Жакында социалдык тармактарда күйөөсүнө “кийим абересиз” деп чырдап жаткан келиндин видеосу тараган. Видеону социалдык тармактарда бөлүшкөндөр көп болуп, келинге карата ар кандай терс жана оң комментарийлер жазылды. Интернетте талкууга түшкөн
Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарынын тургуну Ырысгүл Макситова менен байланыштык.
– Саламатсызбы, Ырысгүл айым? Сизди "таанымал" кылган окуя качан болду эле?
– Саламатчылык. Бул окуя ушул жылдын сентябрь айынын башында болгон. Окуя болгондун эртеси тойго бармакпыз. Суук түшүп калгандыктан күйөөмдөн тойго кийгенге жукараак жемпир алып берүүсүн өтүнгөм. Экөөбүз базарга барганбыз. Бирок базардан “кийим эле дей берет экенсиң” деп кыйкырып мени уят кылып, эч нерсе алып бербей койгон. Ошого ыза болуп, күйөөмө “мага кийим алып бересиз” деп айтып жатканда ал мени видеого тартып алыптыр. Байкаган эмесмин.
– Кийим алып бер деп көп айтчу белеңиз?
– Мен өспүрүм курактан баштап эле кыз киши өзүн карап, жакшынакай кийинип жүрүшү керек деген ойдомун. Аял өзүн сыйлап, сүйсө, аны башкалар да сыйлайт. Ал эми күйөө аялына ошондой шартты түзүп бериши керек. Турмушка чыга электе апама, эжелериме эркелеп каалаганымды кийчүмүн. Мактангандык эмес, бирок жакшынакай кийинип жүрсөм, көргөндөр “каяктан таап алгансың?” деп суктанышчу. Ошол сыяктуу эле мода менен кийинип жүргүм келди. Жолдошумдун ою боюнча, бир туфлини жайында да, күзүндө да, жазында да кийиш керек экен. Ошондуктан ага видеодо жайында баланча, күзүндө түкүнчө кийишим керек деп түшүндүрүп жаткам. Ага чейин “100 миң сом акчам болуп калса, алып берем” деп айткан. Акчасы болду. Аны менен элге мактанды. Бирок мага “көрүп жатасың го, акча болбой жатат” деп койду. Ошого капа болдум. – Жолдошуңуз кийим өңдүү муктаждыктарыңызды камсыз кылчу эмес беле?
– Такыр эч нерсе алып берген жок деп айтпайм. Жаңы үйлөнгөндө алып берчү. Кийин алып бербей калган. Тагдыр экен, аны менен 8 ай жашап ажыраштык. Ажырашуубуздун себеби башка. Чогуу жашаган учурда экөөбүздүн бактылуу күндөрүбүз да көп болду. Ал мага ушундай жорук жасаса деле мен аны азыр да сыйлайм. Анын бактылуу болушун гана каалайм. Эки жолго түшкөн болсок, демек, мен анын оюндагыдай аял эмес экенмин деп түшүнөм. Бирок жолдошумдун азыркы жубайына "сенин башыңа келгенде гана менин абалымды түшүнөсүң, бирөөнүн көз жашына бакыт кура албайсың" деп айткым келет. Мен жолдошума жакшы эле кызмат кылдым, балдарды жакшы карадым деп айта алам. Күйөөмдүн мурунку турмушунан 4 баласы бар. 2 баласы биз менен жашачу. Мен аларды жакшы көрөм. Азыр да сагынып жүрөм. 3-класстагы кичүү баласы биз ажырашкандан кийин 1 жума менин жанымда жүрүп кетти. Жаман аял болсом, балдар мага тартылбайт эле да.
– Ал видео кантип социалдык тармактарга жайылып кетти?
– Кантип тараганын билбейм. Жолдошум менин эжеме жана өзүнүн эжесине жөнөткөн экен. Мен эжемдин телефонунан көрүп калып, өчүрүп салгам. Кийин курбу кызым чалып, бул видео социалдык тармактарга тарап кеткенин айтты. Карасам, YouTube'да жүрүптүр. Мен социалдык тармактардын айрымдарын эле колдоном. Ошол себептүү башка сайттарды караган жокмун. Видеонун элге чыгып кеткенин көрүп өзүмдү жоготуп койдум. Баарынан да куудулдардын мени тамашанын каарманына айлантканы капа кылып жатат. Мындан тамаша жасоону токтотууларын суранам.
– Күйөөңүздү кечире аласызбы?
– Күйөөмдүн видеого тартып алганынын өзү туура эмес. Ким аялын ошентип уят кылсын? Видео тарап кеткенге чейин эле тартып алганы үчүн кечирим сураган. Мен бул кылыгын кечире албайм. Ишенген, эң жакын адамым мага ушуну кылса, душмандын колунан эмне келет, билбейм. Кайсы күнөөм үчүн башыма ушундай күндөр келди, түшүнбөйм. Кандай болгон күндө да мен жолдошумду сотко берейин деген оюм жок.
– Талкууларга көңүл бурбай коё аласызбы?
– Азыр эмне кыларымды билбей калдым. Ал видео тууралуу унутуп коюп жашоомду улайын дейм. Бирок колумдан келбей жатат. Кыйын экен. Дос, туугандарым “капа болбо. Сен ал жакта жылаңач эмессиң, уят иш кылып видеого тартылып калган жоксуң” деп жоошутуп жатышат. Бирок видеону көргөндөр мен тууралуу жаман ойдо калышты. Муну ойлоп көчөгө чыга албай калдым. Мен эле эмес, эжелериме да катуу тийди. Эки жакка чыгышса эле видеону көрсөтүп, “сенин сиңдиңби?” деп сурап жатышыптыр. Комментарийлерден “бул аял жети баштуу жылан чыгыптыр го” дегенди окуп жатам. Жаман комментарий жазгандарга “эч нерсеге кепилдик жок. Эч ким эртең эмне болорун билбейт. Абайлап сүйлөгүлө” дегим келет. Азыр меникиндей абалды душманыма да каалабайм. Апам жакында каза болгон. Ал күйүттөн чыга электе ушундай абалга кабылып, кыйналып калдым.
– Көп ойлонбоңуз, баары ордуна келет!
Перизат Музуратбекова
koom@super.kg