Алексей Федосеев: «ЭМИ ЭРЕЖЕСИЗ УРУШТА ЧЕМПИОН БОЛГУМ КЕЛЕТ»

Орусияда төрөлүп, Кыргыз жеринде чоңойгон Алексей Федосеев Кыргыз желегин көтөрүп барган мелдештеринде байгесиз кайтпаган кикбокс чебери. Ал 9-ноябрда Түштүк Кореянын Сеул шаарында Road FC 56 мелдешинде эрежесиз урушта алгачкы беттешин өткөрдү. Федосеев октагондо кореялык Го Жи Вон менен кез келип, жеңишке жетти. Кикбокс боюнча Дүйнө чемпиону болгон Алексей эми эрежесиз урушта чемпиондук курду багынтууну максат кылганын жана карьерасындагы кызыктуу учурлары тууралуу маек курду.

Туулган жылы – 13-ноябрь, 1986-жыл

Туулган жери – Орусия, Ярослав облусу, Ишня айылы

Машыктыруучу – Воинов Александр Хусейинович

Бою – 167 сантиметр

Салмагы – 67 килограмм

Жетишкендиктери – Кикбокс боюнча Дүйнөнүн үч жолку чемпиону (2012 (WBKF версиясы боюнча), 2012 (W5 версиясы боюнча), 2014), Дүйнө кубогунун ээси (2012), Европа чемпиону (2008), Азия чемпиону (2015, 2016) жана Евразия чемпиону (2010, 2011).

Үй-бүлөлүү, эки уулдун атасы


– Салам, Алексей. ММА спортуна ийгиликтүү кадам ташташыңыз менен куттуктайм. Эрежесиз урушта беттеш өткөрүү канчалык оор болду?

– Мен үчүн октагондо мушташуу адаттан тыш көрүнүш болду. Анткени бул жакта эрежелер башкача. Буга чейин эрежесиз урушта беттеш өткөрүп көргөн эмесмин. Андыктан бул мен үчүн жаңы тажрыйба болду. Ошол эле учурда бул беттеш спорттук карьерамдагы эсте кала турган жеңиштердин бири болору талашсыз. Албетте, октагондун ичинде кыйынчылыктар болду, бирок алардын баарына даяр элем. Анткени мен эмнеге бара жатканымды толук билгем.

– Эмне үчүн ММА спортунда өзүңүздү сынап көрөйүн деп чечтиңиз?
– Биринчиден, бул спорт түрү учурда Кыргызстанда гана эмес, дүйнө жүзүндө популярдуу. Экинчиден, бул жакта гонорар көп. Башкача айтканда, спортчулардын көпчүлүгү медаль үчүн эмес, акча үчүн күрөшөт. Мен Road FC уюму (эрежесиз уруш боюнча беттештерди өткөргөн түштүк кореялык уюм) менен келишим түзүп, чемпиондук курга чейин жетким келет. Алгачкы беттештен кийин алар дароо менеджерим Айбек Мусаевге байланышып эксклюзивдүү келишим сунушташты. Жакын арада ал келишимди колго алабыз.

– 33 жашыңызда эрежесиз урушта дебют жасадыңыз. Кеч болуп калган жокпу?
– Практикада 40-42 жаштагы мушкерлер ММА спортунда өз өнөрлөрүн көргөзүп, чоң ийгиликтерди жаратып, чемпион болушкан. Албетте, эрте эле бул спортко келсем болмок, бирок бүгүн деле кеч эмес.

– Спортко кадам таштаган учуруңуз тууралуу сөз уласак. Канча жашыңыздан баштап спорт чөйрөсүнө аралашып калгансыз?
– 13 жашымда Ивановка айылында (ред.: Ысык-Ата району) спорт менен машыга баштагам. Алгач менде спортчу болом деген ойлор болгон эмес. Жөн гана өзүмдү, жакын адамдарымды коргой алыш үчүн спорт менен машыккам. 2002-жылы Александр Воиновдун кол алдында машыга баштадым. Ошондо мен кикбокс жөн гана спорт эмес, искусство экенин түшүндүм. Анан Дүйнө чемпиону болуу кыялым пайда болуп, убактымдын көбүн машыгууларга жумшай баштадым.

