КЫРГЫЗСТАНДА ЭМИ LADA`нын РАСМИЙ БОРБОРУ АЧЫЛАТ

12-декабрда борбор шаарыбыз Бишкекте орусиялык АвтоВАЗ ишканасы чыгарган LADA унаасынын расмий борбору ачылат. LADA үлгүсүндөгү унаалар Кыргыз жергесинде расмий дилер болуу укугун “Азиямоторс” ишканасы алган. Аталган компаниянын коммерциялык директору Адилет Итикеев LADA үлгүсүндөгү жаңы унаалардын артыкчылыктары тууралуу маек курду.

– «Азиямоторс» компаниясынын тарыхы жана ишмердиги тууралуу кыскача айтып кетсеңиз?

– «Азиямоторс» компаниясы Кыргызстанда 2008-жылдын 15-августунда ачылган. Алгач биз япониялык Mitsubishi Motors компаниясынын расмий дилери катары ачылганбыз. 2008-жылдан бери, 11 жыл ичинде биз көптөгөн дүйнөлүк бренд болгон унаалардын расмий дилери болдук. Анын ичинде Renault компаниясы бар. 2009-жылы Hyundai, 2014-жылы Mercedes-Benz, 2016-жылы Renault ишканалары менен келишим түзүп, дилердик милдетти алганбыз. 2018-жылдын 30-декабрында Renault менен кайрадан жаңы келишим түздүк.

– LADA борборунун ачылышы менен жарандарга кандай жеңилдиктер түзүлөт?

– LADA Орусиялык бренд. Ал унааны чыгарган АвтоВАЗ заводу өз тарыхында көптөгөн баскычатарды басып өттү. Азыр ал ишкананын 69 пайызы франциялык “Renault Group” компаниясына таандык. Андыктан башкаруу системасы учурда франциялык ишкана тарапта. Франциядан келген күчтүү менеджер заводду башкарууда. Натыйжада азыр жаңы үлгүдөгү LADA унаалары европалык стандарттар менен куралып жатат.

Буюрса, LADA борбору 12-декабрда ачылат. Ачылышына “Renault Group” компаниясынын өкүлү Макс Миссана Кыргызстанга келет. 13-14-декабрда жаңы LADA Vesta Sport унаасынын бет ачары болот жана ар бир кардарга белек берилет.

Борбордо курулуп жаткан шоурум (унаалардын көргөзмө бөлмөсү) кандай болуш керектиги жөнүндө "Renault Group" компаниясынын өзүнүн стандарттары бар. Бүгүн биз ошол стандарттарга ылайык курулуш иштерин жасадык.

– Эмне үчүн кардарлар LADA унаасын сатып алышы керек? Сатып алган кардар кандай кепилдиктерге ээ болот?

– Эң биринчи бул унаалар жаңы. 10-15 жыл мурун чыккан унаалардын баасы LADA`ныкындай болуп жатат. Бирок 15 жылда ал машина канча деген чакырымды басып өтөт? Канча жолу жол кырсыгына кабылат? Ал эми LADA`нын жаңы үлгүсүн алсаң сага 3 жыл же 100 000 чакырымга кепилдик берет. Мисалы, Казакстанда жаңы унааларды сатуу көрсөткүчүндө LADA биринчи орунда турат. Бизде дагы, буюрса, мындай көрсөткүч болот деп ишеним артуудабыз.

Учурдагы LADA`нын совет доорунда чыккан унааларга караганда сапаты бир топ жогору. Мисалы, азыркы АвтоВАЗдан чыккан унаалардын коопсуздук системалары бир топ жакшыртылган, заман талабына ылайык, экологияга зыяны да аз. Анткени унаалардын бардыгы күйүүчү майдын Евро-5 жана Евро-4 стандартына жооп берет. Бул абага бөлүнүп чыккан газдын өлчөмүнүн чектен ашып кетпешин көзөмөлдөйт дегенди түшүндүрөт.

– Компаниядан унааларды насыяга алуу мүмкүнчүлүгү барбы?

– Учурда биздин компания “Халык банк” жана “Демир банк” менен иштешип жатат. Эгер унаа үчүн алынган насыя сом менен берилсе 12 пайыз менен, эгер доллар менен берилсе 9 пайыз менен берилип жатат. Биринчи төлөмдөр унаанын баасынын 20 же 30 пайызын түзөт. Сумманын калган бөлүгүн 3 жылга насыяга алса болот. Насыя алуу үчүн банкка барганда сурай турган негизги документ кардар өзүнүн айлык маянасын көрсөтүш керек. Эгер анын айлык маянасы айына төлөнө турган насыянын суммасынан жогору болсо насыя берилет.

– Бул борбордун ачылышы менен Кыргыз өлкөсү дагы кандай жеңилдиктерге жана артыкчылыктарга ээ болот?

– Кыргызстан Бажы биримдигинин курамына киргендиктен Орусиядан, Беларустан, Армения жана Казакстандан алынып келинген, сертификаты бар товарларга бажы төлөмдөр төлөнбөйт.

– Маек үчүн рахмат!

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (7)
bulathan
2019-12-09 10:33:09
Барыш керек
-1
murat17
2019-12-09 14:56:24
тушунуктуу неге авто растоможка которулуп жатканы себеби ушул экен орустар отпогон машинасын эптеп бизге сатуу
+6
murat17
2019-12-09 14:59:10
орустардын ладасыбы жигулисиби бир шалдыраган араба Тойота же Мерсти айтпайын корейлердин Хундай жана англичандардын Форт жакшы орустун машинасынан
+4
arnal78
2019-12-09 15:29:09
Москвада LADA жалан мамлекеттик мекемелерге танулап берилген.Мисали Почта России. Анан INVITRO лабараториясы коп колдонот экен. Жалан биоматериалдарды ташыганы.Ушуга окшогон гана ишканалар колдонбосо башкалар колдонбойт. Жеткируу кызматы,такси дагы колдонбойт.Сапаты жакшы болсо орустардан ашмак эмес.
+3
Luna15
2019-12-09 17:52:16
Адрес жазып койсо болмок
0
Dembele84
2019-12-10 10:07:11
Орустар оздору даже коргусу жок ладаны
+3
aslan_akjol89
2019-12-13 23:24:53
Айылдыктарга боло берет.Запчасть арзан,чыдамдуу келет жаман жолдорго.
-1
№ 892, 5-11 декабрь, 2019-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан