ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ 9-ДЕКАБРДАН 15-ДЕКАБРГА ЧЕЙИН



КОЙ (21.03-20.04)

Жумушта майда жагымсыз нерселер күтүлөт. Жетекчилик бир ишти кайра карап чыгууну тапшырат же сындайт. Бул сизди башка иш караштырууга түртүшү мүмкүн. Күңкүлдөп сүйлөнө берүү үйдөгүлөр менен урушууга жеткирерин эске алыңыз. Бойдоктор интернеттен таанышкан адамы менен көзмө-көз жолугушууну пландашмакчы. Апта аягында бир топ ишти бүтүрөсүз.

БУКАЧАР (21.04-20.05)

Чоң окуянын чордонунда болушуңуз мүмкүн. Эгер окуянын сизге тиешеси жок болсо нейтралдуу болуу оң. Иште темпти сактап, көрсөтмөлөрдү так аткаруу керек. Үй-бүлө мүчөлөрүнүн бири жакшы жаңылыгы менен кубантат. Айрымдар өзүнө көңүл бурган адамдардан белек алышат. Карызы барлар акча ээси менен карызды төлөө мөөнөтүн узартуу боюнча сүйлөшүшөт.


ЭГИЗДЕР (21.05-21.06)

Өнөкөт чарчоо, канбаган уйкунун айынан өзүңүздү аптанын башында жакшы сезбешиңиз мүмкүн. Ошондуктан азыраак иштөө сунушталат. Жакындарыңыз бир маселеңизди чечип беришет. Конок келет, алар үчүн көп чачылып-төгүлө бербеңиз. Акчаны балдарга Жаңы жылга топтоо оң. Соода, тигүү цехи, жарнама компаниясында иштегендердин кирешеси көбөйөт.


БӨЙӨН (22.06-22.07)

Тилеген максатыңызга жакындайсыз. Таарыныша кеткен адамдар менен жарашууга, үйдөгүлөргө керектүүлөрдү сатып берүүгө ылайыктуу апта. Үйдү тартипке келтирип, Жаңы жылга керектүүлөрдүн тизмесин түзөсүз. Конокко барууңуз мүмкүн. Айрымдарга тааныштары жаңы иш сунушташат. Чечим кабыл албай туруп жакшылап ойлонуу кажет.


АРСТАН (23.07-23.08)

Аптада абройлуу адамдын кеңеши керектелет. Анткени жашооңузга кирер жаңылыктын босогосунда турасыз. Кабыл алган чечимиңиз кандай жыйынтыктарга жеткирерин анализдеп көрүүңүз зарыл. Кечеге чакырылып, анда тапкычтык менен кызыл тилдүүлүктү көрсөтүп, көзгө илинесиз. Айрымдар үйүндө интерьерди жаңылоосу же базар кыдыруулары мүмкүн.


БИЙКЕЧ (24.08-23.09)

Күтүлүп жаткан окуяны шаштыруунун кереги жок. Келечек жашоосу өзүнөн көз каранды болгон үй-бүлө мүчөсү маселени кандай болсо да өзү чечүүсү кажет. Тиричилик техникасын арзан баада сатып алуу тилегиңиз ишке ашат. Балдарды жаңы жылдык кечеге даярдоого убакыт бөлөсүз. Апта ичинде түзүлгөн кыз-жигит мамилелери бекем болмокчу. Сырттан акча келиши мүмкүн.


ТАРАЗА (24.09-23.10)

Аптада эч кимге сын айтпай, какшыктабай туруңуз. Болбогон сөз таарынууларга жеткирет. Бүтпөгөн иштерди ушул аптада бүтүрүп, жеңилдеп калууга тырышыңыз. Бир иштер боюнча туугандарга барып, белектүү болуп кайтууңуз ыктымал. Акыркы маалыматтардан кабардар болуп туруу сунушталат. Анткени сизге керектүүсү максатка бат жетүүгө жол ачат.


ЧАЯН (24.10-22.11)

Энергияңыздын азайганын сезесиз, оор иштерден качып, витаминдүү тамактаныңыз. Артка жылдырылып келген иштерди колго алууга туура келет. Мисалы, үйдүн оңдоп-түзөөсүн аягына чыгаруу, отун же көмүр алуу дегендерди. Кеңеш сураган адамга өз пикириңизди таңуулабаңыз, туура эмес болуп калса кийин сиз күнөөлүү болуп каласыз. Достор чогулуп, көңүл ачасыздар.


ЖААЧЫ (23.11-21.12)

Апта жемиштүү болмокчу. Керектүү документтерди бүтүрүп, үйдөгү керексиздерден кутулуп, кээ бир буюмдарды жаңыртасыз. Айрымдарга сезимин арнаган адам чыгат. Мамиле түзүү же түзбөө сизден көз каранды. Кандайдыр бир сынакка катышууңуз мүмкүн. Сайт түзүү же компьютер технологиясын өздөштүрүүнү көздөгөндөр максатына катуу киришишет.


ТЕКЕЧЕР (22.12-20.01)

Кандайдыр бир жашыруун сырды угасыз. Сыягы, улуулар же туугандар сизден бир нерсени жашырып келишкен. Иште телефон чалуулар, баарлашуулар көп болуп тажатат. Көргөн түштөрүңүзгө маани бериңиз, аян түш кириши мүмкүн. Бир ийгиликти белгилөө үчүн жакындарыңыз болуп акча чогултасыздар. Жаңы кийимдүү болушуңуз ыктымал.

СУУ КУЯР (21.01-19.02)

Сүйүктүүңүз же жан шеригиңиз күтүүсүз жорук-жосуну менен кыжырыңызга тиет. Бул аны бирөөлөр ыза кылгандан болушу мүмкүн. Балдардын керектөөлөрүнө бир топ акча коротосуз. Келечекте сиз менен дос болуп калчу адам менен таанышууңуз ыктымал. Катташып жүргөн теңтуштар чогулуп, жолугушчу күндү белгилешет. Апта аягы майда кырсыктарга жакын, абайлаңыз.


БАЛЫК (20.02-20.03)

Бир окуядан улам жакшы нерселерге жана жакшы адамдарга ишенимиңиз кайта түшөт. Кандай болгон күндө да өзүңүздү колго алып, алаксыңыз, эски таарынычтарды унутуңуз. Алыста жашаган тууганыңыз жаңылык айтат же акча жөнөтөт. Кирешени көбөйтүү маселеси жүрөгүңүздү өйүп, бул жаатта бирөөлөр менен пикир алышасыз. Уурулардан сак болуп, үйдү ээн таштабаңыз.

 Кыстарылган видео 
Жылдыз төлгө. 9-15-декабрга чейин
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 892, 5-11 декабрь, 2019-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан