19 ЖАШТАГЫ ЖИГИТТИ ҮЙҮНӨН БЫЧАКТАП КЕТИШТИ

29-ноябрь күнү Чүйдүн Аламүдүн районуна караштуу Төмөнкү Ала-Арча айылында 19 жаштагы жигит бычакталып каза болду. Шектүүлөр маркумдун үйүнө бет капчан кирип келишип, аларга каршылык көрсөткөн жигитке бычак сайышкан. Кылмышка шектелип 18-21 жаштардагы 4 жигит кармалды.

«ШЕКТҮҮЛӨРГӨ КАРШЫЛЫК КЫЛГАНДА АГА БЫЧАК САЙЫШКАН»

– 29-ноябрь күнү Аламүдүн РИИБинин нөөмөт бөлүмүнө Төмөнкү Ала-Арча айылынын тургунуна белгисиз адамдар тарабынан кол салуу болгондугу тууралуу билдирүү келип түшкөн. Айтылган дарекке ыкчам иликтөө тобу барганда, саат 20:30 чамасында бет кап тагынган 4 жаран 46 жаштагы тургундун үйүнө бастырып киришкени маалым болгон. Үй ээсине кол салган бет капчандарга 19 жаштагы баласы каршылык көрсөтөт. Ошондо ага бычак сайып салышкан. Андан кийин шектүүлөр качып кетишкен.

19 жаштагы Э.О. алган жаракатынан улам өзүнө келбей ооруканада көз жумган. Окуянын эртеси күнү, 30-ноябрда Аламүдүн РИИБинин ыкчам тергөө иш-аракеттеринин натыйжасында кылмышка шектүү катары 4 жаран кармалды. Алар: 19 жаштагы С.Б. жана Ж.М., 21 жаштагы Б.Р. жана 18 жаштагы Ш.Ч. Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 130-берене (адам өлтүрүү) менен катталып, бардык тиешелүү соттук-медициналык экспертизалар дайындалды. Учурда шектүүлөр Бишкек ШИИББинин убактылуу кармоочу жайына киргизилип, сотко чейинки өндүрүш иштери уланууда.

«5 ЖОЛУ БЫЧАК УРУЛГАН ЭКЕН»

Маркумдун кошунасы Махбуля Сулейманова «ал аябай тартиптүү жигит эле» деп эскерип, окуя тууралуу буларды айтып берди:

– Окуя болгон күнү биз үйдө эле болчубуз, кечинде кошунабыздын аялы «жардам бергиле» деп ыйлап телефон чалып калды. Күйөөм экөөбүз чуркап кирсек кошунанын улуу баласы Э.О. жерде канга боёлуп, эс-учун жоготуп жаткан экен. Үйгө кирип келип кол салгандар качып кетишиптир. Бала дем алып жатканын билип күйөөм дароо аны ооруканага алып жөнөдү. Тилекке каршы, ооруканада жаны үзүлүптүр. Көрсө, 5 жерине бычак сайышыптыр, бири жүрөккө сайылган экен. Мынчалык мыкаачылык менен ким кол салышы мүмкүн экенин, эмне себептен мындай кылышканын билбейм. Себеби ал аябай тартиптүү, кичи пейил жигит болчу. Кошунабыз бул айылга ушул каза болгон уулу 5-6 жашында көчүп келишкен. Ошондон бери Э.О. көз алдымда чоңойду, мектепке бул жактан барды. Сабактардан да жакшы окучу. Менин уулум менен бир класста окугандыктан апасы экөөбүз ата-энелер чогулушуна такай чогуу барчу элек. Мектепте да, короодо да чогуу ойногон, балдар менен да конфликтке барганын көргөн эмесмин. Дайыма көрүшкөндө салам айтып, коштошкондо «көрүшкөнчө» деп узатар эле. Үй-бүлөдө төрт бир туугандын улуусу, бир иниси, эки карындашы бар. Иниси 7-класста, улуу карындашы 10 жашта, эң кичүүсү эми төрт айлык болгон. Азыр үй-бүлө мүчөлөрү анын сөөгүн жерге берүү үчүн кичи мекени Базар-Коргонго алып кетишти. Бул жакта туугандарынын бири короо-жайды карап калды.

«ШЕКТЕЛИП ӨЗҮ ТЕҢДҮҮ БАЛДАР КАРМАЛЫПТЫР»

Төмөнкү Ала-Арча айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары Руслан Шакир уулу буларга токтолду:

– Маркум Э.О. үй-бүлөнүн тун уулу болчу. Атасы «Дордой» базарында эмгектенет. Апасы 4 айлык наристесин карап үйдө, үй кожойкеси. Маркум жигит мектепти аяктап, Бишкектеги жогорку окуу жайлардын биринде 2-курста окуп жаткан экен. Аны бычактаганга шектелип өзү теңдүү балдар кармалыптыр. Ал жигиттер тууралуу эч нерсе айта албайм, азырынча тергөө иштери бүтө элек. Эмне себептен кол салганы белгисиз.

Маркум жигиттин ата-энеси, туугандары менен байланышууга мүмкүнчүлүк болгон жок. Баласынан ажырап, сыздап отурган үй-бүлөгө окуя тууралуу кеп козгоо оор болору бышык. Тиешелүү органдар ишти тыкыр иликтейт, күнөөлүүлөр жоопкерчиликтен кутулуп кетпей, мыйзам алдында тийиштүү жазасын алат деп үмүт кылабыз...

Айпери Хожаева
koom@super.kg

 Кыстарылган видео 
19 жаштагы жигитти үйүнөн бычактап кетишти
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
satarovkubacom
2019-12-15 04:51:30
Кыргыз бир бирибизди кырып алмай болдукго
0
№ 892, 5-11 декабрь, 2019-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан