(Башы өткөн сандарыбызда)
– Айдана, сага эмне болду?
– Мобул кыз соо эмес, ай...
Шыңкылдай күлүп, өздөрүнчө бир нерселерди сүйлөшүп жаткан курбуларын күлүмсүрөп тиктеп койгону болбосо, Айдана үн деген жок. Кыз жүрөгү кусалуу эле. Терезеден сапырылып түшүп жаткан жалбырактарды тиктеп, аптаптуу жайдын өтүп кеткенине ичи ачышып жатты. “Кечээ эле бүрдөп турган жалбырактар так эле менин сүйүүмдөй үч бүктөлүп таман алдында калганын кара. Бул жай менин жашоомдогу эң бактылуу жай эле. Эми анын ордуна кусалуу күз орун алды. Ким күнөөлүү? Эч ким. Жайга күз алмашкандай эле, менин сүйүүмдү жоготуп алганым – табият мыйзамы. Албетте, табият мыйзамы. Мен чыдашым керек. Бирок кантип?”
– Кеттик, Айдана, жамгыр жаап жиберчүдөй болуп жатат,- деп ордунан турган курбуларына аста баш чайкады.
– Силер бара бергиле, мен бир аз отуруп барам.
– Айдана, жалгыз каласыңбы?
– Угу.
Түшүнбөй ийинин куушуруп койгон кыздар шарактай күлүп чыгып кетишти. Терезени телмире тиктеген Айдана гана отура берди. Ошол учурда биринчи жолу Рустам менен таанышкан учурун эстеди. Так ушул кафеден таанышышкан. Ошол күн! Чоң сүйүүгө, ыйык адамга тагдырын кезиктирген ошол күн жүрөгүнүн так ортосунда тургандай сезилди. Экөөнүн таанышканы да кызык.
Эшикке чыкса, бейтааныш жигит асылып, бир жакка чакырып калса болобу. Зөөкүрлөнө кызды чыканактан кармап, сүйрөп жөнөөрдө гана кыз кыйкырып жиберди.
– Коё бер дедим го мени!..
– Жок, сен түшүнсөң...
Олбурлуу жигит болбой эле колдон кармап сүйрөп жөнөдү.
– Жигит, коё бер деп жатат го...- Рустамдын салмактуу үнү чыкканда экөө тең жалт карай беришти.
– Ишиң болбосун...- деди тиги жигит.
– Коё бер кызды!..- деди Рустам ызырына карап. Азыр бардык күчүн, ызасын ушул жигиттен чыгарчудай жаалданып кетти. Рустамдын көзүндөгү каарды көргөн жигит аргасыз артка чегине берди.
– Жинди неме го...
Колун булка бошонгон кыз Рустамдын жанына жетип келди.
– Рахмат, байке,- деди дирилдеген үн менен.
Кыздын ак жуумал жүзү, бакырая караган ишенчээк каректери эмнегедир Рустамдын жүрөгүнө тааныш сезилди. Колдон ала андан ары чогуу адымдашкан. Жигиттин колу ысык экен. Анан аябай сулуу, келишимдүү жигит экенин байкады. Ошондо эле жүрөгү зыр деп алган...
– Тааныш жигитпи?
– Өтө жакындан тааныш эмеспиз. Курбумдун үйүнөн таанышканбыз. Ошондон бери күн сайын мен ырдап бүткөндөн кийин келип, ушинтип кыйнай берет. Биринчи жакшы эле түшүндүргөм. Кийин жиним келе баштады. Бүгүн таптакыр эле зордоп машинасына салып кетчүдөй болуп жатканда, сиз келип калдыңыз...
– Үйүң кайсы жакта?
– Жакын эле.
– Жеткирип коёюн...
Кыз жигиттин сулуу жүзүнө уурдана карап алды. Ушул учурда Рустам да аны тигиле тиктеп, экөөнүн көздөрү чагыла калганда экөө тең күлүп жиберишкен эле.
– Боюңуз аябай узун экен. Сизге жете албай же ашыкпай басыңызчы деп айта албай келе жатам.
– Тез басканга көнүп калсам керек...
Ушинтип таанышышкан. Ошол минутадан баштап эле жүрөгүн ээлик кылып алган.
Айдана оор үшкүрүп алды. Музыканттын ыры да ого бетер бүлүнтүп, жанын жай таптырбай баратты. Дилине жакын, көзүнө тааныш адамын азыр көрбөсө, азыр таппаса жүрөгү токтоп калчудай сезилип жатты. “Рустам, кайдасың? Кайдасың, жаным?” деп жатты кыз жүрөгү чабалактап. Ордунан тура калып, эшикке атылды. Нөшөрлөгөн жамгырды да карабай бет келди чуркап бара жатты.
– Айдан-а-а!
Алыстан кыйкырган тааныш үндү кулагы чалды. Ким бул?
Аркасынан энтиге чуркап келе жаткан Рустамды тиктеп, көргөн көзүнө ишенбей турду.
– Рустам...
– Жинди кыз, бул эмне кылганың?
Бооруна кыса күбүрөгөн Рустам бир сүйүнүп, бир апкаарып алды. Өзү да кыздын караанына зар болуп, алыстан издеп жүргөнү калп беле? Шарт көтөрүп, машинасына алып кирди. Жамгырга суу болгон чачтарын жүзүнөн абайлап алып, күлүмсүрөп алды.
– Кантип тааныдың?
– Жамгырда жылаңайлак жүгүрүп бараткан кызды көргөндө эле “менин акылсыз Айданам” деп ойлодум. Чын чыкты.
Кыз жылмайып алды. Өзүнүн Рустамы! Мурункудай эле мээримдүү, шайыр, кучагы ысык...
– Ооруп калсаң эмне болот?
– Мен сенсиз жашай албайм...
Кыздын көздөрүнөн жаш агып кетти. Рустам жаны жанчыла сыздап жатты. Ушул тунук жандын кадырына жетип, көз жашын агызбайм деп өлүм алдында жаткан апасына сөз бергенин эстеди.
– Кечир!
Айласы куруган Рустам. Андан башка сөз айта албады. Бири-бирине башын жөлөй отура беришти.
– Мен кыйналып кеттим. Сага аябай көнүп калган экем.
– Унут мени, кичинекейим. Тезирээк унутсаң, өзүңө жакшы.
– Сенин деле кыйналып жатканыңды көрүп жатпайымбы...
– Мен кыйналсам эч нерсе эмес. Сен кыйналбачы.
– Мен чыдайм.
Кыз эрдин кесе тиштеп туруп ушинтип айтты.
ХХХ
Тойго кызуу кам көрүп жатышты. Айнуранын кубанычында чек жок эле. Апасын улам бир дүкөнгө сүйрөп, колуктунун көйнөгүн издеп жатышкан. Биринин этеги жакса, экинчисинин жакасы жакпай, бир топ убара болушту. Ошол учурда Рустамдын машинасын көзү чала калды.
– Айнура, кызым, курсагым ачып кетти. Бир кафеге кирип тамактаналы,- деген апасынын үнү анын көңүлүн бурду.
– Макул, апа...
Экөө кафеге кирип, жаңы эле тамактаналы деп жаткан. Кол кармаша кирип келген Рустам менен Айдана аларды көрбөй төрдөн орун алышты. Мындайды күтпөгөн Айнура көзү чанагынан чыга жаздап, алайып отуруп калды.
– Сага эмне болду?- деди кызынын өңүнөн кетип, кубара түшкөнүн байкаган апасы.
– Эч нерсе, апа. Бул жерден кетеличи.
– Эми токтоп тур. Мен тамагымды жеп алайын. Деги анан шашмасың. Жок дегенде күйөөгө тийгенде токтолот болдуң бекен?
Нааразылана күбүрөнгөн апасын тиктеген Айнура анын бирин уккан жок. Жүрөгү кабынан ыргып кетчүдөй дүкүлдөп жатты. “Азыр барып чачынан жулуп, өзүнүн абийирин кетирсемби? Же ачууга алдырбай турсамбы? Ал баары бир меники болот. Көрөсүң. Мен эч качан өзүмдүкүн колдон чыгарган адамдардан эмесмин. Меники болот!”
Көзүнүн кыйыгы менен тиктесе, Рустам Айдананын көкүлүн аста сылап, бир нерселерди айтып жатыптыр. Кызганыч ичин өрттөгөн Айнура ааламды жаңырта бакырып алгысы келди. Бирок...
ХХХ
– Эмне унчукпайсың?
– Эмнени сүйлөйүн?
Дулдуюп жанында отурган Рустамга таарына сүйлөдү Айнура. Жанагы кафедеги элес көз алдынан кетпей жатты.
– Өзүң мени чакырып алдың го. Анан чакырган адам сүйлөйт да.
– Мен эмес, байкем чакырды. Той тууралуу сүйлөшөм дейт.
– Анын баарын апам менен атам чечет.
– Сен үйлөнүп жатасыңбы же апаң менен атаңбы?
Чырт дей түшкөн Айнуранын жини келип жатканын байкабагандай кайдигер ийинин куушурду Рустам.
– Сага баары бир да, ээ?
– Өзүң билесиң да.
– Мен сени тиги шуркуяң менен көрдүм.
Нуржамал Жийдебаева
(Уландысы кийинки саныбызда)