Асел Кадырбекова, ырчы: “ЧЫГАРМАЧЫЛ АДАМ ҮЧҮН ЭҢ КОРКУНУЧТУУСУ – АГА ЭЧ КИМДИН КЫЗЫКПАЙ КАЛГАНЫ”

Чыгармачылыктан алыстап, учурда кичинекей кызы менен алек болуп жүргөн Асел Кадырбекова кызы Дария экөө бул сандын апта каармандары. Ырчылардан түзүлгөн үй-бүлө, алардын чыгармачылыгы тууралуу кеп учугун улайбыз.

– Салам, Асел! Кандай жаңылыктар менен келдиң?

- Салам! Азыр энелик милдетти аткарып үйдө элемин. Эми Жаңы жылдан кийин толугу менен кайрадан ырчылыкка киришем деп турам. Кош бойлуу кезимде өзүмө ашыкча ишенип “төрөгөндөн кийин тез эле ырдап баштайм, баарын кыйратам” деп айткан элем. Балалуу болгондон кийин бардык пландарым кийинки планга жылып кетти. Негизги жумушум кызымды чоңойтуу болуп калды.

– Баланы тарбиялоодо китептерде жазылган кандайдыр бир ыкмага таянасыңбы же өзүң тарбияланган, тагыраагы, апаңдын ыкмаларын колдоносуңбу?
- Эстесем, апам мени урушчу эмес, такыр кол көтөргөн жок. Мен да апамдай болуп балама кол көтөрбөгөнгө аракет кылам. Улуулардан “Эркекти токчулук, кызды жокчулук бузат. Андыктан кызды барчылыкта чоңойт, эч нерсеге зар болбосун. Эркек балага жетишпеген жашоону көрсөтүп чоңойт, тың болсун” деген сөздөрдү угуп калам. Ушул ыкманы карманабыз го. Бала тарбиялоо боюнча атайын түзүп алган эрежем жок. Азыр өзүбүз деле кызым менен кошо чоңоюп жатабыз. Алдыда дагы кандай тарбиялайбыз, көрө жатарбыз. Баары абалга жараша болот деп ойлойм.

– Кызыңдын жүзүн элге көрсөтпөй жатасың. Көз тиет деп кооптоносуңбу? Ушундай ишенимдерге маани берип, ырым-жырымдарды карманасыңбы?
- Менин эркиме койсо жашырбай эле жүзүн көрсөтүп жүрө бермекмин. Бирок үй-бүлөлүү болгондон кийин жалгыз өзүмдүн эмес, үйдөгүлөрдүн да ою менен эсептешишим керек. Ата-энебиздин ишенимдери, карманган ырым-жырымдары бар. Улуулардын сөзүн эки кылбай, кызымдын жүзүн элге көрсөтпөй жүрөм. Өзүм ырымчыл эмесмин. Бирок кызыма, үй-бүлөмө келгенде абайлап турам.

– Бирок кызыңдын сүрөтүнүн социалдык тармактарга тарап кетпешин көзөмөлдөө кыйын болсо керек?

- Ооба, артыбыздан ээрчип жүрүп тартып алгандар, социалдык тармактарга сүрөтүбүздү жүктөп, бизди белгилеп койгондор бар. Кызымды коляскада сүйрөп көчөдө жүрсөм, мени түртүп туруп көрүп кеткендер да болот. Бул көрүнүштөргө күлкүң да, жиниң да келет. Ар бир адамдын өзүнө гана таандык жеке жашоосу болот. Ага киришкен туура эмес. Андайда мен катуу айта албайм. Бир нерсе десем “жылдыз оорусу” менен ооруп калыптыр дешет. Ошондуктан мындай абалды жөн гана кабыл алыш керек деп ойлойм.

– Бир ирет Нурландын жумуртка кууруп жаткан видеосу тарады. Жолдошуң ашканага аралашабы?
- Ал видеону мен көргөн жокмун. Бирок Нурлан ашканага, үй жумуштарына такыр жолобойт. Ашканада апам экөөбүз кожойкебиз. Нурландын ашканага кирип калганы мен үчүн таң калычтуу. Биз үйдө жок болгонубузда курсагы ачканда айла жоктон ашканага кирип, жумуртка кууруп жеген чыгар.

– Эл арасында “Аселдин үйүндө бала багуучу, үй кызматчылары бар. Асел жасанып эле жүрө берет” деген кептер бар экен...
- Кандай сонун жашоодо жашайм (күлүп). Үй жумуштарын өзүм жасайм. Үйдү жыйноо, тамак жасоо мен үчүн чоң жумуш эмес. Кудайга шүгүр, сонун кайнене-кайнатам бар. Алар баланы карап жардам беришет. Эл айткандай жардамчыларым болгондо азыр толгон-токой ыр жаздырып, клиптерди тарттырып, жадакалса гастролдоп кетмекмин.

– Бала багып үйдө отурган жагып калып, ырдабай коюшуң мүмкүнбү?
- Азыр кээде эле ырдап койгонум болбосо, эки жылдан бери үйдө отурам. Буга чейин дайыма иштеп жүргөндүктөн үйдө отуруп калуу кыйын болду. Шарт болсо, иштегенге эмне жетсин? Жолдошуңа жардам берип, аны кыйнабай өзүңдү өзүң каржыласаң жакшы да.

– Чыгармачылыгың боюнча сага карата мактоолор менен бирге бир катар сындар айтылат. Аларга кандай жооп бере аласың?
- Эч кандай жооп бербейм. Сындарга көнүп калдым. Иммунитетим бар, терим калың. Атактуу болгондон кийин аргасыз анын баарына көнөт экенсиң. Мени талкуулап жатышса, демек, мен алдыдамын. Чыгармачыл адам үчүн эң коркунучтуусу – ага эч кимдин кызыкпай калганы.

– Атаандаштык болбосо өнүгүү болбойт. Бул чөйрөдөгү кайсы бир адамга атаандашып, андан ашкан сулуу, популярдуу болууга, мыкты чыгармаларды жаратууга аракет кыласыңбы?

- Мен үйдүн жалгыз кызы болгондуктан кичинемден эле атаандашууну билбей чоңоюптурмун. “Баланчадан кыйын болушум керек, түкүнчөдөн татынакай кийинишим керек” деген ой менде жок. Шоу-бизнесте биринен-бири өткөн сулуу кыздар көп. Жакшы ырдаган, ырга табити күчтүү кыздар да бар. Ар бирибиздин күйөрмандарыбыз, өз ордубуз бар. Эч кимге атаандашпайм. Менин көз карашымда, атаандаштык – бул көрө албастык, ичи тардык. А мен ичи тар, көрө албастарды жаман көрөм. Андай болгум келбейт.

– Үй-бүлөлүү болгондон кийин жашооң кандай өзгөрдү?
- Мурда бардык маселемди өзүм чечсем, азыр таянар адамым бар. Ал кулап баратсам кармап калат, дайыма колдоп турат. Жашоом жакшы жакка өзгөрүп жатат. Мындан улам чыгармачылыгыма көп көңүл бурбай, жалкоо болуп баштадым окшойт. Азыр Нурланга толук ишенем.

– Ырчылыгыңа да Нурлан жакшы көмөктөшсө керек?
- Ооба, өзү ыр алып келип, “муну жаздырбайсыңбы, тигиндей кылбайсыңбы” деп сунуштап, алдыга сүрөп турат. Балким, Нурлан чыгармачыл инсан болбогондо ага да, мага да кыйын болмок.

– Эртеден бери сени менен фотосессия кылып жүрүп сабырдуу экениңди байкадым. Бул сапатың көп жерден жардам берсе керек?
- Сабырдуулук мага жакында эле келди. Мурда чыдамы жок болчумун. Оюма келген нерсени дароо жасап салууга жан талашчумун. Чоңойгон сайын сабырдуу болуп калат экенсиң. Жашоодо баары сен ойлогондой, каалагандай боло бербейт экен. Ошондуктан убакыттын өтүшү менен бул сапатка ээ болууга туура келди.

– Карыганда жашооңду кандай элестетесиң?
- Нурлан экөөбүз көп балалуу болгубуз келет. Мен үчүн эң негизгиси үй-бүлө. Ансыз жашоомду элестете албайм. Андыктан бекем үй-бүлөнү, көп неберелүү, чөбүрөлүү болуп, Нурлан экөөбүздүн аларды эркелетип, кылыктарына суктанып отурганыбызды элестетем.

– Кыялыңа жет! Маегиңе рахмат!
Перизат Музуратбекова
star@super.kg
 Кыстарылган видео 
"Атаандаштык бул - көрө албастык" дейт Асел Кадырбекова
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (15)
katerina.li
2019-12-09 09:10:00
Аселге эч ким кызыкпай калды окшойт . Лично мне она совсем неинтересна
-15
karona12
2019-12-09 15:07:08
katerina.li,Кызыкпасан неге кирип окуп атасын?
+10
Crokus
2019-12-12 16:53:01
katerina.li,элге не интересно сенин кызыгышын))
-2
loveless
2019-12-09 10:19:18
Эх адамдар бири бирибизди эч качан коро албайбыз Аселдин интервьюсун окуп анан кайра Аселдин мага эч кандай кызыгы жок деп комментарий жазгандарга тушунбойм.Эгерде анын жашоосу кызыктырбаса анын интервьюсун окуп эмне кереги бар.
+39
Supsuluu
2019-12-09 10:27:00
loveless,Ошентип жазайын деп аткам...
+5
Eli.91
2019-12-09 10:35:08
Эн бир туура жыл откон сайын озгоруп токтонуп калат экенсин озун эле. Бактылуу бол.
+18
Bulak25
2019-12-09 12:03:45
Негизи тыкан татынакай.
Бирок оозун ашыкча боёп алганын жактырбайм
+1
Bulak25
2019-12-09 12:05:13
Негизи тыкан татынакай.
Бирок оозун ашыкча боёп алганын жатырбайм.
0
Bulak25
2019-12-09 12:06:43
Негизи тыкан татынакай.
Бирок оозун ашыкча боёп алганын жактырбайм
0
Bulak25
2019-12-09 12:07:09
Бактылуу бол
+2
Tiken
2019-12-09 12:11:38
Токтолуп сабырдуу болгонун эн жакшы, жакшынын шарапаты болуп барган жерин жакшы болсо керек анан дагы сага жакшы мисал болуп окул энен дагы жакшы улгу болду го деген ой, экоонор тен назик жансынар. Бир гана пикирим балким Асел айымга жакпашы мумкун, ашыгы менен боенот. А калган учурда болеем за неё.
+8
Aselya_9105
2019-12-09 12:13:40
Негизи эле Асель бактылуу кыз. Эң жакшы, жөнөкөй адамдардын бүлөөсүнө туш келген. Кудай кут кылсын. Бизге да жуксун)) Баткылуу болгула Нурлан мырза менен.
+10
Nurik1988
2019-12-10 12:51:51
Бактылууу болгула
0
Gospozhatsetok
2019-12-10 21:05:15
Соонун маек болуптур.Ылайым кооп балалуу болуп,балдарын менен ыбырсып эле журо бер.
+1
muslima-0788
2019-12-12 21:56:50
Мультфильм кыз )))))))
-2
№ 892, 5-11 декабрь, 2019-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан