин кийими, бут кийим, аксессуарлар, саат, ювелирдик буюмдар, үйгө керектүү буюмдар учурда Giorgio Armani, Emporio Armani, Armani Exchange, Armani USA, Jeans, Armani Junior, Armani Casa жана башка маркалар астында дүйнөгө тарайт.

star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
karona12
2019-12-09 15:12:07
Жаша жаша красавица.
0
№ 892, 5-11 декабрь, 2019-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан