АКЫРКЫ АДАМ-ЖАПАЙЫНЫН АРЗУУСУ

(Башы өткөн сандарыбызда)

Ошол жаңгакты курчай алма жыгачтарынан сөрү жасап койгон. Ал балакана-сөрүгө кендир аркандан жасалган шаты менен гана чыгат да, чыгып-түшкөн соң шатысын алып коёт. Ошондо ал жерге ит-куш гана эмес, айлакер адам да чыга албайт. Балакананын тегерегине сүтактар конуп, таң атканча «сүт…ак» деп безеленип чыкса, булбулдар күндүзү бир тынбай сайрашат. Буларды канчалык көрөйүн десе да, адам-жапайы көрө албай койду. Азат жүргөн кезде адам-жапайынын булардын бирөөсү менен да иши болбойт эле. Кээде баюулуу (үкү) келип аны шылдыңдап кеткенин карасаң, кармата тургансып өтө жакын келет да, узун колун серпип аларда бир канат күүлөп ары боло калат. Чынжыр болбосо аны ушул мазагы үчүн шарт кармап, башын жулуп, канын ичпейт беле...

ХХХ

Отунчу балаканадагы адам-жапайыга тамак алып баруу милдетин алгандан кийин отунга деп тоого, токойго көп баргысы келбей калды. Токой ээсин “тойбос немени багып алдың” деп урушкан туубас катыны эптеп бышырып берген тамагын жаңгак кесеге толтура салат. Анан балаканага баратып, аны өзү казып койгон жугунду төгүүчү жерге шарт оодара салып, анын ордуна өзү даярдап койгон чийки этти шашып салып, салаңдап турган аркан-шатыга шарт жабышат. Аттап-буттап өйдөгө чыгып, адам-жапайынын алдына барып этти анын идишине оодарат. Ошондо экөө бирин-бири тиктеше түшүшөт. Тиктешет да, бир топтон кийин көздөрүн ала качышат. Экөөндө тең тил жок, сөз жок. Жөн гана ымдашып коёт. Кээде тамак бергени адам-жапайыга кеткен Отунчу көпкө жоголот. Токойчу муну билсе да, билмексен… Башкалардын болсо булар менен иши деле жок. Бара-бара адамдардын да бул жапайы жанга кызыгуусу сууган.
Бир гана аны колго түшүрүү үчүн ороо казып берген Отунчу бул иште өзүн айыптуу сезип, ошол айыбын кантип жууштун амалын таппай кыйналат...

ХХХ

Токойдогу сансыз көп дарактардын каршы-терши чырмалышкан бутактарына жабышкан бариктерден асман араң көрүнгөн жайкы кечтердин биринде көктө толгон ай сүзүп жүрдү. Ал анда-санда гана бариктердин кычыгынан кылайып көрүнбөсө, таарынган баладай жашырынат. Бирок токой үстүнө жарыгы текши тийгенге ормон ичи да айсыз кечтерге караганда бүгүн кыйла нурлуу.
Отунчу адатынча отун өчүрүп кеч жаткан. Уктап кетиптир. Бир убакта жапайы кишинин үнү чыккандай болду, каңырыш уктумбу дегенсип кулагын кайра жакшылап тоссо, тааныш үн. Шарт турду да асма шатыны түшүрүп, аны менен өйдө көтөрүлдү. Үн басылып калды. Отунчу адам-жапайынын жанына барды. Сүйлөнө берди. Тигиниси да бир нерселерди айтып, өз тилинде сүйлөнгөн болот. Анан экөө жакын келишти. Кадимкидей биринин дем алганы бирине угулуп турду…
Отунчуга адам-жапайынын колу тийди. Түктүү, кайраттуу, тырмактуу, эркектин колдору…
Адам-жапайыга Отунчунун колу тийди. Жумшак, назик, ургаачынын жыттуу колдору…

ХХХ

Жайкы түндөрдүн биринде Отунчу тобокелге салып, адам-жапайыны байланган жеринен чечип, байлоонун бир учун өз колуна ороп, эптеп ымдап, асма аркан-шаты менен жерге түшүрдү. Ээрчитип алып, баягы шаркыратма-көлмөгө алып барды. Таштан жабышып, сыйгаланып түшкөн мупмуздак сууга экөө көпкө кириништи, муну бир да жан, бир да макулук көрбөдү да, билбеди. Түн оогон кез эле. Атүгүл адамдардын эң эле куйтусу, эң эле митаамы – токой ээси да муну байкаган жок. Ал билсе, экөөнү тең катуу жазаламак.
Көлгө жакын келгенде өмүрү сууга түшүп көргөн эмеспи, адам-жапайы тайсалдап турду. Отунчу ошондо үстүндөгү чапанын чечип ыргытып, сууга боюн таштады. Адам-жапайыда болсо кийим жок. Отунчу ымдаганда аргасыз сууга шумгуду да, ичиркенип, секирип-секирип, оозунан жуткан суусун бүркүп, анан көнө түштү. Муздак сууда балыктардай ойноп, ары-бери сүзүп, суу чачышып, шаркыратманын шарына денелерин тосуп, бири-бирине жакындашып, алысташып, суу денелерин сылашып…
Эч кимге билгизбей Отунчу адам-жапайыны ордуна алып барып байлап салды.
Адам-жапайы канчадан бери «бошонсом эле кетемин, качып кетемин, учуп-күйүп үңкүрдөгү түгөйүмө жетемин» дегени менен бул жолу анте албады, кандайдыр бир күч анын бутун шилтетпей тушап турду…
Сыягы Отунчуга жакындай түшкөнү себеп болду окшойт...

ХХХ

Алматтардын жети үйүндө сегиз жан калды. Тогузунчусунун өлүү-тирүүсү белгисиз. Жыл айланса да мергенчинин кабары билинбейт. Төрт жигиттин издебеген, тинтпеген жери калбады.
Ошентип, издеп жүргөн күндөрүнүн биринде аскада асылып турган мылтыкты көздөрү чалып калды. Таң болушту. Мылтык ал жерге кайдан барды, ким алып барды? Деги эле ал жакка адам баласы эмес, тайган иттер да өтө албайт. Канаттуу куштар алып барып, аскадагы жалгыз арчага көрүнө илип салганбы? Төрт жигит канча күн жалама, шуштугуй асканын үстүнөн да, астынан да барышып, ошол түтөтмө мылтыкка жете албай суй жыгылышты. Акыры муну адам эмес, кайып жан алып келип илип кеткен экен деп түңүлүп кайтышты.
Көргөндөрүн он бир мүчөл жашаган куу сакал карысына айтып келишти.
– Бул мерген канча жолу оңко тургузду эле?- деп сурады ал абышка жигиттерден.
– Үч жолу! Төртүнчүсү да жакындап бараткан,- дешти жигиттер.
Кары алмат көпкө үнсүз-сөзсүз турду. Баары күйүп жаткан арчаны, андан заматта пайда боло калган чычаланы карап унчугушпады. Аксакал ушинткенде бир-экөөнүн эми эле ушул отко кактап оозуна салган кайберен эттери жумурун жулуп кеткендей болду.
– Бул турагыбызды таштап, журтубузду өзгөртүп, ылдый эл араласакпы?
Аксакал дагы да кыска сүй­лөп, сөзүн кайра үздү. Башкалар унчугушпады.
– Өзүбүздөн өзүбүз көбөйбөй жатабыз. Аз калдык. Ааламдын бир учунан бир учуна жетебиз деген алматтардан ушул алты үй – акыркысы. Жетинчиси ээсин кыйладан бери жоктоп турат. Биз, эмне, Жараткандын каргышына калдык бекен?!
Кары киши ушинтип айтканда баары дем албай укту. Дем албай жооп издешти. Бирок эч ким жообун ашкере айтууга батынган жок.
– Макул, дагы кырк күн ой­ло­нолу! Кырк күн мергендин өлүгүн издегиле! Кырк күндөн соң же башка урууларга аралашып кетебиз, же ушул жашообузду уланта беребиз. Аны алдыдагы тагдыр ташы көрсөтөт!

ХХХ

Алматтар көргөн мылтык чын эле мергенчиники эле. Бая чагылган тийгенде дал ошол мылтыгы колдон учуп, тээ төмөнгө кулап кеткен. Аны ургаачы адамжапайы кокус көрүп калган. Көрөрү менен жүрөгү оозуна кептелди. Түрү суук, өзүнө зыян алып келчү нерсе сыяктанды. Мурда-кийин көрбөсө да ушундай ой келди, анан аны жок кылуу үчүн коомай кармап, ар жерге алып барып жашырып чыкты. Бирде мөңгүнүн астына бекитсе, эртеси кайра ишенбей, дарыянын ортосундагы аралчага алып барды. Үчүнчү күнү таштын коңулуна таштап ийди. Акыры булардын баарына ишенбеди, жанагы жаналгыч немени адам баласы таап албасын деп кабатырланды. Анан мерген ачуусуна тийген күндөрдүн биринде мылтыкты аска бооруна илип келди. «Үңкүрдөн качып чыкса да ушул куралын алам деп зоодон учуп өлсүн» деген ой менен атайын ошол жерге көз көрүнө илип таштады.

Тойчубай Анаркулов

(Уландысы кийинки саныбызда)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 408, 27-август - 2-сентябрь, 2010-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан