Гезит, журналдардын беттеринен же социалдык тармактардан белгилүү инсандардын профессионалдуу фотосессияларын көрүп суктанып жүрөбүз. Ал сүрөттөрдүн жаралышы, албетте, фотографтын эмгеги. Бул кесип тууралуу кененирээк билүү үчүн шаарыбыздагы белгилүү фотографтардын бири Эржан Кадырбековду маекке чакырдык.
– Саламатсыңбы, Эржан? Сени борбордогу мыкты фотографтардын бири катары тааныйбыз. Бирок жеке өзүң тууралуу маалыматыбыз аз экен.
– Саламатсыздарбы? Аты-жөнүм Эржан Кадырбеков. Таластын кулуну болом, Бакай-Ата районунун Үрмарал айылынан. 7-классымда Бишкекке келип, №5 улуттук компьютердик гимназияда окуп калдым. 9-класстан баштап фото, видео дүйнөсүнө аралаша баштагам. Учурда 24 жаштамын. Үй-бүлөдө 2 бир тууганбыз, менден улуу эжем бар.
– Фотограф болууну бала кезиңден эле кыялданчу белең?
– Кичинемде түстүү боёктор менен кооз сүрөттөрдү тартканды жактырар элем. Райондор арасында өткөн көркөм өнөр боюнча сынактарга да катышчумун. Бул кызыгуум кийин фотоаппарат менен сүрөт тартууга ооп кетти көрүнөт. Анын үстүнө бул кесипти тандап калганыма бир тууган таякем себепкер болгон. Мен мектепте окуп жүргөн убакта таякемдин фото-видео студиясы бар болчу. Дем алыш күндөрү студиясынан чыкчу эмесмин. Жөн эле таякеме жардамдашып жүрчүмүн. Тойго барып, ырчылар келсе алар менен сүрөткө түшүү аябай кызык эле. Ошентип жүрүп видео-оператор, мантажёр болуп иштеп баштадым. Негизи кесибим боюнча электрикмин. Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинде окуп жүргөндө окуу жайдын фотографы болуп алгам. Ректоратта иштегендер менен түз сүйлөшөр элем. Кандай гана маараке болбосун мени окуудан бошотуп алып кетишчү. Окуу жайдын жума сайын чыккан гезитине сүрөттөрдү жалаң өзүм тартчумун. Мындан улам фотограф болуу жан дүйнөмө жакын окшойт деген чечимге келип, бул багытка кадам таштагам. – Кадамдарыңды эмнеден баштадың?
– Фотоаппарат сатып алуудан. Анда да бир кызык окуя болгон. Кандай иш
баштаба, алгач бир аз күмөн саноо болот эмеспи. Мен дагы «кандай болор экен, актай албай калсамчы» деп колдонулган эле фотоаппарат алып турайын деген ойго келгем. 2012-2013-жылдары чыккан «Сanon mark 2» үлгүсүндөгү фотоаппаратты сатып алгам. Анын 80 миң сом деген баасын укканда апамдар «колдонулган буюм ушунча кымбатпы?» деп таң калышкан. Аны сатып алгандан бир жума өтпөй эле милиция кызматкерлери келип мени кармап кетсе болобу. Көрсө, ал уурдалган фотоаппарат экен. Дагы жакшы, менин акчамды кайтарып беришкен. «Бул иштин башы минтип жаман башталды, тим эле койсомбу?» деп ойлонуп жүрдүм. Бирок үйдөгүлөр мени колдоп, ошол эле маркадагы аппараттын жаңысын сатып беришкен.
– Азыркы колдонуп жүргөн фотоаппаратыңдын баасы канча?
– Бардык шаймандарын кошкондо 8-9 миң доллардын тегереги болуп калат го. – Жакшы экен. Сени шоу чөйрөдөгү инсандардын катарынан көп көрөбүз...
– Ооба. Шоу-бизнестегилерди, ырчыларды сүрөткө тартып жүрүп атымды чыгара алдым деп айта алам. Алгач шаардагы студияларда фотограф болуп иштеп жүргөндө бирин-экин ырчылар менен тааныша баштагам. Анан тойлорго чыгып жүрдүк. Тойдон кайсы ырчыны көрбөйүн сүрөткө тартып алып үйгө келерим менен ал сүрөттү тазалап, жасалгалап өзүмдүн логотибимди коюп, ошол эле түнү ырчыга жөнөтүп коёр элем. Сүрөтүм жагып калса ырчылар менин атымды белгилеп, социалдык тармактагы баракчасына чыгарып коюшчу. Ошентип көпчүлүк ырчылар менен таанышып калдым. Гүлжигит Калыков, Нурсултан Майназаров, Жеңиш Майрамбек уулу жана башка бир топ белгилүү инсандардын үлпөт тойлорун тарттым. Мени ал кезде «Эржан «моментальный» дешчү. Себеби фотосессия болобу, той болобу же башка маараке болобу, сүрөттөрүн тез даярдап, колдоруна берип койчумун. Азыр ал каймана атка анча төп келе албай калдым. Анткени иш абдан көп. – Көбүнчө кайсы ырчылар менен иштешесиң?
– Бардык ырчылар менен эле мамилем жакшы. Бирок мага эң чоң колдоо көрсөттү деп ырчы Анжелика эжени айтат элем.
– Сен тарткан сүрөттөрдү карап отурсаң бир өзгөчөлүк бардай. Бул тартуу стилиңби же жасалгалообу?
– Жасалгалоо жаатына өтө чоң маани бербейм. Сүрөттү тартып жатканда эле туура ракурстан карап, туура кадр алганга аракет кылам. Тазалоо, жасалгалоо мен үчүн экинчи планда.
– «Мени арыктатып кой, жүзүмдөгү бырыштарды алып сал же боюмду узартып кой» деген сыяктуу талаптар кардарлардан көп түшсө керек?
– Ооба, андайлар болот. Арыктатуунун же фотошоп менен жасалгалоонун да чегинен ашпаш керек. Мен дайыма кардарга түшүндүргөнгө аракет кылам. «Ал талаптардын баарын аткарчу болсом сиз өзүңүзгө окшобой каласыз» деп чеги менен жасалгалап берем. Антпесе ал сүрөттү көргөн киши кардарымдын жашоодо кандай экенин көрүп алып «ий, сени фотографың ашыкча эле жасалгалап салган го» деп айтат да. – Фотографтардын да өзүнүн жан дүйнөсү каалаган бир багыты болот эмеспи. Бири жаратылышты же мааракелерди тарткандан, дагы бири жалаң моделдер менен иштешкенден ырахат алат дегендей.
– Мен тойлорго бир гана каражат табуу үчүн чыкпайм. Чындыгында жан дүйнөмө ар кандай салтанаттуу мааракелерди тарткан жагат. Чын дилим менен киришип кеткенде тойдун же бир иш-чаранын кантип бүтүп калганын өзүм байкабай калам. – Каражат деп калдың. Сыр болбосо бир тойду тартуу үчүн канча аласың?
– Сыр деле эмес, 400-600 доллардын тегерегинде алам. Мурда өзүм жалгыз иштесем, азыр фото, видео багытындагы жеке студиям бар. 5-6 адамдан турган чакан командабыз.
– Сүрөткө тартуудан тышкары дагы кандай өнөрүң бар?
– Бийге кызыгам. Кандай тойго барбайын бий сынагын жеңип, үйгө белек менен кайтам.
– Үй-бүлөлүк абалың кандай?
– Бойдокмун, жүрөгүм да бош (күлүп). Туугандар чогулган жерде «үйлөн» деген сөздү дайыма айтышат. Чынын айтсам, иштин көптүгүнөн азырынча кыз жандап жүргөнгө убактым жок.
– Маегиңе рахмат!
Чолпон Сүйүнбаева
star@super.kg