Кыргыз улуттук консерваториясынын 4-жана 5-курсунда билим алып жаткан 2 студент жигит Молдовада өткөн эл аралык музыкалык сынактан биринчиликти багындырышты. Бул жеңиш тууралуу сынактын катышуучусу Расул Асангазиев айтып берди.
– Молдовада 29-ноябрдан 1-декабрга чейин "Ырдаган жүрөк" деген аталыштагы эл аралык вокалдык сынак болуп өттү. Ага Кыргыз өлкөсүнүн атынан 4-курстун студенти Рустам Русланов экөөбүз катыштык. Мен аталган окуу жайда 5-курста окуйм. Сынакка Украина, Беларусь, Молдова, Румыния, Орусия, Түркия, Азербайжан, АКШ, Болгариядан өкүлдөр катышты. 1-декабрда финал болуп, 10 мамлекеттин арасынан эстрада багытында 26 жашка чейинки конкурсанттардын арасынан мен, ал эми 26 жаштан жогорку катышуучулардын арасынан Рустам Русланов мыкты аталып, экөөбүз тең 1-орунду багындырдык. Жеңиш оңой болгон жок. Анткени атаандаштар күчтүү болду. Экөөбүз тең кубок, диплом, ар кандай белектер жана акчалай сыйлык менен сыйландык. Өлкөбүздүн желегин желбиреткенибизге аябай кубанып жатабыз.