Жөө күлүк Дарья Маслова Токио-2020 Олимпиада оюндарына жолдомо утуп, Кыргызстан үчүн 5-лицензияны алып келди. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиги билдирет.
1-декабрда Дарья Маслова Испаниянын Валенсия шаарында өткөн эл аралык лицензиялык марафонго катышып, 2 саат 28 мүнөт 19 секунд убакытта марага жетти. Марафонго олимпиадалык норматив 2 саат 29 мүнөт 30 секундду түзөт. Ошентип спортчунун убактысы Токиодогу олимпиадалык оюндарына лицензиянын нормативин аткарууга мүмкүнчүлүк түздү.
Буга чейин Олимпиадага жолдомону суучул Денис Петрашов, жөө күлүк Юлия Андреева, балбандар Айсулуу Тыныбекова жана Атабек Азисбеков жеңишкен.
Гүлжан Асанкожоева
sport@super.kg