БАЛДАР АТА-ЭНЕНИН ИШЕНИМИНЕ МУКТАЖ

3-декабрда ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү жарандардын эл аралык күнү белгиленип, ар кандай иш-чаралар өтөт. Бирок аларды коомчулуктун жашоосуна толук кандуу катыштыруу үчүн бир гана күн көңүл буруп коюу жетишсиз. Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга күн сайын өзүнүн көңүлүн буруп бул тармакта үзүрлүү эмгек кылгандар да жок эмес.

Угуусу, сүйлөөсү начар, акыл-эсинин өсүүсү кечеңдеп жаткан балдар менен 30 жылдан бери иштеп келе жаткан, Бишкектеги Сүйлөөнү жана угууну өнүктүрүү борборунун жетекчиси Гүлнара Ногойбаева менен аталган кемчиликтерди жоюуда ата-энелердин орду тууралуу маектештик.

"ӨЗ УБАГЫНДА АДИСТЕРГЕ КАЙРЫЛУУ КЕРЕК"

– Үй-бүлөдө мүмкүнчүлүгү чектелген бала төрөлгөндө алгач ата-эне чөгүп кетет. Анткени алар баланын мындай абалын кабыл ала алышпай, ишенишпейт. Алар “балам жакында сүйлөп баштайт”, “жакшы болуп кетет” деп өздөрүн алдап жүрө беришет дагы, баалуу убакытты жоготуп алышат. Бул чоң ката. Тескерисинче, ата-эне балдарына көңүл буруп, аларды байкап, эгер кооптонуулар жаралса өз убагында адистерге кайрылышы керек. Бала 9-10 айында “бер”, “ням-ням” деген сыяктуу жаңсоолорду кыла баштайт. 1 жаштан кийин бала атын атап чакырганда карап, дабыш чыккандарга көңүлүн буруп, кайсы жактан чыгып жатат деп кызыгып калышы керек. Бала 1,5-2 жашка чыгып, бирок сүйлөбөй жатса, бир муундан турган кыска сөздөрдү айта албай жатса, анда эне жакын жердеги логопедге, дефектолог адистерине кайрылуусу керек.

"ИШЕНИМ ЖАНА АРАКЕТ"

– Балага эң жакын адамдар – ата-эне. Бирок, тилекке каршы, алардын арасында балдарынын жакшы болуп кетерине ишенбей кол шилтеп коюп жаткандары да бар. Кээ бирлери балдарын мүмкүнчүлүгү чектелгендердин катарына кошуп, атайын ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга арналган бала бакчаларга беришет. Баланы ал жерге берип гана тим болбой ата-энелер өздөрү кошо изденип, жаңы технологияларды үйрөнүп, балага ишеним артып, ага улам колдоо көрсөтүп турушу керек. Эгерде ата-эне баласы жакшы болуп кетерине ишенбесе, аларды дарылоого аракеттерин кылышпаса, башка ким аларга ишеним артат?

Ата-эне балдардын ден соолугун жакшыртуу үчүн аракеттерин эрте баштаса, баланын жакшы болуп кетүү ыктымалдуулугу жогору болот. Аракет кылган жерде жыйынтык болот.

"БАЛАСЫ ҮЧҮН АЙЫЛДАН КӨЧҮП КЕЛГЕНДЕР БАР"

– Биздин борбор Бишкекте жайгашкандыктан айыл жергесинде жашаган жарандарыбыз үчүн оорчулук жаралып жатат. Бирок баласы үчүн үй-бүлөсү менен шаарга көчүп келгендер да бар.

Бир мисал келтирип кетсем. Дилмухаммед деген балабыз 4,5 жашында биздин борборго келген. Алгач келгенде ал көп нерсени түшүнбөй, акыл-эсинин өөрчүүсү өзү менен тең балдардан бир топ артта калган эле. Ага 10-15 мүнөт отуруп бир нерсе жасоо кыйынчылык жаратчу. Аны биздин борборго апасы алып келген. Алыс жашаганына карабастан күн сайын баласы менен чогуу келип жүрдү. Дилмухаммеддин ийгилигинин артында апасынын эмгеги чоң. Анткени ал биздин борбордун мугалимдери менен аралашып, алар менен чогуу жүрүп көп эмгек кылды. Ар бир ата-эне баласына ушундай мамиле кылуусун каалайт элем. Балага ишенсе, өзү кошо үйрөнүп баласына дем берип алдыга сүрөп турса жыйынтык жакшы болот. Өзүбүздүн инклюзивдүү мектебибиз бар. Учурда Дилмухаммед ошол жерде 2-класста окуп жатат. Сүйлөгөнү, ой жүгүртүүсү абдан жакшы болуп калды.

www. logoped.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
Nuriza-2020
2019-12-09 16:15:12
Саламатсынарбы супер инфо мага ушул медцентрдин дарегин жазып койгулачы сураныч Рахмат
0
№ 892, 5-11 декабрь, 2019-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан