Айсалкын Эсенбаева, улакчы Манас Ниязовдун апасы: «МАНАСКА КӨЗ ТИЙБЕСЕ ЭКЕН ДЕП ТИЛЕЙМ»

Бир үй-бүлөдөн төбөсү көрүнгөн бир эмес, беш улакчынын чыгышы бекеринен болбосо керек. Мунун кандай сыры бар? Бул тууралуу белгилүү бир тууган улакчылар Ниязовдордун апасы Айсалкын Эсенбаева айтып берди.

"18 ЖАШЫМДА ЭНЕ БОЛГОМ"

– Учурда 65 жаштамын. Ата-энем мектепти бүтөрүм менен турмушка берип коюшкан. 18 жашымда эне болдум. Биз үйлөнгөндөн кийин 3 ай өтүп жолдошум аскердик кызмат өтөгөнү кетти. Кеткенде да деңиз флотуна түшүп үч жыл кызматта болду. Ошол себептен тун уулубуз Жаныш төрөлгөндө жалгыз болдум. Андан кийин Чолпон, Чынара аттуу эки кызыбыз бар. Кыздардын артынан Байыш, Баяман, Кыяз, анан Манас төрөлдү. Баарын тең оорутпай, ден соолугу чың, аман-эсен чоңойттук. Уулдарыбыздын бешөө тең Кудайдын буйругу менен атасынын жолун улап улакчы болушту. Балдарымдын бул турмушта өз ордуларын таап, кыргыз элине аздыр-көптүр төбөсү көрүнүп жүргөндөрүнө эне катары Кудайга шүгүр келтирем.

“БУТУНУН СӨӨГҮ ЧЫГЫП ЖҮРСӨ ДА КӨК БӨРҮГӨ БАРАМ ДЕП...”

– Бир ирет улуу балабыз Жаныш үйлөнгөндө элдин батасын алалы деп улак тартыш уюштурдук. Үйдөн жаңы эле жөнөп жатышканда Байышым бир тайга мине койгон экен ал үркүп, балам жыгылып түшүптүр. Бутунун канап жатканына карабай башка атка минип алып кеткени жатат. Жанына барсам буту сынып, сөөгү оркоюп чыгып калыптыр. Аны көрүп туруп деле барам дегенин койбойт, урушуп жатып араң алып калганбыз. Мындай кырсыктардан Кудайым өзү сактасын деп тиленип отурам. Жашым өткөн сайын көк бөрүнү сыналгыдан да көрүп отура албай калдым. Жүрөгүм чыдабайт. Балдарымдын буттары, колдору чыгып кетип же бети-башы жарылып келген күндөрү көп эле болот.

“КЕСИП ТАНДООНУ БАЛАНЫН ӨЗҮНӨ КОЮШ КЕРЕК ЭКЕН”

– Алгач жакшы эле кийлигишип илимдүү, билимдүү болушсун деп улуу балабызды жогорку окуу жайга өткөргөнбүз. Бирок жүрөгү каалабаган ишке баланы байлап коюу мүмкүн эмес экен. Бир жылдан кийин окуусун таштап кайра айылга келип алды. Мектепте баары тең эле орто окушту. Бир гана Манас жалаң бешке окучу. Кийин сырттан окуп билим алды. Ошого карабай бүгүнкү күндө өзү тандаган жол менен баратат. Интернеттен көргөн чыгарсыңар, эч ким жерден көтөрө албай жаткан 120 килограммдык торпокту көтөрүп, бир айлантып койду. Мындай ийгиликтерин көргөндө толкунданып деле кетпейм. Болгону ичимден “Кудайым жаман көздөн, жаман сөздөн сактай көр” деп тилейм.

“МАНАС ЭРКЕЛИК ДЕЛЕ КЫЛГАН ЖОК”

– Манасым кичинесинен эле абдан токтоо, жоош бала болду. Ашыкча шоктонуп, тентектик кылганы деле эсимде жок. Кенжетайыбыз болуп эркеликтин доорун жакшы деле сүргөн жок. Себеби Манас 2 жарым жашка чыкканда эле неберелүү болуп калдык. Күчтүүлүк жагынан бала кезинен эле башка балдардан айырмаланып турчу. Өзү 6-класста окуп жүрүп, 8-класстагы балдарды багындырып, аларга үстөмдүк көрсөтүп койгон учурлары болду. Бирок ошол убактан бери эле бирөөгө жаман сөз сүйлөбөйт, өзүнүн дарегине да элден жаман сөз укпайт. Кээде үй-бүлөлүк маселелер болуп калса, акырын гана сүйлөп коёт, агалары баш болуп баарыбыз унчукпай калабыз. Манас башынан эле абдан баласаак, агаларынын балдарына да ар дайым үзүлүп түшүп турат. Азыр өзү уулдуу болду.

“ЖАНЫШТЫН АКЖАЛ ДЕГЕН АТЫ 100 МИҢ ДОЛЛАРГА САТЫЛГАН”

– Балдарым жашоодо өз багытын тапкандыгы ушунда, жалаң ат үстүндө улак чаап, аргымак аттарды багып саяпкерлик менен алектенип, ошондон ырахат алышат. Кудайдын берген ырыскысын дагы ушул тармактан гана таап келишет. Эсимде, Манас 17 жашында баш байгеге автоунаа утуп келген. Ага чейин деле улуу балдарым бир топ байгелердин ээси болушкан. Андан бери далай машиналарды, далай-далай төө, жылкы, тай сыяктуу утуштардын ээси болуп жүрүшөт. Мына, кечээ жакында эле Манас Өзбекстандан бир төө жана 400 доллар утуп келди.

Улакчылыктан тышкары саяпкерлик да кылып жүрүшөт балдарым. Көздөрү көнүп калган, жакшы аргымак чыкчу аттарды бир көрүп эле билишет. Аны сатып алып багып, таптап, улакка чабууга ылайыкташтырып тарбиялашат, кийин ээси чыкса кайра сатып жиберишет. Жакшы аттардын баасы азыркы күндө миллиондон да ашат экен. Жаныштын Акжал деген аты 100 миң долларга сатылган.

“ЫНТЫМАК БАР ЖЕРГЕ ЫРЫСКЫ УЯЛАЙТ”

– Ынтымактуу болууга кичинесинен тарбиялаганбыз. Уулдарыбыз бири-бири менен урушканын көрсөк же бири экинчисине сөгүнгөнүн угуп калчу болсок катуу жазасын алчу. Улуусу кичүүсүнүн же кичүүсү улуусунун жүрүм-туруму тууралуу арызданып келсе да какыс-кукус кылып жазалап койчумун. Кудайга шүгүр, ынтымактары бекем. Бир эле күндө бири-бири менен эки сааттан кийин кайра көрүшүп калышса беттеринен өөп учурашышат. Силер бир боорсуңар, учурашканда көкүрөгүңөрдү тийгизип кучакташып учурашып жүргүлө деп үйрөткөнбүз. Азыркы күнгө чейин ошентип саламдашышат. Биздин берген тарбиябызды улантып азыр балдарым балдарына ошондой таалим-тарбия берип келишет. Уулум Кыяз Бишкекте милиция кызматкери болуп иштеп, ошол жакта жашайт, калгандары баары бир айылда. Ынтымак бар жерге ырыскы уялайт.

Чолпон Сүйүнбаева
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (9)
katerina.li
2019-12-09 09:13:18
Коп жашаныз. Бактылуу болгула.
+12
Baktyluu_bolgum_kelet
2019-12-09 12:02:05
Чыныгы эркектерди тарбиялап эрезеге жеткирген ата-энеге даңк!
+9
Tiken
2019-12-09 12:17:27
Ата-эненин балага берген татыктуу тарбиясынын жемиши ушул го. Кыргыздын уулу кылып тарбиялапсыздар, бар болушсун!!!
+5
ainura220888
2019-12-09 12:31:27
Мага Ниязовтодун атасы менен апасынын создору жагат Жанышым, Байышым, Манасым деп суйлошот. Аябай жакшы тарбия беришкен.
+10
KUMU89
2019-12-09 15:00:19
Ушул балбандар кыргыз журттун намысына бир торолушту. Мындай балбандар кылымда бир торолсо керек!
+6
Nur00018
2019-12-10 20:30:06
Сизге омур берсин Аллахым
+6
akmanai
2019-12-11 06:35:13
Бычака сап болчудай уул-кыздарды таап, татыктуу тарбиялап-остургон сиздерге алкыш!
+4
Elanda
2019-12-11 11:37:18
Мен да жумушум аркылуу үйүнө барып калгам. Учурашкандарын көргөм, чын эле кучакташып, өбүшүп саламдашышат. Анан аябай ынтымактуу үй бүлө.
+3
duyshon.kg
2019-12-12 18:57:00
Арабызга даңк чыныгы кыргыз уулдарды өстүрдү
+1
№ 892, 5-11 декабрь, 2019-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан