КОЙ (21.03-20.04)
Тиричилик маселеси көп чыгып, маанай суз болот. Бир иш-чараны уюштуруу милдети жүктөлүшү мүмкүн. Өрт кырсыгынын алдын алып от жагуучу мештин абалын текшериңиз.БУКАЧАР (21.04-20.05)
Айрымдар сыйлыкка татыйт. Шашылыш чечим кабыл алуучу окуя чыгат. Достор чөйрөсүндө болуу сиз каалаган эмоцияны тартуулабайт, анткени өз ара түшүнбөстүктөн чыр жаралат.
ЭГИЗДЕР (21.05-21.06)
Иште сиздин дарекке сындар айтылат. Бойдоктор көп ойлонбой туруп келечеги күмөн сүйүү романын башташат. Үйдө баарына оор тийүүчү мурас маселеси талкууланат.
БӨЙӨН (22.06-22.07)
Достордун айткан кеңештеринин баарын туура деп кабыл ала бербеңиз, зыяны тийчүсү да бар. Балдар бир топ түйшүккө салат. Аларды кысымга албай акырын тилин табуу керек.
АРСТАН (23.07-23.08)
Баарын жүрөгүнө жакын кабыл ала берген адамдар менен абайлап сүйлөшпөсөңүз, уруш чыгат. Кимдир бирөө белеги менен кубантат. Шашылыш иш менен сапарга чыгасыз.
БИЙКЕЧ (24.08-23.09)
Жоголду деген буюмуңуз табылат. Сүйүктүү адамыңыз камкордукка чулгайт. Соода менен алектенгендер шериктерине ишеним артпай, баарын өздөрү эсептеөлөрү кажет.
ТАРАЗА (24.09-23.10)
Пайдасы тийбей турган тааныштарга убакыт коротпоңуз. Иште ишенген адамыңыз сизди колдобой коюп таң калтырат. Жаман айтпаңыз, кезек бат эле келет. Жаңы буюмдуу болосуз.
ЧАЯН (24.10-22.11)
Иштериңиз кыйынчылыксыз бүтөт. Бир окуядан улам эркиндигиңизди чектегиси келгендер чыгат, моюн бербеңиз. Балдарга арнап белек аласыз. Туугандар конокко чакырат.
ЖААЧЫ (23.11-21.12)
Туугандар ортосунда чыккан маселе мамилелерди салкындатат. Акча тартыштыгынан пландалган жерлерге барбай калууңуз мүмкүн. Балдар ийгиликтери менен кубантат.
ТЕКЕЧЕР (22.12-20.01)
Аптада бирөөлөргө жардамдашып, акчага ээ болосуз. Пайдалуу маалыматтарды угасыз. Буга чейин сизге сый көрсөтүп келген туугандарды чакырып чай берүүгө туура келет.
СУУ КУЯР (21.01-19.02)
Апта жагымдуу сюрприздерди тартуулайт. Кичүүлөргө терс таасир этүүчү жаман адаттардан кутулууга киришиңиз. Кеченин коногу болууңуз күтүлүүдө.
БАЛЫК (20.02-20.03)
Киреше кирет. Бирок майда-баратка, көңүл ачууга көп акча коротпоңуз. Бойдокторго жолугушуп жүргөн адамы жакшы маанай тартуулайт. Айттырбай келген досторду сыйлайсыз.