– Машыктыруучуңуз Воинов сиздин октагонго чыгам деген чечимиңизди кандай кабыл алды?
– Жакшы кабыл алды. Беттеш бүткөндөн кийин машыктыруучум дароо “Жаракат алган жоксуңбу?” деп сурады. Ал үчүн менин ден соолугум маанилүү.

– Бир жыл мурун «Алексей Федосеев спорттук карьерасын жыйынтыктады» деген сөздөр чыккан эле...
– Буга чейин профессионалдык карьерамды жыйынтыктоо тууралуу ойлонгом. Бирок ички туюмум «Алексей, спортто сен багынта турган бийиктиктерге жете элексиң» дегендей туюлду. Мындан улам спортту таштай алган жокмун.

– Хобби менен жумуш спортчулар үчүн бир түшүнүкпү?
– Азыркы учурда спорт менин жумушум дагы, хоббим дагы. Бир гана кикбоксинг эмес, күрөш, сууда сүзүү, велосипед тебүү, кыскасы, спорт менен машыгуунун өзү – менин хоббим.

– Спорттон көп акча табуу мүмкүн эмес экени белгилүү...
– Кыргызстанда спортчу болуп акча табуу кыйын экенин билип туруп спорт менен машыгып келем. Мени колдогон досторум, ишкер байкелер бар. Алар финансылык гана эмес, моралдык жактан да дем-күч беришет. Негизи Кыргызстанда өзгөчө олимпиадалык эмес спорт түрү менен машыгуу өтө кыйын. Себеби аларга көңүл дагы, акча дагы аз бөлүнөт.

– Бир нече жыл мурун АКШ сизге ири суммадагы келишим сунуштаган. Эмне үчүн ал сунушту кабыл алган жоксуз?
– 2015-жылдын башында АКШда болгом. Алар мага профессионалдык боксто беттеш өткөр деп 3 жылдык келишим сунушташкан. Бирок ал келишимден баш тартып Кыргызстанга келе бергем. Анткени ал жакта жүргөндө үй-бүлөмдү, мекенимди сагындым. Мекенден алыс болгондо, жаныңда сени колдогон жакындарың жок болсо кыйын болот экен.

– Карьераңыздагы эң оор жаракат алган учур эсиңиздеби?
– Тилекке каршы, эң оор жаракатым рингде эмес, 2013-жылы тойдо болгон. Пикир келишпестиктен улам белгисиз бирөөлөрдүн токмогуна кабылып, анын натыйжасында жаак сөөгүм 2 жеринен сынган. Ошондон кийин көздөрүм жакшы көрбөй калган. Мындан улам көп убакыт ооруканада жаттым. Ошол учурлар мен үчүн оор болду.

– Кайсы жетишкендигиңиз менен көбүрөөк сыймыктанасыз?
– Балдарымдын төрөлүшү – менин эң чоң сыймыгым. Дүйнө чемпиону болдум деп мактанбайм. Балдарымды туура тарбиялып жатканым – сыймык.

– Балдарыңыз, сизди колдогон жубайыңыз тууралуу айта кетсеңиз.
– Эки сонун балам бар (күлүп). Улуусу 6 жашта, атын машыктыруучумдун урматына Александр деп койгом. Экинчи балам бир жарым жашта, аты Димит. Экөөнүн мүнөзү эки башка. Аларга спорт менен таттуу мамиледе болууну үйрөтүп келем. Эртең менен туруп чогуу көнүгүү жасайбыз.

Жубайымдын аты Дина. Албетте, ал ар бир беттеште мен үчүн санаа тартат. «Спортту таштачы» деп суранат. Анткени спорттогу ийгиликтерим канча деген кыйынчылыктардын арты менен келип жатканын жубайым абдан жакшы билет. Негизи беттештин өзү эмес, ошол беттешке даярдануу спортчу үчүн кыйын. Мына ошол процессти көрүп, колдогон жубайыма рахмат.

– Келечектеги пландарыңыз менен бөлүшө кетсеңиз?

– Буга чейин бир да кыргыз мушкери дал ушул Road FC уюмунда чемпион болгон эмес. Андыктан ал уюмдун чемпиондук курун Кыргызстанга алып келген алгачкы мушкер болууну ниет кылып жатам.

– Маек үчүн рахмат.

Кубан Жумамидинов
sport@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
gulia90
2019-12-09 12:56:32
Молодец.
+2
altyw555
2019-12-12 09:41:58
боец с огромным потенциалом
0
№ 892, 5-11 декабрь, 2019-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан